Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-январы № 12
Жер участокторун которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексине” Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде, , “Кыргызмамжердолбоорлоо”жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын 2025-жылдын 31-январындагы №01-13/186 сандуу катынын негизинде, жалпы аянты 0,06 га жер аянтын которууга айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы токтом кылат:
1.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган №4604-контурундагы жер аянты калктуу конуштар астындагы жер, жалпы 0,06 га жер аянтын, “Калктуу конуштун жерлери” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуштурууга (трансформацияга) макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун негизинде тийиштүү иш кагаздарын ишке ашырып берүү жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссия төрагасы М.Халмурзаевге жүктөлсүн.
5.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Исманов |