Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 90 токтому менен бекитилди) |
«2025–2030-жылдарга иммундук профилактика»
программасы
1-глава. Киришүү
Калкты иммунизациялоо Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (мындан ары – ДСУ) тарабынан адамдын ден соолугун коргоодогу эң натыйжалуу салым деп таанылган жана ал 2030-жылга карата балдардын өлүмүн азайтуу, жакырчылыкты кыскартуу жана саламаттык сактоо системасын чыңдоо жаатындагы Туруктуу өнүктүрүү максаттарына (мындан ары – ТӨМ) жетүүнүн маанилүү компоненттеринин бири болуп саналат.
Үзгүлтүксүз пландуу иммунизация бүткүл дүйнө жүзүндөгү коомдук саламаттык сактоонун экономикалык жактан натыйжалуу стратегиясы болуп саналат, аны ишке ашыруу саламаттык сактоо жаатындагы башка медициналык кийлигишүүлөргө салыштырмалуу балдар арасындагы оору, өлүм жана майыптык көрсөткүчтөрүн кескин кыскартууга мүмкүнчүлүк берет.
ДСУнун маалыматы боюнча полиомиелитке, столбняк, дифтерия, көк жөтөлгө каршы эмдөөлөр жыл сайын 2 миллиондон 3 миллионго чейинки өлүм учурларын алдын алууга шарт түзүп, күн сайын он миңдеген өмүрлөрдү сактап, миллиондогон адамдарды оорулардан жана майыптыктан коргоп калууда.
2000-жылдан тартып 2022-жылга чейинки мезгил аралыгында кызамыкка каршы эмдөөлөр өлүм менен байланышкан 57 миллион учурду алдын алууга мүмкүнчүлүк түзүп, кызамыкка каршы вакцинаны коомдук саламаттык сактоонун кыйла пайдалуу жетишкендиги кылып койду. Вакцина 2000-жылдагы кызамык боюнча катталган өлүм учурларынын санын 761 000ден 2022-жылга карата 136 000ге чейин кыскартууга мүмкүнчүлүк берген. Вакцинациялар туруктуу жана жогорку деңгээлде өткөрүлгөн учурларда оорулардын көрсөткүчү кыскарып, толугу менен жоюлушу ыктымал. 2000-жылдан тартып полиомиелит оорулары менен байланышкан учурлар дүйнө жүзү боюнча 99 %га чейин кыскарган.
Кыргыз Республикасында 1951-жылдан тартып 1960-жылга чейин вакцинацияга чейинки мезгилде дээрлик ар бир жетинчи бала дифтерия, кызамык, көк жөтөл жана полиомиелиттен каза болгон.
Ошол эле учурда калкты иммунизациялоо саламаттык сактоо жаатындагы актуалдуу маселе болуп саналат.
Ушуга байланыштуу ДСУ Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын резолюциясы менен бекитилген 2030-жылга чейинки мезгилге Иммунизация жаатындагы күн тартибин («Эч кимди көңүл сыртында калтырбоо» принцибине негизделген глобалдык стратегия (мындан ары – ИКТ-2030) кабыл алуу аркылуу өзүнүн алдына төмөнкү максаттарды коюуда:
– жашоонун бардык баскычтарындагы адамдар арасында вакцина менен жөнгө салынуучу жугуштуу оорулар менен шартталган ооруларды жана өлүмдү кыскартуу;
– бардык адамдарга бирдей көңүл буруу жана жаңы вакциналарга болгон адилет мүмкүнчүлүктү кеңейтүү, алардын көбүрөөк пайдаланылышын камсыз кылуу;
– баштапкы медициналык-санитардык жардам (мындан ары – БМСЖ) системасынын алкагында иммунизация программасын чыңдоо аркылуу бардыгы үчүн мыкты ден соолукту жана бакубаттыкты камсыз кылуу, саламаттык сактоо жана туруктуу өнүктүрүү кызматтары менен жалпы камтууга көмөктөшүү;
ИКТ-2030да 2021-жылдан тартып 2030-жылга чейин вакцина жана иммунизация боюнча тайманбас, комплекстүү глобалдык көз караш жана стратегия баяндалууда. Анда буга чейинки тажрыйба эске алынат, мурдатадан келе жаткан жана жугуштуу оорулар менен шартталган жаңы көйгөйлөр белгиленет жана бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр пайдаланылат.
ИКТ-2030да иммунизация ар бир адамдын негизги укугун жеке жана психикалык ден соолук деңгээлинин эң жогорку баскычына алып чыгуучу башкы факторлордун бири, ошондой эле бардык адамдар үчүн кыйла коопсуз, дени сак жана бакубат дүйнөнү курууга шарт түзүүчү салым катары каралат. ИКТ-2030 буга чейин жетишилген ийгиликтерди сактоого жана адамды кандай гана кырдаалда жана жашоонун кандай гана баскычында болбосун көңүл сыртында калтырбоого чакырат.
ИКТ-2030 коомдук, улуттук, региондук жана глобалдык кызыкдар тараптардын: мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, глобалдык агенттиктердин, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, медициналык кызматкерлердин, академиялык жана илимий-изилдөө институттарынын, вакциналарды иштеп чыгуучулар менен өндүрүүчүлөрдүн жеке сектор менен жарандык коомдун ишмердүүлүгүнө дем берүүсү жана бири-бири менен макулдашып иш алып барууга шарт түзүүсү керек. Аны жүзөгө ашырууда ресурстар натыйжалуу жана үнөмдүү пайдаланылган, иштин көрсөткүчтөрүн жана каржылык жана программалык туруктуулукка жетүү боюнча чараларды жакшыртууга багытталган инновациялар киргизилген учурда максималдуу пайда алып келет. Ийгилик жогорку сапаттагы жана алгылыктуу баадагы БМСЖга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүлөрү менен жалпы камтууну камсыз кылуу жана ИКТ-2030да камтылган ТӨМгө жетүү жолундагы прогрессти тездетүү боюнча координацияланган күч-аракеттердин алкагында саламаттык сактоо секторунун ичиндеги жана анын сыртында өнөктөштүк мамилелерди түзүүдөн жана чыңдоодон көз каранды болот.
