Редакцияот 16.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы

 

2025-жылдын 16-январы № 10

 Орозбеков айыл аймагындагы коомдук жайларды жарыктандырууга  каражат кароо жөнүндө.

      Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин  7-пунктуна, Орозбеков  айылдык кенешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурмунун чечимине негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Орозбеков айыл аймагындагы коомдук жайларды жарыктандырууга айыл өкмөттүн бюджетинен 2000 000(эки миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  2. Керектелүүчү каражаатты бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Эгембердиевге милдеттендирилсин
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы бюджет жана финансылык маселелери  боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

 

Төрага

К.Каримов