Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-январы № 23
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагында турак жай үйлөргө 2025-2027- жылга салыктын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесинин 14-пунктуна Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379-380-беренелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенине ылайык, 55-глава. Мүлк салыгы боюнча жеңилдиктер жана бошотуу, 409-беренеси “Имарат, курулмага жайга, автотранспорт каражатына мүлк салыгы боюнча жеңилдиктер” жана 79-статьясына ылайык, 2022-жылдын 18-январындагы №2 Мыйзамынын 16-главасынын 78-беренесине ылайык “Жергиликтүү кеңештер бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жаатында” айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировдун билдирүүсүн угуп карап талкуулап чыгып айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы токтом кылат:
1.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн мүлк салыгы боюнча 2025-2027-жылга карата курулуштун бир чарчы метр аянтына салыктын өлчөмү 8 сом 50 тыйын болуп бекитилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, финансы бюджет жана социалдык- экономикалык өнүгүү, муниципалдык менчик, инвестиция тартуу, муниципалдык жана коомдук транспортту камсыз кылуу, ичүүчү суу, тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссия төрагасы К.Эшмурзаевге жүктөлсүн.
4.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Исманов |