ИКТ-2030да узак мөөнөттүү стратегиялык негиз берилген, ал практикалык ишке ашыруунун динамикалык этабында аракеттерди бир багытка салууга жана мамлекеттердин талаптарынын жана глобалдык кырдаалдын кийинки он жыл ичиндеги өзгөрүүсүнө карата ыкчам чара көрүү мүмкүнчүлүгүн кароого арналган.
Бардык кызыкдар тараптардын жамааттык күч-аракеттеринин натыйжасында биз алдыдагы он жылдыкты болжолдой алабыз: анда ар бир адам жаш курагына жана жашаган жерине карабастан ден соолугун, бакубат жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн вакцинациялоонун артыкчылыктары менен толук өлчөмдө пайдалана алат.
Вакциналар менен алдын алынуучу жугуштуу оорулар баштагыдай эле бүткүл дүйнө жүзүнө, анын ичинде Кыргыз Республикасына коркунуч жаратууда. Региондо жугуштуу оорулардын жайылышын токтотуу үчүн вакцина менен камтуунун жогорку деңгээли чечүүчү мааниге ээ.
Кыргыз Республикасында вакцинациянын артыкчылыктары жана коопсуздугу, вакцина менен алдын алууга боло турган жугуштуу оорулардын коркунучу туурасында калк арасында маалыматтын аздыгынан, медициналык кызматкерлердин жетишсиздигинен, профилактикалык эмдөөлөрдөн баш тартуулардан улам иммунизация программасынан четте калып калган калктын топтору бар.
Профилактикалык эмдөөлөр менен камтуу деңгээли азайган учурда вакцина менен жөнгө салынуучу жугуштуу оорулардын күч алуу тобокелдигин жаратат. Буга 2015, 2018–2019 жана 2023-жылдары республикада калктын ооруга кабылышы ыктымал эмделбеген тобунун арасында кызамык оорусуна байланыштуу эпидемияны мисал катары көрсөтүүгө болот.
«Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иммундук профилактика менен контролдонуучу жугуштуу ооруларга каршы күрөшүү маселелери мамлекеттик колдоого ээ.
«2025–2023-жылдарга иммундук профилактика» программасы (мындан ары – Программа) натыйжалуу вакциналар менен дарылоого боло турган кооптуу жугуштуу оорулардын таралышын контролдоочу өлкөнүн иммундук профилактика кызматын колдоо жана өнүктүрүү максатында иштелип чыккан алтынчы стратегиялык документ болуп саналат.
Программанын алкагында декреттелген контингенттин саны жыл сайын 900 миңден ашык адамды же өлкөнүн бүтүндөй калкынын санынын 18 %ын түзөт. Имммунизация программасынын максаттуу калкынын 35 %ын 0дөн 16 жашка чейинки балдар түзөт, алардын ичинен 5 % – жаңы төрөлгөн жана ымыркай балдар.
Программа «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ДСУнун сунуштарына: ДСУнун Европа региондук комитетинин 2014-жылдын 17-сентябрындагы EUR/RC64/R5 резолюциясы, полиомиелитти глобалдык ликвидациялоо жөнүндө 2012-жылдын 26-майындагы AMS WHA 65.5 резолюциясы, кызамыкты жана кызылчаны жоюу жана тубаса кызылча инфекциясын алдын алуу, ошондой эле ДСУнун Европа регионунун полиомиелитсиз аймак статусун сактоо боюнча аракеттерди улантуу боюнча милдеттенмелерди аткарууга багытталган Европа регионунда кызамыктын жана кызылчанын жергиликтүү учурларын жоюу жөнүндө EUR/RC 60/R 12 резолюциясы менен бекитилген 2030-жылга чейинки мезгилге иммунизация жаатында Европа күн тартибине ылайык иштелип чыккан.
Программа иммунизация жаатындагы алты жылдык мезгилге эсептелген документ болуп саналат, ал өзүнө мамлекеттин вакцина менен жөнгө салынуучу жугуштуу оорулардан улам келип чыккан ооруларды жана адам өлүмүн кыскартуу, ошондой эле бул оорулар менен шартталган финансылык жана социалдык чыгымдарды азайтуу боюнча чараларды камсыз кылуу жана көрүү боюнча артыкчылыктуу милдеттерин камтыйт.
Программаны кабыл алуу зарылдыгы эпидемиялык потенциалы жогору жана оор кесепеттер менен коштолуучу бир катар жугуштуу ооруларды вакцинация аркылуу натыйжалуу алдын алууга болору менен шартталган.
2-глава. Кырдаалга жалпы талдоо жүргүзүү
Иммунизация программаларын жүзөгө ашыруунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасында баштапкы вакциналык комплексин профилактикалык эмдөөлөр менен камтуу профилактикалык эмдөөлөр календарынын алкагында 95 %дан кем эмес деңгээлинде сакталды.
Иммундук профилактика вакцина менен жөнгө салынуучу жугуштуу ооруларды эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн натыйжалуу системасы менен бирге иммунизация боюнча буга чейинки беш программаны жүзөгө ашыруу мезгилинде вакцина менен жөнгө салынуучу ооруларды жана өлүмдү кыскартууга – жаңы төрөлгөн ымыркай балдардын арасында полиомиелиттин жоюлушуна, кургак учуктук менингит, дифтерия жана столбняк учурларынын орун албашына шарт түзгөн. Акыркы 15 жыл ичинде эпидемиялык паротит оорусунун көрсөткүчтөрү 100 миң адамга 28,3 деңгээлге чейин кыскарган.
2002-жылы Кыргыз Республикасы Европа регионунун курамында ДСУнун полиомиелитти жоюу жөнүндө сертификатына ээ болгон.
2019-жылы Кыргыз Республикасы ДСУнун Европа региондук бюросу тарабынан эндемикалык кызылчадан эркин аймак катары таанылган.
Кыргыз Республикасы ДСУга катышкан өлкө катары өзүнө алган милдеттенмелердин алкагында төмөнкүдөй глобалдык сунуштарды карманат:
– полиомиелитти жоюу боюнча – полиомиелиттен эркин өлкө/аймак статусун карманат жана полиомиелит/курч алсыраткан шал оорусуна эпидемиологиялык көзөмөл системасынын оору күч алган учурларда кайтарым чара көрүүгө жана тобокелдикти азайтууга даярдыгын колдойт. Вакцина менен камтуунун жогорку деңгээлин, полиомиелит/курч алсыраткан шал оорусуна шектүү бардык учурларга эпидемиологиялык көзөмөлдөө жүргүзүүнүн натыйжалуу системасын колдойт. Полиомиелитти жоюунун жана 2013–2018-жылдарга анын соңку этабын ишке ашыруунун стратегиялык планынын контекстинде Кыргыз Республикасы эки валенттүү оралдык полиомиелит вакцинасына өттү, стратегияга ылайык профилактикалык эмдөөлөр календарына инактивацияланган полиомиелит вакцинасынын 2 дозасын киргизди;
– кызамыкты жана кызылчаны жоюу боюнча – кызамык/кызылча шектүү бардык учурларга эпидемиологиялык көзөмөлдөө жүргүзүүнүн интеграцияланган системасын милдеттүү лаборатордук компонент менен бирге киргизүү аркылуу комбинацияланган вакциналардын курамында 2 доза менен кеминде 95 %ды камтууну колдоо.
2023-жылы Кызамык жана кызылча оорусунун чыгышына каршы күрөшүү фондунун колдоосу менен кызамык оорусунун жайылышына жооп катары иммунизациялоо боюнча кошумча чаралар (мындан ары - ИКЧ) көрүлгөн. Мында ИКЧнын максаттуу тобу болуп 9 айдан 84 айга чейинки курактагы балдар саналган, жалпысынан 693 527 бала камтылган. ИКЧ 4 регионду камтыган: Ош шаары, Ош облусу, Бишкек шаары жана Чүй облусу. ИКЧнын максаты болуп эмделбеген жана толук эмдөөдөн өтпөгөн балдар аркылуу жуктурулуп жаткан аталган 4 региондогу кызамык оорусун тез арада токтотуу саналган. Административдик камтуу максаттуу көрсөткүчтүн 86 %ына жеткен.
Кызамык боюнча эпидемиологиялык кырдаалдын глобалдык чыңалуусунун жана калктын ооруга кабылышы ыктымал тобунун арасында популяциялык иммунитеттин деңгээлинин төмөндөөсүнүн фонунда кызамыктын эндемиялык жуктурулушун токтотуу максаты ишке ашкан эмес, 2023-жылы Кыргыз Республикасында оорунун көрсөткүчү 100 миң адамга 100,1 учурду, 2024-жылдын 4 айында 100 миң адамга – 139,4 учурду түзгөн. Урмат
В вирустук гепатитине каршы вакциналык профилактикалоо фонунда 1 жашка чейинки балдарда В вирустук гепатити катталган учурлар жок, 2023-жылы 14 жашка чейинки балдардын оорусунун көрсөткүчү (14 жашка чейинки 100 миң балага – 0,6) В вирустук гепатитине байкоо жүргүзүлгөн бүткүл мезгил үчүн минималдуу болуп саналат. В вирустук гепатити менен оорунун андан ары азайышы жана келечекте анын элиминациясы боордун баштапкы рагы (гепатокарцинома) менен ооругандардын санын азайтууга мүмкүнчүлүк берет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бюджеттик каражаттарынын жана Вакциналар жана иммунизация боюнча глобалдык альянстын (мындан ары – ВИГА) колдоосунун бардык түрлөрүнүн биргелешкен инвестицияларынын аркасынан иммунизация программасы отчеттук мезгилде ДСУ тарабынан сунушталган максаттарга ылайык 95 %дан кем эмес профилактикалык эмдөөлөр менен камтууну камсыз кылуу жана колдоо жолу менен ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн азайтууда белгилүү бир натыйжаларга жетти.
2001-жылдан тартып ВИГА төмөнкү жаңы вакциналарды сатып алууга жардам көрсөтүү аркылуу Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтүүдө: В гепатитине каршы монодозалык вакцина (2001–2005 жана 2007–2008) жана (2015–2017), пентаваленттик (АКДС-ВГВ-ХИБ) вакцина (2009–2023), пневмококктук (2015–2023), инактивацияланган полиомиелиттик (2016–2023) вакциналар жана адамдын папиллома вирусуна каршы вакциналар. Кошо каржылоону колдоо процесси ушул Программа жүзөгө ашырылып бүткүчө жүргүзүлөт. Ошондой эле ВИГА иммунизация системасына максаттуу турдө колдоо көрсөтөт жана жаңы вакциналарды киргизүү жана саламаттык сактоо системасын чыңдоо (мындан ары – ССЧ) боюнча гранттарды берет.
2023-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан республиканын калган аймактарында (Ысык-Көл, Нарын, Талас, Баткен облустары) кызамык жана кызылчага каршы кампаниянын 2-этабын өткөрүүгө өтүнмө даярдалып жана ВИГА Секретариатына берилген.
2025-жылы Муздаткыч чынжырча жабдууларын оптималдаштыруу платформасы боюнча ВИГА секретариатына өтүнмө даярдоо пландалууда.
Аталган долбоор БМСЖ деңгээлинде муздаткыч чынжырчанын материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган жана эски муздаткыч жабдууларды ДСУ тарабынан преквалификацияланган муздаткыч жабдууларына, температураны мониторингдөөчү жана эл аралык ISO стандарттарына жооп берген ташуу каражаттарына алмаштыруу боюнча маселени чечет.
Кыргыз Республикасы акыркы 30 жылда вакциналарды сатып алууга карата аларды ЮНИСЕФ аркылуу профилактикалык эмдөөлөрдүн календарынын алкагында сатып алуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланып келет. Сатып алуу жана жеткирүү механизми 2012-жылдын 12-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү/Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен ЮНИСЕФтин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында жөнгө салынат.
ВИГА гранттарын пайдалануунун эсебинен сактоо, ташуу жана пайдалануу учурунда вакциналардын сакталышын камсыздоо үчүн муздаткыч чынжырчасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана модернизациялоо боюнча дайыма аракеттер көрүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2012-жылдын 14-февралындагы № 70 буйругу менен түзүлгөн Иммунизация боюнча эксперттердин илимий-техникалык тобунун (мындан ары – ИЭИТТ) далилдүү маалыматтарга негизделген сунушу боюнча профилактикалык эмдөөлөрдүн календарына жаңы вакциналарды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынууда.
2022-жылы Иммундук профилактика программасынын алкагында адамдын папиллома вирусуна каршы вакцина киргизилген. Ошентип вакциналардын башка коркунучтуу жугуштуу ооруларга карата таасиринин спектри кеңейүүдө. Жаңы вакциналарды киргизүүнүн экономикалык жана эпидемиологиялык натыйжалуулугу ИЭИТТ тарабынан негизделген.
Иммунизациядан кийинки кыйыр таасирлерге көзөмөл жүргүзүү системасы иммунизациядан кийинки кыйыр таасирлерди классификациялоонун эл аралык критерийлерине ылайык келтирилген.
Жогоруда көрсөтүлгөн натыйжаларга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу жана ДСУ, ЮНИСЕФ, ВИГА, Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, ЮСАИД сыяктуу өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн тыгыз кызматташтыгы менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин координацияланган аракеттеринин аркасынан жетишилди.
Жетишилген натыйжаларды колдоо жана коюлган максаттарды чечүү жана Кыргыз Республикасынын полиомиелиттен, кызамыктын, кызылчанын элиминациясынан эркин өлкө катары статусун сактоо боюнча милдеттерди чечүү жана вакцина менен алдын алынуучу жугуштуу оорулар менен күрөшүү үчүн жаңы чакырыктарды эске алуу менен иммундук-профилактикалык иштерди улантуу жана күчөтүү зарыл.
3-глава. Программанын жетектөөчү принциптери
Бул Программанын принциптери иммунизация боюнча мурдагы программаларды жүзөгө ашыруу процессинде топтолгон тажрыйбаларды, Кыргыз Республикасынын калкынын саламаттыгын сактоого жана чыңдоого багытталган эпидемиологиялык жана социалдык-экономикалык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен түзүлөт.
Иммунизациялоого жана вакциналардын жардамы менен алдын алынуучу жугуштуу оорулар менен күрөшүүгө карата улуттук, регионалдык жана глобалдык максаттарга байкоо жүргүзүү үчүн Программа ЕИКТ-2030 менен синхрондоштурулган.
Программанын максаттары жана милдеттери 2030-жылга карата бардык курактагылар үчүн сергек жашоо мүнөзүн камсыз кылуу жана бакубаттуулукка көмөктөшүү ТӨМ 3 менен интеграцияланган ЕИКТ-2030кө негизделет.
Программанын негизги принциптерине төмөнкүлөр кирет:
1) адилеттүүлүк жана жеткиликтүүлүк – вакцинациянын артыкчылыгы социалдык статусуна жана гендердик айырмачылыктарына карабастан бардык адамдарга адилеттүү жайылтылат;
2) өнөктөштүк жана жоопкерчилик – иммунизация боюнча бардык милдеттер макулдашылат жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана эл аралык өнөктөштөр тарабынан биргелешкен негизде кабыл алынган макулдашууларга (Вакциналарга карата аракеттердин европалык планы, 1-максат – иммунизацияны саламаттык сактоонун жалпы системасына интеграциялоо) ылайык аткарылат. Глобалдуу өз ара көз карандылык шарттарындагы иммунизация жаатындагы кызматташтык;
3) вакциналардын кепилденген сапаты жана коопсуз иммунизация – Кыргыз Республикасына келген бардык вакциналар сапаттын жана коопсуздуктун улуттук жана эл аралык стандарттарына ылайык келет, ал эми кызматтар өз алдынча блоктолуучу шприцтерди колдонуу менен иммунизациянын коопсуз практикасы принциптерине ылайык көрсөтүлөт. Иммунизацияда көп компоненттүү вакциналар жана технологиялар кеңири пайдаланылат;
4) жогорку сапаттагы, натыйжалуу жана баасы боюнча алгылыктуу вакциналарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү.
4-глава. Программанын максаты
Программанын максаты максаттуу контингенттин 95 %ынан кем эмесин пландуу иммунизация менен камтууну камсыздоо жана эмделбеген жана толук эмделбей калган балдардын санын 25 %га азайтуу аркылуу вакцина менен жөнгө салынуучу оорулар менен ооруну жана өлүмдү азайтуу болуп саналат.
5-глава. Программаны башкаруу жана секторлор
аралык өз ара аракеттенүү
Программаны республикалык деңгээлде башкаруу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык иммундук профилактика борбору (РИБ) аркылуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.
РИБ вакциналардын жардамы менен алдын алынуучу жугуштуу оорулар менен күрөшүү иш-чараларынын бүткүл комплексин иштеп чыгуу, киргизүү жана мониторинг жүргүзүү, ошондой эле вакциналык коопсуздук маселелери боюнча коордициялоочу, уюштуруучулук-методикалык, консультативдик жана контролдоочу орган болуп саналат. РИБ бардык стратегиялык объекттерди – вакцина препараттары сакталуучу кампаларды, анын ичинде өз балансында турган кампаларды контролдойт.
РИБ вакцина менен башкарылуучу жугуштуу оорулар менен ооруну, майыптыкты жана өлүмдү азайтууга көмөк көрсөтүүчү ресурстарды жана иш-чараларды бириктирүү жана координациялоо менен Программаны жүзөгө ашыруу боюнча натыйжалуу жана оперативдүү иштин кепилдиги болот.
РИБ медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, медициналык кызматкерлерди жана жарандык сектордун өкүлдөрүн окутуу боюнча окуу борборлорун уюштурууга укуктуу.
