Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-январы № 12
Кишемиш-Шурап таза суу линиясын айыл өкмөтүнүн
балансына кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 29-беренесин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомунун 6-пунктунун биринчи пунктчасына ылайык Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировдун билдирүүсүн каралып жана талкуулап чыгып айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы токтом кылат:
1.Кишемиш-Шурап таза суу линиясы Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр жана Уч-Дөбө айылдарынын ичинен өткөн 500 диаметриндеги темир труба узундугу 4000 п/метр. Кишемиш-Шурап таза суу линиясынын трубасы Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
2.Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, финансы бюджет жана социалдык- экономикалык өнүгүү, муниципалдык менчик, инвестиция тартуу, муниципалдык жана коомдук транспортту камсыз кылуу, ичүүчү суу, тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жана комиссия төрагасы К.Эшмурзаевге жүктөлсүн.
3.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Исманов |