Загрузка документа…
| Нарзан айылдык кеңешинин 2025-ж 17.01. № 13 токтому менен бекитилген |
Нарзан айыл аймагында “Коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү” жергиликтүү
маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө
№ 17 ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Нарзан айылаймагында “Коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги аталган маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
3. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
4. “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына;
5. “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
6. Кыргыз Республикасынын укуктук тартипти сактоо боюнча кошуундар жөнүндө жобого (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 231 токтому менен бекитилген);
7. Ыктыярдуу элдик кошуундар жөнүндө жобого (Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-июнундагы № 66 декрети менен бекитилген);
8. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
3. “Коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында бекитилген.
4. Ушул Жободо төмөнкү негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
элдик кошуун – ички иштер органдары жана башка укук коргоо органдары, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аркеттенишүү аркылуу ишке ашрылуучу жарандардын укук бузууларын алдын алууга жана коомдук тартипти сактоого катышуу формасы;
жарандардын коомдук тартипти сактоого катышуусу – коомдук жерлерде жасалуучу кылмыштуу жана башка укукка каршы кол салуулардан адамдын өмүрүн, ден соолугун, абийирин, кадыр баркын, коомдун жана мамлекеттин менчигин жана кызыкчылыгын коргоо максатында жарандардын ички иштер органдарына жардам көрсөтүүсү;
элдик кошуунчу – элдик кошуундун мүчөсү жана анын курамында коомдук тартипти сактоого катышуучу.
II. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын
максаттары жана милдеттери
5. Нарзан айыл аймагынын (мындан ары – Айыл аймагы) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча иши төмөнкү максатка жетүүгө багытталган:
- жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого;
- Айыл аймагынын коомдук тартибин сактоого.
6. Айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
- Айыл аймагынын коомдук тартибин сактоодо ички иштер органдарына көмөктөшүү;
- коомдук тартипти сактоого катышуучу жарандарга жана алардын бирикмелерине колдоо көрсөтүү;
- элдик кошуундардын ишине шарттарды түзүү;
- элдик кошуундардын ишин материалдык жактан демилгелөө.
III. Нарзан айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын
функциялары
7. Нарзан айыл өкмөтүнүн функциялары:
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- Айыл аймагында коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү боюнча программалардын долбоорлорун Айылдык кеңеште бекитүү үчүн иштеп чыгат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна берет;
- Айыл аймагында тартипти сактоо боюнча элдик кошуундардын ишинин тартибин иштеп чыгат;
- Айыл аймагында коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү боюнча муниципалдык саясаттын негизги багыттарын иштеп чыгат.
аткаруу жана колдоо функциялары
- Айыл аймагынын элдик кошуундарынын реестрин жүргүзөт;
- элдик кошуундарды жетектөө жана контролдоо боюнча ыкчам штаб уюштурут;
- Айыл аймагындагы элдик кошуундарды жетектөөнү ишке ашырат, алардын ишин уюштурат;
- кошуундарды бекемдөө жана калктын мыкты өкүлдөрүн кошуундун катарына тартуу чараларын кабыл алат;
- Айыл аймагындагы элдик кошуундарды материалдык-техникалык камсыздоону ишке ашырат;
- Айыл аймагында коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү боюнча иш-чараларды каржылоону ишке ашырат;
- элдик кошуундардын мүчөлөрүн сыйлоо чараларын кабыл алат.
контроль жана көзөмөл функциялары
- Айыл аймагындагы элдик кошуундардын ишине контроль жүргүзөт;
- Айыл аймагында коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү боюнча программаларды аткарууга контроль жүргүзөт;
- жергиликтүү маанидеги ушул маселе боюнча милдеттерди аткарууга бөлүнүүчү каржы ресурстарынын рационалдуу, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышына контроль жүргүзөт;
- Айыл аймагында коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү боюнча белгиленген эрежелердин жана ченемдердин сакталышына контроль жүргүзөт.
8. Нарзан айылдык кеңешинин функциялары
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- Айыл аймагында коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү боюнча программалардын долбоорун бекитет;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди бекитет;
- Айыл аймагында коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү боюнча элдик кошуундардын тартибин бекитет;
- Айыл аймагында коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү боюнча муниципалдык саясаттын негизги багыттарын бекитет.
контроль жана көзөмөл функциялары
- Нарзан айыл өкмөтүнө жүктөлгөн жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча функциялардын аткарылышына контроль жүргүзөт.
IV. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын
мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аркеттенишүүсү
9. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат:
- Нарзан райондук мамлекеттик администрациясы;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин органдары;
- Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары ж.б.
10. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдар менен активдүү өз ара аракеттенишет.
V. “Коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү” жергиликтүү маанидеги маселени
ишке ашырууну каржылоо
11. Жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
а) Нарзан айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) юридикалык жана жеке жактардын кайтарымсыз берилген каражаттарынын;
в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөткөн кызматтардан жана иштерден түшкөн кирешелердин
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардын.
VI. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын
жоопкерчилиги
12. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, анын кызмат адамдары ушул Жободо каралган жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти алып жүрөт