Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-январы № 19
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр жана Уч-Дөбө айылдарынын ички каналын, сугат суу насостору менен насостун трубаларын жана трансформаторлорун өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 29-беренесин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомунун 6-пунктунун биринчи пунктчасына ылайык Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы токтом кылат:
1.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу Ак-Татыр жана Уч-Дөбө айылынын ички каналынын узундугу 5400 метр, Ак-Татыр айылында Аэропорт жерлигинде сугат суу насосу менен насостун трубасы узундугу 890 п/метр жана Ак-Татыр айылынын сугат суу насостун трубасынын узундугу 520 п/метр жана эки насостун трансформаторлору, Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
4.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Исманов |