Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги 7 сессиясынын
2024-жыл 05-сентябры №7/11
Баястан айылындагы жаңы курулуучу кичүү футбол аянтчасынын долбоорун райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө
Баястан айылындагы жаңы курулуучу кичүү футбол аянтчасынын долбоорун райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо максатында, Т.Балтагулов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Баястан айылында курулуучу кичүү футбол аянтчасынын долбоорун Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоого макулдук берилсин.
2. Токтомго тиешелүү документтерди тактап берүү айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын рестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Т. Хамракулов |