Редакцияот 18.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 18-декабры № 2640-VII

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары кызмат ордуна Д.Дж.Амангельдиевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 80-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктун жана 90-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацын, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 16-декабрындагы ПЖ № 359 Жарлыгын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары кызмат ордуна Амангельдиев Данияр Джолдошевичти дайындоого макулдук берилсин.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Н.Т. Шакиев