Иш-чаралар планы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте, ошондой эле ДСУ, ЮНИСЕФ, ВАГИ, Дүйнөлүк банк, анын ичинде саламаттык сактоо жаатында адистештирилген коммерциялык эмес уюмдар сыяктуу өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракетте жана алардын колдоосу менен жүзөгө ашырылат.
Программаны координациялоо ИЭИТТ жана иши Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2022-жылдын 25-январындагы № 69 «Республикалык эмдөө комитетинин жаңы курамын бекитүү жөнүндө», 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 793 «Иммундук профилактика боюнча ведомстволор аралык координациялык комитеттин (ВКК) ишин оптималдаштыруу жөнүндө», 2021-жылдын 31-мартындагы № 343 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2019-жылдын 24-октябрындагы № 999 «Полиомиелитти сертификациялоо, кызамык, кызылчаны верификациялоо боюнча улуттук комитеттин курамын бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» буйруктары менен регламенттелген Полиомиелитти жоюуну сертификациялоо, кызамыктын жана кызылчанын элиминациясын верификациялоо боюнча улуттук комитет жана Иммундук профилактика боюнча ведомстволор аралык координациялык комитет менен тыгыз кызматташтыкта Республикалык эмдөө комитети (мындан ары – РЭК) аркылуу жүзөгө ашырылат.
6-глава. Эл аралык кызматташтык
РИБ көп жылдардан бери вакциналарды жана чыгымдалуучу материалдарды, муздаткыч жабдууларды жана транспортту сатып алуу бөлүгүндө ДСУ, ЮНИСЕФ, ВИГА, Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келет.
Кызматташтыктын алкагында иммунизация жаатындагы маалыматтарды, ченемдик документтерди өз ара алмашуу жүзөгө ашырылат, адистерди окутуу, алардын квалификациясын жогорулатуу, биргелешкен изилдөө иштери, эл аралык конференциялар, семинарлар жана калктын саламаттыгын сактоого жана чыңдоого багытталган башка иш-чаралар өткөрүлөт.
7-глава. Программанын стратегиялык багыты
Программанын стратегиялык багыттары ДСУнун вакцина менен башкарылуучу жугуштуу оорулар менен ооруну жана өлүмдү азайтуу боюнча улуттук жана глобалдык максаттарына жетишүүдөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын аныктайт.
Программанын негизги стратегиялык багыттары артыкчылыктуу стратегиялык багыттарды жана учурдагы стратегиялык багыттарды камтыйт.
Артыкчылыктуу стратегиялык багыттар
Артыкчылыктуу стратегиялык багыттар төмөнкү багытттарды камтыйт:
1) иммунизация үчүн кадрдык потенциалды күчөтүү;
2) Программаны илгерилетүү, вакцинацияга карата тиешелүү суроо-талапты түзүү жана иммунизация чөйрөсүндө натыйжалуу коммуникацияны камсыздоо;
3) иммунизация үчүн сапаттуу, санариптик маалымат системасын киргизүү;
4) Программаны вакциналар, чыгымдалуучу материалдар, муздаткыч чынжырчалар, логистика жана калдыктарды башкаруунун натыйжалуу системасы менен камсыздоо;
5) Программанын финансылык туруктуулугун жана башкарууну камсыз кылуу.
1-артыкчылыктуу стратегиялык багыт. Иммунизация үчүн кадрдык потенциалды күчөтүү.
Бул стратегиялык багыт боюнча иш-чаралар кадрдык потенциалды камсыздоого жана иммунизация системасындагы орундарды максималдуу азайтууга багытталат.
1-милдет | Иммунизация пункттарынын 95 %ын кызматкерлердин керектүү штаты менен (БМСЖ) камыздоо |
2-милдет | Иммунизациялоо боюнча кызмат көрсөтүүчү медициналык кызматкерлердин 95 %ын даярдоону жана кайра даярдоону камсыз кылуу |
3-милдет | Иммунизация өткөрүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын 95 %ы үчүн куратордук визиттерди өткөрүү |
2-артыкчылыктуу стратегиялык багыт. Программаны алдыга жылдыруу, иммунизация чөйрөсүндө суроо-талапты түзүү жана натыйжалуу коммуникацияны камсыз кылуу.
Бул багыттагы иш-чаралар иммунизацияга карата суроо-талапты жогорулатууга багытталат, бул Кыргыз Республикасындагы иммунизация системасынын маанилүү компоненттеринин бири болуп саналат.
1-милдет | Чечим кабыл алуучу адамдардын жана коомдук пикирлер боюнча лидерлердин бардык деңгээлдеги иммунизация программасынын натыйжалары жана керектөөлөрү жөнүндө үзгүлтүксүз негизде маалымат алып туруусу |
2-милдет | Медициналык кызматкерлердин 95 %ын суроо-талапка дем берүү маселелери боюнча окутуу жана сертификаттоо |
3-милдет | Бардык (100 %) райондордогу жана административдик аймактык бирдиктердеги коомдук жана диний ишмерлердин иммунизация программаларын жайылтууга катышуусун камсыз кылуу |
4-милдет | Энелердин 90 %ынын профиликатикалык эмдөөлөрдүн календары жөнүндө маалымдуулугун камсыз кылуу |
5-милдет | Суроо-талапты түзүү жана коммуникация боюнча изилдөө иштеринин үзгүлтүксүз негизде өткөрүлүшүн камсыз кылуу |
6-милдет | Тобокелдик-коммуникациялар боюнча тиешелүү иш- чараларды өткөрүү аркылуу эмдөөлөрдү колдонуу менен байланышкан кризистик кырдаалдардын өз учурунда чечилишин камсыз кылуу |
3-артыкчылыктуу стратегиялык багыт. Иммунизация үчүн жогорку сапаттуу, санариптик маалымат системасын иштеп чыгуу жана киргизүү.
Бул стратегиялык багыт боюнча иш-чаралар маалыматтарды башкаруунун аракеттеги системасын жакшыртууга жана санариптештирүүгө, ошондой эле персоналдын маалыматтарды топтоо, талдоо жана башкаруу көндүмдөрүн күчөтүүгө багытталат.
