Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 1
Өндүрүш айылын таза суу менен камсыздоо боюнча даярдалган долбоорду колдоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 1,4-пункттарына, Орозбеков айылдык кенешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурмунун чечимине негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Өндүрүш айылында калкты таза суу менен камсыздоо үчүн даярдалган долбоорду ишке ашыруу максатында аймагында айыл өкмөттүн бюджетинен өздүк салым катары 1000 000(бир миллион)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Керектелүүчү каражаатты бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Эгембердиевге милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансылык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |