Загрузка документа…
БЕКИТИЛДИ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 11-январындагы № 01-25/3 буйругу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикте коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын
ТИЗМЕГИ
№ | Мамлекеттик органдын функциясы (ыйгарым укуктары) | Коррупциянын пайда чыгуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар | Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: системалуу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык | Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орто, жогорку) | Түзүмдүк бөлүмдүн (борбордук аппаратынын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин аталышы) | Коррупциялык тобокелдикке кабылган кызмат орундар
| Башка мамлекеттик органдарда/ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктин пайда болушу мүмкүнбү (мүмкүн болсо, кайсы экенин көрсөтүңүз)
|
1. | Бош административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди уюштуруу жана тестирлөө
| Кызматкерлер тестирлөөнүн катышуучулары менен түздөн-түз байланышы жана тил табышуу мүмкүнчүлүгү | Потенциалдуу | Жогорку | Тестирлөө бөлүмү, аймактык башкармалыктар | Бөлүмдүн башчысы, бөлүмдүн кызматкерлери, - тестирлөөгө жооптуу аймактар аралык башкармалыктын кызматкерлери | Бул тобокелдик кадрларды тандоододогу иш-аракеттерге байланыштуу мамлекеттик органдарга тиешелүү |
2. | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат өтөө чөйрөсүндө мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүү
| - Аныкталган бузууларды жашыруу коркунучу; - Мониторинг жүргүзүүдө табылган мыйзам бузуулар толук көрсөтүлбөшү; - Бузууларга жол берген адамдарды жоопкерчиликке тартууга контролдун жоктугу; - Материалдык пайда алуу. | Потенциалдуу | Жогорку | Мониторинг жана мыйзамдуулукту контролдоо бөлүмү, аймактык башкармалыктар | Бөлүм башчы, бөлүмдүн кызматкерлери, аймактар аралык башкармалыктардын кызматкерлери | Бул тобокелдик Агенттиктин ишине тиешелүү |
3. | Кызматчыларды окутуу чөйрөсүндө донордук жардамды координациялоо
| Конкреттүү бир адамдын кызыкчылыгын лоббирлөө коркунучу | Кырдаалдык | Жогорку | Эл аралык кызматташтык жана уюштуруу иштери бөлүмү | Бөлүм башчы, бөлүмдүн кызматкерлери | Бул тобокелдик Агенттиктин ишине тиешелүү |
4. | Контролдоо жана мониторинги сактоо жол-жоболор мамлекеттик сатып алуулар жана камсыздоо айкындуулук мамлекеттик сатып алуулар
| - Жабык маалыматты үчүнчү жактарга берүү тобокелдиги; - Документтерди конкреттүү жеткирүүчүнүн спецификациясына даярдоо; - Сатып алуу жөнүндө толук эмес же ар кандай маалыматтарды берүү, сатып алуу жөнүндө документтерге шилтемелер менен түшүндүрмөлөрдү алмаштыруу; - Комиссия мүчөлөрүнүн тендер маселелерин билбегендиги. | Кырдаалдык | Жогорку | Финансылык жана административдик камсыздоо бөлүмү, аймактык башкармалыктар | Бөлүм башчы, бөлүмдүн кызматкерлери, аймактар аралык башкармалыктар | Бул тобокелдиктер сатып алуулар инфраструктурасы маселелеринде жана мамлекеттик иш-аракеттерге таасир берүүсү мүмкүн
|
5. | Ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу | Ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда кызыкчылыктардын кагылышуусу | Кырдаалдык | Төмөн | Укуктук камсыздоо бөлүмү | Бөлүм башчы, бөлүмдүн кызматкерлери | Бул тобокелдиктер бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
6. | Кадрлар резервин түзүү | Белгиленген талаптарды бузуу менен регионалдык жана муниципалдык резервдерге кирүүгө таасир этүү менен белгилүү бир адамдын кызыкчылыгын көздөө | Потенциалдуу | Жогорку | Кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу жана кадрлар резерви бөлүмү, аймактык башкармалыктар | Бөлүм башчы, бөлүмдүн жана аймактар аралык башкармалыктардын кызматкерлери | Бул тобокелдиктер бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
7. | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын агенттиктин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоо | Сыйлыкка конкреттүү адамды илгерилетүү боюнча мүмкүн болгон келишим (макулдашуу) | Потенциалдуу | Орто | Сыйлыктар боюнча комиссиянын мүчөлөрү | Сыйлыктар боюнча комиссиянын мүчөлөрү | Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
8. | Даттануулар жана арыздар боюнча кызматтык териштирүүлөрдү жана текшерүүлөрдү жүргүзүү | Текшерүү же кызматтык териштирүү жүргүзгөн кызматкер менен тил табышуу мүмкүнчүлүгү | Потенциалдуу | Орто | Кызматтык териштирүү жүргүзүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү | Кызматтык териштирүү жүргүзүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү | Бул тобокелдик Агенттиктин ишине тиешелүү |
9. | Бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстарды өткөрүү боюнча иштерди уюштуруу (кабыл алуу, дайындоо, которуу, ротациялоо) | Белгилүү бир адамдын кызыкчылыктарын лоббирлөө мүмкүнчүлүгү | Потенциалдуу | Орто | Персонал менен иштөө жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү | Бөлүм башчы, бөлүмдүн кызматкерлери | Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |