Тогуз-Булак айылдык Кенешинин 8-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
2025-жылдын 20-январы № 1
“Тогуз-Булак айылдык Кеңешине, айыл өкмөтүнө жарандардан жана мекеме ишканалардан келип түшкөн арыз, сунуштарды кароо жөнүндө
Тогуз-Булак айылдык кенешинин 8-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айыл өкмөтүнүн аймагында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу жана калкка сервистик тейлөө көрсөтүү максатында, Лейлек РИИБ нүн Катраң аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлерине Миң-Жыгач айылынын борборунан, жергиликтүү милиция бөлүмүнүн имаратын курууга 800,0 кв.м жер ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
- Кара-Булак №4 ҮБДТ нун имаратынын айланасын тосууга каражат сураган кайрылуусу, айылдын инфраструктурасын көтөрүүгө каралган каражаттан каралсын.
- Миң-Жыгач айылдык Маданият үйүнө музыкалык аппараттарды алуу боюнча кайрылуусуна- 100,0 м.с бөлүнүп берилсин.
- Айылдык ден соолук комитеттерине, тонометр ж.б керек жарактарды алуу боюнча кайрылуусуна каражат каралып берилсин.
- Арча-Бешик айылындагы ФАП тун айланасын тосууга каражат сураган кайрылуусу, айылдын инфраструктурасын көтөрүүгө каралган каражаттан каралсын .
- Кара-Булак айылынын Манас-1000 көчөсүнө кум шагыл төшөө жана түнкү жарыктандыруу орнотуу боюнча тургундардын кайрылуусу, айыл өкмөтү боюнча айылдардын көчөлөрүнө кум шагыл төшөөдө жана түнкү жарыктандырууларды орнотууда, оңдоп чыгууда каралсын.
- Алтын-Бешик балдардын эс алуу лагеринин оңдоо жаңылоо иштерине айыл өкмөтүнөн 200,0 м.с сураган кайрылуусу, мыйзамсыз болгондуктан каралбасын.
- “Нур” МЧББМ синин тарбиялдануучулар үчүн саябан куруу жана таза суу түтүгүн киргизип берүү боюнча кайрылуусу,
Таза суу түтүгүн киргизип берүү Тегирменти таза суу ИСКАКБ нин
жетекчиси А.Сатыкуловго милдеттендирилет.
- Аялдар Кеңешинин жылдык иш чараларын өткөрүүгө 70,0 м.с берилсин.
- Миң-Жыгач айылынын Човот көчөсүнүн жашоочуларынын, сугат сууну Тогуз-Булак айылынын сугат суу түтүгүнө өзүнчө винтиль коюп кошуп берүү боюнча кайрылуусу, коомдук угууларда чечилсин.
- Кара-Булак орто мектебинин кызматтык үйүнүн чатырын алмаштырууга 251,8 м.с каралсын.
- Кара-Булак орто мектебинин кызматтык үйүнүн муниципалдык менчикке каттоого жана жерин тактоого, курамы муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянан, Кара-Булак айылдык депуттарынан, айыл өкмөтүнөн, Кадастр мекемесинин кызматкерлеринен болуп комиссия түзүлсүн жана мыйзам чегинде жерин тактоо иштерин жүргүзүшсүн.
- Аярым МЧББМ нин жылуулук системасын алмаштырууга донорлорду издөө жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Ак-тайлак Айбике ИСКАКБ нин таза сууга болгон кызмат көрсөтүүсүнө жан башына тариф 20 сомдон бекитилсин. Ак тайлактагы булактын айланасын тосууга ж.б иштерине , резервуарды тазалоого колдоо катары 250,0 м.с берилсин.
- Жеке ишкерлик ишканаларын ачууга жер сураган Бозогүл айылынан Джумаева Роза, Айбике айылынан Разыков Адыл Кекире уч. Тогуз-Булак айылынан Абдибасит у Баяман Ош Раззаков чоң жолунун боюнан жана Кара-Булак айылынан Ормонов Борубек Дөң участкасынан 1000,0 кв. м жер.
Жогоруда жарандар сураган жерлерди жайыт жерлер категориясынан өнөр
жай ишканаларын ачуу багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
1) Бөзөгүл а. Бөзөгүл участкасынан-
2) Айбике а. Кекире участкасынан
3) Тогуз-Булак айылындагы Ош Раззаков чоң жолунун боюндагы жерлер
4) Кара-Булак а.Дөн участкасы
- Кутурма оорусунун жана башка жугуштуу ооруулардын алдын алуу максатында, айыл өкмөтүнүн аймагында карышкыр, чөө бөрү жана бөлтүрүк аткан мергенчилерге төмөнкүдөй акча каражаты, айыл өкмөтүнөн сыйлык катары берилсин.
1) Чоң карышкырга- 8000 (сегиз миң) сом
2) Чөө бөрүгө-3000 (үч миң) сом
3) Бөлтүрүкө-3000 (үч миң) сом
- Айыл өкмөтүнүн аймагында онкологиялык оорулар жана кургак учук менен ооруган атуулдарга, ҮБТ борборунун жолдомо катынын негизинде, 10 000 (он миң) сом дарылануусуна жана жол киресине соц.жардам катары берилсин. Ошондой эле айыл өкмөтүнөн социалдык жардам сурап кайрылган атуулдарга, муктаждыгына карай, атайын комиссия тарабынан аныкталып, 3000 сомдон 10 000 сомго чейинки аралыкта жардам берилсин.
- Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн ЖПБ нин кошумча чарбасына колдоо катары берилген жерден түшкөн арпасын калкка сатууга жана УТО тракторунун кошумча шаймандары менен ижарага берүүгө төмөнкүдөй баа бекитилсин
1) 1 кг арпага 20 сом
2) УТО тракторун кошумча шаймандары менен 1 жылга ижарага берүү 70 000 (жетимиш миң) сом. Трактордун кошумча оңдоп түзөө иштери жана майлоочу, күйүүчү майлар менен камсыздоо жагы ижарачыга жүктөлсүн.
- Афган согушунун ардагери Э.Кудайбердиевге көп жылдык үзүрлүү эмгегин эске алып жана Афганистандан Совет жоокерлеринин чыгарылгандыгынын 36 жылдыгына карата 10 000 (он миң) сом сыйлык менен сыйлансын.
- Айылдык Кеңештин депутаты Ы.Жоробаевке катуу ооруп жаткандыгына байланыштуу 10 000 (он миң) сом социалдык жардам катары берилсин.
- Ай-Көл айылынын тургуну О.Каримовго айыл чарба кооперативин түзүүгө макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.