Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН I СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2024-жылдын 27-ноябры № 2
Ош шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 40-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаардык Кеңешинин төрагасы болуп Баетов Болотбек Талайбекович шайланды деп эсептелсин.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3.Токтом кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Абдыраимовго жүктөлсүн.
Сессиянын төрагасы | Ж.А. Ормонова |