Сравнение редакций…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН III СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2024-жылдын 25-декабря № 8
Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкесин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Ош шаарынын мэринин орун басары З.Юсуповдун Ош шаарынын А.Мамыров көчөсүнүн №99 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 68350,0 чарчы метр муниципалдык жер тилкесин Ош мамлекеттик университетинин пайдалануусу үчүн мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2024-жылдын 17-декабрындагы №7 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарынын А.Мамыров көчөсүнүн №99 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 68350,0 чарчы метр муниципалдык жер тилкесин Ош мамлекеттик университетинин пайдалануусу үчүн мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Аталган даректеги жер тилкесине курулуучу спорт комплексинде Ош мамлекеттик университети тарабынан төмөнкү иш-чаралардын акысыз өтүүсүнө шарт түзүү жагы каралсын:
- жеңил атлетиканын чуркоо түрү боюнча Ош шаарындагы спортчулардын машыгууларына;
- шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын окуусуна;
- шаардык денгээлде уюштурулуучу спорттук иш-чаралардын өтүүсүнө;
- кыз-келиндер арасындагы футбол машыгууларынын өтүүсүнө.
3. Ош шаарынын мэриясы (Б.Жетигенов):
-ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн муниципалдык менчиктеги жер тилкесин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү;
-ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн талаптардын мыйзамда белгиленген тартипте аткарылышын көзөмөлгө алуу милдеттендирилсин.
4.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
5. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Т.Баетов |