Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-январы № 15
Ак-Татыр айылдык кеңешинин туруктуу комиссиянын аттарын өзгөртүү жана курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 6-декабрындагы №01-25/330-буйругу менен бекитилген регламентин жетекчиликке алуу менен айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IVсессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 6-декабрындагы №01-25/330-буйругу менен бекитилген регламентине ылайык туруктуу комиссиянын аттары өзгөртүлсүн жана төмөнкүдөй курамы бекитилсин.
1.1. Финансы бюджет жана социалдык- экономикалык өнүгүү, муниципалдык менчик, инвестиция тартуу, муниципалдык жана коомдук транспортту камсыз кылуу, ичүүчү суу, тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссия.
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Ээлеген орду | Билими | Иштеген жери |
1 | Эшмурзаев Курбанбек | Комиссиянын төрагасы | Жогорку | Пенсионер |
2 | Имамназаров Аскар | Комиссиянын мүчөсү | Атайын орто | ишкер |
3 | Кулмурзаев Абдимажит | Комиссиянын мүчөсү | Орто | Жеке ишкер |
4 | Аджибаева Айсалкын | Комиссиянын катчысы | Жогорку | Рават мектеп мугалим |
5 | Атаханова Маидахан | Комиссиянын мүчөсү | Жогорку | Дарыгерлик борборунун башчысы |
1.2.Айыл чарба, арго өнөр жайы, жер пайдалануу Өрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана Өрежелерин сактоо, жайыт жерлерин пайдалануу жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссия.
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Ээлеген орду | Билими | Иштеген жери |
1 | Жапарова Айымбасар | Комиссиянын мүчөсү | Атайын орто | Балажан балдар бакчасы |
2 | Халмурзаев Муктарали | Комиссиянын төрагасы | Орто | Жеке ишкер |
3 | Маматов Өмүрбек | Комиссиянын катчысы | Жогорку | Рават мектеп мугалими |
4 | Матмуратов Эсенали | Комиссиянын мүчөсү | Орто | Жеке ишкер |
5 |
|
|
|
|
1.3.Маданий маселелер, коомдук уюмдар менен иштөө, маалымдуулук, социалдык коргоо, балдар жана жаштар, массалык спортту өнүктүрүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссия.
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Ээлеген орду | Билими | Иштеген жери |
1 | Мамажунусова Мухуда | Комиссиянын төрайымы | Жогорку | Т.Садыков мугалими |
2 | Темиров Акжол | Комиссиянын катчысы | Орто | Жеке ишкер |
3 | Досматов Байыш | Комиссиянын мүчөсү | Атайын орто | РЭС кызматкери |
4 |
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
1.4.Мыйзамдуулук, укук, тартип чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык Өтика жана мандат, коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча туруктуу комиссия.
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Ээлеген орду | Билими | Иштеген жери |
1 | Амирбек уулу Алтынбек | Комиссиянын төрагасы | Орто | РЭС кызматкери |
2 | Нишанова Бахтыгуль | Комиссиянын мүчөсү | Атайын орто | ФАП- мед айым |
3 | Даабеков Сайтбурхан | Комиссиянын мүчөсү | Атайын орто | Ишкер |
4 | Турдукулов Алимкул | Комиссиянын мүчөсү | Орто | Жеке ишкер |
5 |
|
|
|
|
2.Ушул токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, өзүмө калтырам.
4.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Исманов |