Загрузка документа…
2025-жылдын 20-январы № 3
2025-2027-жылдарга карата Тогуз-Булак айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, айылдык кеңештин бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Тогуз-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-2027-жылдарга карата Тогуз-Булак айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Программада камтылган иш-чарлардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Рахмановго тапшырылсын.
3. Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Тогуз-Булак айылдык кеңешинин бюджет,экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Ражапов |