1-милдет | Улуттук деңгээлде иммунизацияны административдик камтуунун изилдөөлөрдүн тиешелүү түрдө 5 %га жана 3 %га минималдуу азыраак натыйжалары боюнча камтуунун шайкештигине жетишүү |
2-милдет | Бардык (100 %) саламаттык сактоо уюмдарында маалыматтардын сапатын баалоону, өзүн-өзү баалоону жана маалыматтарды талдоону жүзөгө ашыруу |
3-милдет | Медициналык мекемелердин 95 %ында маалыматтарды санариптештирүүнү камсыз кылуу |
4-артыкчылыктуу стратегиялык багыт. Программаны вакциналар, муздаткыч чынжырчасы, логистика жана вакциналарды башкаруу менен камсыз кылуу.
Аталган стратегиялык багыт боюнча иш-чаралар өзүнө вакциналарды, муздаткыч чынжырчасы жабдууларын сатып алуу жана вакциналардын натыйжалуу башкарылышын камсыз кылуу боюнча иш-чараларды камтыйт.
1-милдет | Вакциналарды каттоонун жана бажылык тариздөөнүн натыйжалуу жана тез жол-жоболорун камсыз кылуу |
2-милдет | Вакциналардын жана чыгымдалуучу материалдардын үзгүлтүксүз сатып алынышын жана импорттолушун камсыз кылуу |
3-милдет | Бардык деңгээлдеги вакциналарды талаптагыдай сактоо, бөлүштүрүү жана мониторинг жүргүзүү үчүн инфраструктура, муздаткыч чынжырчасы жана логистикалык жабдуулар менен камсыз кылуу |
4-милдет | Вакциналарды башкаруунун натыйжалуулугун жакшыртуу планына ылайык вакциналарды башкаруунун натыйжалуулугуна баа берүү боюнча сунуштарды аткаруу |
5-милдет | Муздаткыч чынжырчасы системасынын бардык деңгээлдеринде муздаткыч чынжырчасынын жабдууларын профилактикалык жана оңдоп-калыбына келтирүүчү тейлөө иштери менен туруктуу негизде камсыз кылуу |
6-милдет | Медициналык уюмдардын 95 %ы тарабынан медициналык калдыктарды, анын ичинде иммунизация калдыктарын утилдештирүү боюнча саясаттын жана протоколдордун сакталышын камсыз кылуу |
5-артыкчылыктуу стратегиялык багыт. Финансылык туруктуулукту жана Программаны башкарууну камсыз кылуу.
Бул стратегиялык багыт боюнча иш-чаралар өзүнө бюджет түзүү жана ченемдик-укуктук базаны жакшыртуу, ошондой эле чыгымдарды пландаштырууну жакшыртуу жана бюджеттин аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү процесстерин камтыйт.
1-милдет | Бюджетти үзгүлтүксүз жана өз учурунда иштеп чыгууну жана иммундук-профилактикалык программанын муктаждыктары үчүн каражаттарды, анын ичинде вакциналарды жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алууга каражаттарды бөлүүнү камсыз кылуу |
2-милдет | Иммунизациянын ченемдик-укуктук базасын жаңы чакырыктарга жана мезгилдин талабына ылайык жаңылоо |
3-милдет | Иммундук-профилактикалык программа менен көзөмөлдөөнү жана башкарууну алдынкы эл аралык практикаларга ылайык келтирүү |
4-милдет | Иммунизация чыгымдарынын алдынкы эл аралык практикаларга ылайык пландалышын жана эсептелишин камсыз кылуу |
Учурдагы стратегиялык багыттар
Учурдагы стратегиялык багыттар төмөнкүдөй багыттарды камтыйт:
1) иммунизация кызматтарына жетүү мүмкүнчүлүктөрүнүн бирдейлигин жана БМСЖ кызматтары менен интеграциялоону камсыз кылуу;
2) вакцина менен башкарылуучу жугуштуу ооруларды жана вакцина менен башкарылуучу жугуштуу ооруларды контролдоо боюнча демилгелерди көзөмөлдөө;
3) вакцина менен башкарылуучу жугуштуу оорулардын келип чыгышына жана саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү;
4) жаңы вакциналарды киргизүү жана өмүр бою вакцинациялоо.
Учурдагы 1-стратегиялык багыт. Иммунизация кызматтарына жетүү мүмкүнчүлүктөрүнүн бирдейлигин жана БМСЖ кызматтары менен интеграциялоону камсыз кылуу.
Бул стратегиялык багыттын иш-чаралары эмделбеген жана толук эмделбей калган балдардын санын кыскартууга, вакцинацияга карата негизсиз каршы көрсөтмөлөрдүн санын азайтууга, иммунизация боюнча кызматтарды БМСЖ кызматтары менен интеграциялоого багытталат.
1-милдет | Эмделбеген жана толук эмделбей калган балдардын санын 95 %га кыскартуу |
2-милдет | Бардык саламаттык сактоо уюмдарындагы вакцинацияга карата негизсиз каршы көрсөтмөлөрдүн санын азайтуу |
3-милдет | Иммунизация кызматтарын БМСЖ кызматтары жана программалары менен интеграциялоо |
Учурдагы 2-стратегиялык багыт. Вакцина менен башкарылуучу жугуштуу ооруларды жана вакцина менен башкарылуучу жугуштуу ооруларды контролдоо боюнча демилгелерди көзөмөлдөө.
Бул стратегиялык багыттын иш-чаралары вакцина менен башкарылуучу жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө системасын жакшыртууга, курч алсыраткан шал жана кызамык-кызылча ооруларынын шектүү учурларын көзөмөлдөөнү, бул ооруларды жок кылуу жана жоюу боюнча максаттуу көрсөткүчтөргө ылайык туруктуу негизде көзөмөлдөөнү камсыз кылууга, иммунизациядан кийинки кыйыр таасирлерди (мындан ары – ИККТ) эпидемиологиялык көзөмөлдөө системасын күчөтүүгө жана ооруларды жок кылуу, жоюу жана контролдоо боюнча демилгелердин ДСУ Европа регионунун улуттук максаттарына шайкештигин камсыз кылууга багытталат.
