ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН III СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2024-жылдын 25-декабры № 10
Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын төрагаларын бекитүү жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, шаардык Кеңештин туруктуу депутаттык комиссияларынын 2024-жылдын 17, 18, 19, 20 жана 23-декабрь күндөрү өткөрүлгөн отурумдарынын чечимдерин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаардык Кеңешинин “Бир бол” депутаттык фракциясынын мүчөсү Шайиев Кушбак Искендерович шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы болуп бекитилсин.
2. Ош шаардык Кеңешинин “Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынын мүчөсү Бакир уулу Шахназар шаардык Кеңештин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы болуп бекитилсин.
3. Ош шаардык Кеңешинин “Ынтымак” депутаттык фракциясынын мүчөсү Тургунбаев Азамат Талантбекович шаардык Кеңештин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы болуп бекитилсин.
4. Ош шаардык Кеңешинин “Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынын мүчөсү Тентимишова Акмарал Камчыбековна шаардык Кеңештин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрайымы болуп бекитилсин.
5. Ош шаардык Кеңешинин “Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынын мүчөсү Исаев Темирбек Байдылдаевич шаардык Кеңештин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы болуп бекитилсин.
6. Ош шаардык Кеңешинин “Ынтымак” депутаттык фракциясынын мүчөсү Сурапбаев Азизбек Каримжанович шаардык Кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы болуп бекитилсин.
7.Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
8.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
9.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Абдыраимовго жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Б.Т.Баетов |