Загрузка документа…
| Нарзан айылдык кеңешинин 2025-ж 17.01. № 13 токтому менен бекитилген |
Нарзан айыл аймагында “Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-
чараларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу” жергиликтүү маанидеги маселени
ишке ашыруу тартиби жөнүндө
№ 19 ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Нарзан айыл аймагында “Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги аталган маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук негиздерди аныктайт.
2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
3. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине;
4. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
5. “Маданият жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
6. “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
7. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
3. “Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жергиликүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген.
4. Ушул Жободо төмөнкү негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
активдүү жаштар - өздөрүнүн демилгелерин коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарында жүзөгө ашыруучу жаш жарандар (жаштар уюмдары);
волонтердук иш-аракет - акчалай акы албастан ар кандай формада ыктыярдуу башталышта ишке ашырылуучу, коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктарды канааттандырууга багытталган коомдук пайдалуу эмгектин жекежана юридикалык жактар тарабынан жүргүзүлүшү,анын жүрүшүндө алар билим, тажрыйба, көндүм топтой алат жана өз жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтөалат;
мамлекеттик жаштар саясаты - жаштардын турмушта ийгиликтүү өз ордун табуусу, алардын дараметин мамлекеттин кызыкчылыктарында өнүктүрүүүчүн укуктук, экономикалык, социалдык, уюштуруучулук шарттарды түзүүгөбагытталуучу, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандары жүзөгө ашыруучу чаралардын системасы;
жаш жарандар (жаштар) - Кыргыз Республикасынын 14 жаштан 28 жашкачейинки курактагы жарандары жана жарандыгы жок адамдар;
жаш үй-бүлө - жубайлардын экөөсү тењ же болбосо бирөөсү 28 жаш курагына жете элек, никеге туруудан же болбосо тууганчылыктан улам келипчыгуучу белгиленген өз ара укуктар жана милдеттер менен байланышкан жашжарандардын чөйрөсү;
жаш адис - 28 жашка толо элек, адистиги боюнча эмгек стажы 3 жылдан ашпаган жаран;
жаштар уюму - катышуучуларынын (мүчөлөрүнүн) кеминде 75 пайызы жаш жарандар болгон, иш-аракети жаштардын өнүгүшүнө, өз жолун табуусуна, укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле рухий жана башка керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган коммерциялык эмес уюм;
уюмдашпаган жаштар - коомдук пайдалуу эмгекке тартылбаган, өздөрүндө болгон мүмкүнчүлүктөрдү жумуш иштөө, билимин жогорулатуу жана жарандык катышуунун башка формаларын жүзөгө ашыруу аркылуу ишке киргизбеген жаш жарандар;
жаштардын бейформал бирикмелери – жалпы кызыкчылыктары аркылуу бириккен, мыйзамдарда белгиленген тартипте юридикалык жак катары катталбаган жаш жарандар тобу;
жаштар үчүн социалдык кызматтар – оор турмуштук кырдаалга тушуккан жаш жарандарга жана үй-бүлөлөргө социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар, ошондой эле аларды жүзөгө ашырууну юридикалык жакты түзбөстөн туруп жүргүзүүчү жарандар;
талантуу жаштар - чыгармачылык, интеллектуалдык жана маданий жогорку дараметке ээ болгон жана мындай дарамети коомдун жана мамлекеттин өнүгүү деңгээлин жогорулатуу үчүн пайдаланыла ала турган жаш жарандар;
II. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын
максаттары жана милдеттери
5. Нарзан айыл аймагынын (мындан ары – Айыл аймагы) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча иши төмөнкү максатка жетүүгө багытталган:
- балдар менен жаштардын кызыкчылыгын жана муктаждыгын канааттандыруу, балдар жана жаштардын толук өсүп-өнүгүүсү жана өз жолун табышы, алардын коомдук жана ишкердик активдүүлүгүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө.
6. Айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
- Нарзан айыл аймагында жаш жарандар өзүнүн турмуш жолун табышы үчүн зарыл болгон укуктук, социалдык-экономикалык, уюштуруучулук шарттарды түзүү;
- балдар жана жаштардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүнү камсыздоо, жаштардын эс алуусун, бош убактысын өткөрүүсүн жана иш менен алектенүүсүн уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
- сергек жашоо образын пропагандалоо;
- балдардын жана жаштардын социалдык, маданий, рухий жана физикалык өнүгүүсүнө жардам көрсөтүү, алардын укуктарынын негизги кепилдигин камсыздоо;
- жаштардын коомдун социалдык, экономикалык, саясий жана маданий жашоосуна кошулуусуна шарттарды түзүү;
- балдардын, анын ичинде оор турмуштук кырдаалга туш болгондордун укуктарынын негизги кепилдигин камсыздоо.
III. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын
функциялары
7. Нарзан айыл өкмөтүнүн функциялары:
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- балдар жана жаштар менен иштөө программаларынын долбоорлорун Айылдык кеңеште бекитүү үчүн иштеп чыгат;
- балдар жана жаштар менен иштөө программалары боюнча чыгымдарды кошуу менен жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча документтерди иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна берет;
- оор турмуштук кырдаалга туш болгон таланттуу жана активдүү жаштарга, жаш адистерге, жаш үй-бүлөлөргө, жаш жарандарга жардам көрсөтүү тартибин иштеп чыгат.
аткаруу жана колдоо функциялары
- Айылдык кеңеш бекиткенден кийин балдар жана жаштар менен иштөө боюнча программалардын аткарылышын камсыз кылат;
- дене тарбия жана спорттун өнүгүүсүнө, бош убакытты өткөрүүнү уюштурууга, анын ичинде жергиликтүү деңгээлде жаштар программаларын ишке ашырууга имараттарды берүүгө шарттарды түзөт;
- оор турмуштук кырдаалга туш болгон жаш жарандарды жана жаш үй-бүлөлөрдү аныктоону жана каттоону ишке ашырат;
- волонтердук иш жүргүзгөн жаш жарандарга колдоо көрсөтөт;
- жаштар саясаты чөйрөсүндө ишке ашырылуучу программаларды маалыматтык колдоону камсыз кылат;
- балдар жана жаштар бирикмелерине колдоо көрсөтөт;
- балдар жана жаштар менен иштөө боюнча муниципалдык мекемелерди түзөт;
- балдар жана жаштар менен иштөө боюнча муниципалдык мекемелердин уставдарын бекитет;
- Нарзан айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган каражаттардын чегинде балдар жана жаштар менен иштөө боюнча муниципалдык мекемелерди каржылайт;
- коомдук уюмдардын, бирикмелердин балдардын жана жаштардын кызыкчылыгына байланышкан маселелерди талкуулоого катышуусун камсыз кылат;
- Айыл аймагында оор турмуштук кырдаалга туш болгон балдардын укугун жана кызыкчылыгын коргоону камсыз кылат;
- балдарды жана жаштарды атуулдукка жана мекенчилдикке тарбиялоону ишке ашырат;
- балдарда жана жаштарда сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу жана алардын эс алуусун жана ден соолугун чыңдоосун уюштуруу боюнча иш-чараларды ишке ашырат;
- балдар жана жаштар арасында кароосуз калуулардын, укук бузуулардын, баңгиликке көз карандылыктын, экстремисттик көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт.
контроль жана көзөмөл функциялары
- балдар жана жаштар менен иштөө боюнча программалардын аткарылышын контролдойт;
- балдар жана жаштар менен иштөө боюнча муниципалдык мекемелердин ишин контролдойт;
- жергиликтүү маанидеги ушул маселе боюнча милдеттерди аткаруу үчүн бөлүнүүчү акча каражаттарынын рационалдуу, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын контролдойт;
- балдар жана жаштар менен иштөөнүн белгиленген эрежелеринин жана ченемдеринин сакталышын контролдойт.
8. Нарзан айылдык кеңешинин функциялары
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- Айыл өкмөтү иштеп чыккан балдар жана жаштар менен иштөө программаларынын долбоорлорун бекитет;
- балдар жана башка жаштар менен иштөө программалары боюнча чыгымдарды кошуу менен жергиликтүү бюджеттин долбоорун бекитет;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча документтерди бекитет;
- оор турмуштук абалдагы таланттуу жана активдүү жаштарга, жаш адистерге, жаш үй-бүлөлөргө, жаш жарандарга жардам көрсөтүү тартибин бекитет.
контроль жана көзөмөл функциялары
- Нарзан айыл өкмөтүнө жүктөлгөн жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча функциялардын аткарылышына контроль жүргүзөт.
IV. Нарзан айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын
мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенишүүсү
9. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат:
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык органдары;
- укук коргоо органдары ж.б.
10. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдар менен активдүү өз ара аракеттенишет.
V. “Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды уюштуруу жана
жүзөгө ашыруу” жергиликтүү маанидеги маселени жүзөгө ашырууну каржылоо
11. Жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
а) Нарзан айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) юридикалык жана жеке жактардын кайтарымсыз берилген каражаттарынын;
в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөткөн кызматтардан жана иштерден түшкөн кирешелердин
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардын.
VI. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын
жоопкерчилиги
12. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, анын кызмат адамдары ушул Жободо каралган жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти алып жүрөт.