1-милдет | Вакцина менен башкарылуучу ооруларга жана курч алсыраткан шал оорусуна карата эпидемиологиялык көзөмөлдөө көрсөткүчтөрүнүн ДСУ эпидемиологиялык көзөмөлдөө стандарттарына шайкештигин камсыз кылуу |
2-милдет | Курч алсыраткан шал жана кызамык-кызылча ооруларынын шектүү учурларын аныктоонун, эсепке алуунун жана иликтөөнүн бул ооруларды жок кылуу жана жоюу боюнча максаттуу көрсөткүчтөргө шайкештиги |
3-милдет | ИККТны эпидемиологиялык көзөмөлдөө системасын жакшыртуу |
4-милдет | Ооруларды жок кылуу, жоюу жана контролдоо боюнча демилгелердин ДСУ Европа регионунун улуттук максаттарына шайкештигин камсыз кылуу |
Учурдагы 3-стратегиялык багыт: Вакцина менен башкарылуучу жугуштуу оорулардын келип чыгышына жана саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү.
Бул стратегиялык багыттын иш-чаралары оорунун келип чыгышына даяр туруу жана чара көрүү боюнча планды иштеп чыгууга, өлкөнүн саясий жетекчилигинин саламаттык сактоо жаатындагы кандай болбосун өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүгө даярдыгын камсыз кылууга багытталат.
1-милдет | Оорунун келип чыгышына даярдыгын камсыз кылуу жана чара көрүү боюнча планды иштеп чыгуу |
2-милдет | Өлкөнүн саясий жетекчилигинин саламаттык сактоо жаатындагы кандай болбосун өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүгө даярдыгын камсыз кылуу |
Учурдагы 4-стратегиялык багыт. Жаңы вакциналарды киргизүү жана өмүр бою вакцинациялоо.
Бул стратегиялык багыттын иш-чаралары эпидемиологиялык факторлорго жана өлкөнүн финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жаңы вакциналардын киргизилишин талкуулоого жана ИКТ-2030 сунуштарына ылайык өмүр бою вакцинациялоо мүмкүнчүлүктөрүн жана максатка ылайыктуулугун талкуулоого багытталат.
1-милдет | Эпидемиологиялык факторлорго жана финансылык мүмкүнчүлүктөргө жараша жаңы вакциналарды улуттук вакцинациялоо календарына киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун талкуулоо |
2-милдет | Өмүр бою вакцинациялоо мүмкүнчүлүктөрүн жана максатка ылайыктуулугун аныктоо |
8-глава. Күтүлүүчү натыйжалар
Программа кооптуу вакцина менен башкарылуучу жугуштуу ооруларга карата жагымдуу эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртууга жана колдоого багытталган.
2025–2030-жылдары Программаны ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү натыйжаларга жетишүү пландалууда:
1) Кыргыз Республикасынын полиомиелиттен эркин өлкө катары статусун сактоо жана полиомиелитти глобалдык ликвидациялоого көмөктөшүү;
2) кызамык, кызылча, тубаса кызылча ооруларынын жергиликтүү (эндемиялык) учурларын туруктуу жоюу, кызамык жана кызылча ооруларын жоюуну верификациялоого даярдоо;
3) дифтериянын жергиликтүү (эндемиялык) учурларын туруктуу жоюу;
4) 5 жашка чейинки балдар арасындагы В вирустук гепатит оорусунун деңгээлин 100 миң адамга карата 0,5 учурга чейин кармап туруу;
5) көк жөтөл оорусун 100 миң адамга карата 2 учурга чейин кыскарышы;
6) эпидемиялык паротит оорусунун 100 миң адамга карата 4 учурга чейин кыскарышы;
7) 5 жашка чейинки балдар арасында В түрүндөгү гемофилдик таякча жана пневмококк инфекциясы аркылуу пайда болгон ооз аркылуу жуккан вирустан, септикалык менингиттен жана пневмониядан улам келип чыгуучу оорулардын жана өлүмдүн санынын кыскарышы;
8) адамдын папиллома вирусуна каршы вакцинация менен камтууну 90 %дан кем эмес камсыз кылуу.
9-глава. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
Программанын жагымдуу өбөлгөлөрү болуп Программаны ишке ашыруу мезгилинде ВИГАнын колдоонун бардык түрлөрүн көрсөтүүнү улантуусу саналат – жаңы вакциналарды киргизүүгө, саламаттык сактоо системасын, муздаткыч чынжырчасы жабдууларын оптималдаштыруу платформасын бекемдөөгө жана кызамык менен кызылчага каршы кошумча иммунизация боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүүгө колдоо көрсөтүү.
Программаны ишке ашырууда төмөнкүдөй тобокелдиктер келип чыгышы мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун коргоо жана чыңдоо маселелеринде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жактоочулугунун жетишсиздиги;
2) вакциналарды, чыгымдалуучу материалдарды, муздаткыч чынжырчасы жабдууларын сатып алуу, аны оңдоо, техникалык жактан тейлөө жана мониторинг жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен финансылык ресурстардын жетишсиздиги;
3) БМСЖ деңгээлинде саламаттык сактоо уюмдарын оптималдаштыруунун алкагында штаттардын кыскарышына байланыштуу иммунизация боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн квалификациялуу медициналык персоналдын жетишсиздиги;
4) вакциналар боюнча калкка жетишсиз деңгээлде маалымат берилгендиктен улам вакцинациялоодон баш тартуулардын, диний ишенимдер боюнча жана вакциналардын коопсуздугу тууралуу шектенүүлөр боюнча баш тартуулардын санынын көбөйүшү;
5) негизсиз медициналык каршы көрсөтмөлөрдүн, калктын жогорку миграциясынын кесепетинен эмдөөлөрдү жүргүзүүдө кечигүү;
6) жамааттык иммунитеттин төмөндөө фонунда вакцина менен башкарылуучу жугуштуу оорулардын келип чыгуу тобокелдиги;
7) эпидемиологиялык абалы начар өлкөлөрдөн жугуштуу оорулардын ташылып келүү тобокелдиги жана калктын айрыкча иммундук көрсөткүчтөрү начар аймактарында эпидемиологялык кырдаалдын курчушу.
