Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 3-сессиясы
2025-жылдын 3-февралындагы №3/7
Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Ак-Тилек жаңы конушунун башкы планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына ылайык Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңеши, ТОКТОМ кылат:
1. Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Ак-Тилек жаңы конушунун башкы планына өзгөртүү, толуктоо киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Ак-Тилек жаңы конушуна социалдык объектилерди куруу үчүн зарыл чаралар көрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеӊештин төрагасы |
Б. Кемелов |