Сравнение редакций…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН I СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2024-жылдын 27-ноябры № 5
Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 29-августундагы Элдик Курултайды чакыруу жөнүндөгү Жарлыгынын негизинде, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.2024-жылдын 7-декабрында саат 10-00дө Ош шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйыны өткөрүлсүн.
2.Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын саны 300 деп белгиленсин.
3.Өкүлчүлүктүү жыйындын күн тартибине төмөнкү маселе киргизилсин:
1.2024-жылдын 20-декабрында өтө турган Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо.
4.Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы бекитилсин (тиркеме 1).
5.Муниципалдык аймактык башкармалыктарда жана Жапалак, Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыктарында Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынына өкүлдөрдү шайлоо боюнча чогулуштарды өткөрүүнүн графиги, өкүлчүлүк чени жана чогулуштарды алып бара турган депутаттардын тизмеси бекитилсин (тиркеме 2).
6.Ош шаарынын мэриясына (Жетигенов Б.Ж.) Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынына өкүлдөрдү шайлоо жана аны өткөрүү боюнча уюштуруу иштерин камсыздоо милдеттендирилсин.
7.Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
8.Токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
9.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Абдыраимовго жүктөлсүн.
Төрага | Б.Т.Баетов |
| Ош шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы № 5 токтомуна 1-тиркеме |
Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынын
уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
1. | Баетов Болотбек Талайбекович | Ош шаардык Кеңешинин төрагасы, жумушчу топтун башчысы |
2. | Абдыраимов Ильяс Эшмамбетович | Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси, жумушчу топтун катчысы |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
3. | Толубаев Замирбек Бостонбаевич | Ош шаардык Кеңешинин депутаты |
4. | Эргешов Алымбек Калмурзаевч | Ош шаардык Кеңешинин депутаты |
5. | Абдырахман уулу Кутманалы | Ош шаардык Кеңешинин депутаты |
6. | Омурзаков Алымбек Замирбекович | Ош шаардык Кеңешинин депутаты |
7. | Шайиев Кушбак Искендерович | Ош шаардык Кеңешинин депутаты |
8. | Кубатбек уулу Азат | Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси |
9. | Арзыкулов Өмүрали Абдибалиевич | Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы |
10. | Нурматова Гүлүмкан Чокойевна | Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси |
11. | Жолдошева Мыскал Шакировна | Ош шаардык Кеңешинин уюштуруу иштери жана ТДКнын ишин координациялоо бөлүмүнүн адиси |
12. | Исмаилова Жумакан Аматахуновна | “Курултай” демилгечи тобунун мүчөсү |
13. | Толубаева Сапаргүл Сатыбалдыевна | “Курултай” демилгечи тобунун мүчөсү |
14. | Баргибаева Назгүл Муктаровна | “Курултай” демилгечи тобунун мүчөсү |
15. | Шамшиева Кыздаркан Сейитматовна | “Курултай” демилгечи тобунун мүчөсү |
16. | Абдалимова Гульжараханым | “Курултай” демилгечи тобунун мүчөсү |
17. | Сатыбалдиева Алимкан Узекеевна | “Курултай” демилгечи тобунун мүчөсү |
18. | Чымынтаева Калбу Базаровна | “Курултай” демилгечи тобунун мүчөсү |
19. | Кыдыров Калтарбек Абдыкадырович | “Курултай” демилгечи тобунун мүчөсү |
20. | Ураимов Шерали | “Курултай” демилгечи тобунун мүчөсү |
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
И.Э.Абдыраимов |
| Ош шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы № 5 токтомуна 2-тиркеме |
Муниципалдык аймактык башкармалыктарда жана Жапалак, Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыктарында Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынына өкүлдөрдү шайлоо боюнча чогулуштарды өткөрүүнүн графиги, өкүлчүлүк ченеми жана чогулуштарды алып бара турган депутаттардын
ТИЗМЕСИ
№ | Муниципалдык аймактык башкармалыктар | Өткөрүү датасы, орду жана убактысы | Өкүлдөр-дүн өкүлчүлүк ченеми | Чогулуштарга катыша турган депутаттардын тизмеси |
1. | “Алымбек Датка” | 04.12.2024-ж. Х.Абдуллаев атындагы мектеп, саат 15-00 | 28 | Бакир у.Ш., Салиева А.А., Айтбаев А.К., Исамова Х.А. |
2. | “Сулайман-Тоо” | 04.12.2024-ж. Рудаки атындагы мектеп, саат 15-00 | 40 | Баетов Б.Т., Джураев Ж.Д., Чилова З.А., Ормонова Ж.А., Майлиев И.К., Эркинов М.Т. |
3. | “Керме-Тоо” | 04.12.2024-ж. Т.Алтыбаев атындагы мектеп, саат 15-00 | 34 | Абдырахман у.К., Ашиман к.А., Максутова Ж.Ж., Канат у.У., Исаева Г.Н., Камалов А.К., Бекташева Г.Р., Акматов Н.О. |
4. | “Манас-Ата” | 04.12.2024-ж Барпы атындагы мектеп, саат 15-00 | 41 | Тентимишова А.К., Исаев Т.Б., Ибрагимов Дж.А., Ыдырысова Ч.О., Обозов М.А. |
5. | “Жибек Жолу” | 04.12.2024-ж. №47-мектеп, саат 15-00 | 35 | Маматов М.А., Толубаев З.Б., Белекбаев М.А., Сурапбаев А.К.,Тургунбаев А.Т.,Урманбетов А.У. |
6. | “Курманжан-Датка” | 04.12.2024-ж. А.Навои атындагы мектеп, саат 15-00 | 40 | Шайиев К.И., Кулдышева Г.К., Абдыманапов М.А., Калыкбердиев Д.М., Абдрахманов И.Ж., Абдилда у.Э. |
7. | “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгы | 04.12.2024-ж. Жапалак маданият үйү, саат 15-00 | 25 | Нурбаев Н.М., Нуранов Ш.Ш., Арзибаев Б.О., Усөнов Б.Н., Эргешов А.К., Ыктыярбек у.У. |
8. | Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгы | 04.12.2024-ж. Кызыл-Кыштак ААБнын жыйындар залы, саат 15-00 | 31 | Омурзаков А.З., Рахманова Д.Д., Маматалиев А.М, Мирабитова Д.Б.,Айтматов А.Б. |
9. | Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгы | 04.12.2024-ж. Пушкин атындагы мектеп, саат 15-00 | 26 | Кожоев Э.К., Каримов И.К., Тогузакова А.А., Сатывалдыева Г.К., Жоробаев Ж.Т. |
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
И.Э.Абдыраимов |