10-глава. Программага мониторинг жана баалоо жүргүзүү
Программанын ишке ашырылышын сырттан баалоо жана мониторинг төмөнкүлөрдүн алкагында жүргүзүлөт:
– Программага эл аралык сереп салуунун (3 жылда 1 жолу);
– ДСУ/ЮНИСЕФтин иммунизация боюнча биргелешкен отчетунун (жыл сайын);
– вакциналар менен натыйжалуу башкарылышын баалоонун (3 жылда 1 жолу);
– кызамык/кызылча жана полиомиелит статусу боюнча жаңыланган отчеттордун (жыл сайын);
– ВИГА гранттарын башкаруу боюнча механизмдин (ВИГА өнөктөштөрүнүн биргелешкен баалоосу, Программаны ишке ашырууда уюмдарды текшерүү боюнча отчет, финансылык аудит – жыл сайын);
– ВИГА гранттарынын көрсөткүчтөрүнүн түзүмүнүн (жыл сайын ВИГАнын өлкөлүк порталында).
Программанын ишке ашырылышын ичтен баалоо жана мониторинг төмөнкүлөрдүн алкагында жүргүзүлөт:
– саммиттердин, орточо мөөнөттүү серептердин;
– коомдук саламаттык сактоонун негизги оперативдүү функцияларын (КСОФ) аткарууну өз алдынча баалоонун;
– санитардык-эпидемиологиялык/медициналык кеңештердин;
– республикалык эмдөө комитеттеринин.
Иммундук-профилактика боюнча ведомстволор аралык координациялык комитет донордук каражаттарды пайдалануу боюнча натыйжалуу көзөмөл жүргүзүү процессине да катышат.
Программаны баалоону ишке ашыруунун натыйжалуулугун жана мониторинг жүргүзүүнү баалоо үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2027-жылы орто мөөнөттүү баалоону, ал эми финалдык баалоону 2030-жылы жүргүзөт.
11-глава. Вакциналардын мамлекеттик резервдик
запасын түзүү
Вакциналар менен өз убагында камсыздоо жана профилактикалык эмдөөлөрдүн календарына киргизилген профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн жылдык муктаждыктын кеминде 6 айлык өлчөмүндөгү вакциналардын мамлекеттик резервдик запасы түзүлөт.
Учурдагы жылга карата вакциналардын мамлекеттик резервдик запасына болгон муктаждыкты эсептөө төмөнкү тартип боюнча жүргүзүлөт:
1) саламаттык сактоо уюмдары профилактикалык эмдөөлөрдүн календарына ылайык максаттуу топтордун санын түзөт жана аны аймактык Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлоруна (мындан ары – ОАжМСЭКБ) берет;
2) аймактык ОАжМСЭКБлар саламаттык сактоо уюмдары тарабынан алынган маалыматтарга ылайык профилактикалык эмдөөлөрдүн календарына киргизилген вакциналар менен чыгымдалуучу материалдарга болгон муктаждыкты эсептөөнү жүргүзөт;
3) аймактык ОАжМСЭКБлар вакциналар менен чыгымдалуучу материалдарга болгон муктаждыктын эсебин РИБге берет;
4) РИБ берилген маалыматтарга талдоо жүргүзөт жана муктаждык жыйнагын жана болжолун түзүп, кийин аны Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жөнөтөт;
5) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги берилген маалыматтарды эске алуу менен жылдык муктаждыктын кеминде 6 айлык өлчөмүндө вакциналардын мамлекеттик резервдик запасын бекитет.
12-глава. Программаны каржылоо
Программаны каржылоонун негизги булактары болуп республикалык бюджет жана ВИГАнын гранттык каражаттары саналат.
2025–2030-жылдарга Программаны ишке ашыруунун наркын алдын ала баалоо 43,6 миллион АКШ долларын түздү. Демографиялык божомолдорду эске алсак, Программаны киргизүү жылына калктын жан башына 1,22 АКШ доллары өлчөмүндөгү инвестицияны же толук вакцинацияланган балага 5 жыл ичинде 57 АКШ долларын талап кылат.
Программанын бюджетинин чыгымдарынын негизги категориясы болуп вакциналарды жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алуу саналат. Аталган категориялардын сарптоолору Программанын бүт наркынын 76 %ынан ашыгын түзөт. Суроо-талапты түзүү Программанын наркын аныктоочу экинчи негизги фактор болуп саналат, ал Программаны киргизүү үчүн ресурстарга муктаждыктын 13,5 %ын түзөт. Программага мониторинг жүргүзүүнү камсыздоо үчүн ресурстарга болгон муктаждык бюджеттин 5,6 %ын, вакцина менен башкарылуучу жугуштуу ооруларга байкоо жүргүзүү – 1,2 %ды түзөт. Кызмат көрсөтүүлөрдүн компоненти үчүн ресурстарга муктаждык Программанын наркынын 1,6 %ын, ал эми адам ресурстарынын компоненти Программаны киргизүү үчүн зарыл болгон бардык ресурстун 1 %ын түзөт.
Бул компоненттерди ишке ашыруу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен да, донордук колдоонун эсебинен да жүзөгө ашырылат.
13-глава. Программаны ишке ашыруу
Программаны толук аткаруу үчүн аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыккан.
Программа тиешелүү мамлекеттик органдардын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана коммерциялык эмес уюмдардын катышуусунда иш-чаралар планына ылайык 2025–2030-жылдар ичинде ишке ашырылат.
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр иммунизациялык иш-чараларды даярдоого, ишке ашырууга жана баалоого техникалык жардам көрсөтөт. Улуттук жана эл аралык стандарттардын жана сунуштамалардын негизинде иштелип чыккан техникалык колдонмо жана протоколдор киргизилет жана медициналык кызматкерлер үчүн иштөөдө колдонмо катары кызмат кылат.