Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги 7 сессиясынын
2024-жыл 05-сентябры №7/12
Т.Балтагулов айыл аймагынын “Жаңгакзар” участкасына скважина казып чыгаруу долбоорун Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө
Т.Балтагулов айыл аймагында социалдык-экономиканысын өнүктүрүү, аймакта сугат суу тартыштыгын алдын алуу жана дыйкандардын талаптарын эске алып, Т.Балтагулов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Балтагулов айыл аймагынын “Жаңакзар” участкасына скважина казып чыгаруу долбоору Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2.Токтомго тиешелүү документтерин тактап берүү айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын рестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын жүктөлсүн.
Төрага: | Т. Хамракулов |