Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги 7 сессиясынын
2024-жыл 05-сентябры №7/10
Жергиликтүү бюджеттен Сафед-Булан айылындагы Октябрь орто мектебинин имаратынын эшик, терезелерин жаңылоо үчүн акча каражатын бөлүүп берүү жөнүндө
Сафед-Булан айылындагы Октябрь орто мектебинин имаратынын эшик, терезелерин эскилиги жеткендиги үчүн, жаңылоо максатында жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сафед-Булан айылындагы Октябрь орто мектебинин имаратынын эскилиги жеткен эшик, терезелерин жаңылоо үчүн республикалык бюджеттин үлүштүк (дем берүүчү) грантынын эсебинен 3 000 000 (үч миллион) миллион сомдук долбоорго ылайык Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 980439 (тогуз жүз сексен миң төрт жүз отуз тогуз) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүп берүлүүчү акча каражатын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтом “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын рестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Т. Хамракулов |