Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-январы № 14
Ак-Татыр айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 6-декабрындагы №01-25/330-буйругу менен бекитилген регламентин жетекчиликке алуу менен төраганын орун басарына көрсөтүлгөн сунуштарды карап чыгып айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IVсессиясы токтом кылат:
1.Ак-Татыр айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын, ачык шайлоонун негинде, Ак-Татыр айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп Мажитова Максатай Исакбаевна бекитилди.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
3.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Исманов |