Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 90 токтому менен бекитилди) |
«2025–2030-жылдарга иммундук профилактика» программасын ишке ашыруу боюнча
иш-чаралар планы
№
| Милдеттер | Чаралар/Аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
1. Программанын ишке ашырылышына саясий колдоо көрсөтүү жана кадрдык потенциалды күчөтүү | |||||
1.1 | Программаны жетекчиликке алуу жана башкаруу иштерин күчөтүү
| Программага инвестициялоонун артыкчылыктары жана пайдасы боюнча саясий чечим кабыл алуучу адамдардын деңгээлинде иммунизацияны илгерилетүү | Жыл сайын | Программага жетиштүү өлчөмдөгү бюджеттик каржылоо бөлүндү | ССМ, ФМ |
Программанын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ведомство аралык жана сектор аралык координацияны күчөтүү
| Жыл сайын | Программанын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнүн натыйжаларын ведомство аралык жана сектор аралык координациялоону күчөтүү боюнча натыйжалар жетишилди | ССМ | ||
Иммунизация пункттарын квалификациялуу кызматкерлер менен толуктоо аркылуу иммунизация системасынын толук кандуу иштөөсүн камсыздоо
| Жыл сайын | Иммунизация пункттары (БМСЖ) кызматкерлердин керектүү саны менен 95 % толукталды. Иммунизация боюнча кызмат көрсөтүүчү медициналык кызматкерлердин 95 %ын даярдоо жана кайра даярдоо камсыз кылынды | ССМ, өнөктөштөр | ||
Натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүнүн бири катары иммунизацияны колдонуу менен Программанын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү күчөтүү (ТӨМ индикатору) | Жыл сайын | ТӨМ индикаторлорунун матрицасы даярдалды (профилактикалык эмдөө календарынын негизги антигендери) | ССМ, өнөктөштөр | ||
1.2 | Коомдук пикирдин лидерлерин жана кызыкдар тараптарды кабарлоо жана тартуу
| Коомдук лидерлерди жана кызыкдар тараптарды бардык баскычтарда иммунизацияны илгерилетүү үчүн күчтүү альянсты түзүүгө тартуу механизмин кеңейтүү жана колдоо | Жыл сайын | Профилактикалык эмдөөлөр 90 %дан кем эмес деңгээлде жогорку камтуу менен камсыздалды | ССМ, ДИМК |
Коомдук пикирдин лидерлери, кызыкдар тараптар менен маалымат алмашууга көмөктөшүү жана иммунизацияны пропагандалоо үчүн Программанын негизги персоналын даярдоо деңгээлин жогорулатуу | Жыл сайын | Коомдук пикирдин лидерлеринин жана кызыкдар тараптардын кабардар болуу деңгээли жогорулатылды | ССМ | ||
1.3 | Иш жүзүндөгү маалыматтарга негизделген саясатты ишке ашыруу жана иштеп чыгуу максатында ИЭИТТны чыңдоо
| Программада белгиленген көрсөткүчтөргө ИЭИТТтин тийгизген таасирин жана натыйжалуулугун баалоо
| Жыл сайын | Вакцина менен жөнгө салынуучу жугуштуу ооруларга эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн практикалык сунуштар даярдалды | ССМ |
ИЭИТТнын эквиваленттүү региондук (Европа техникалык-консультативдик эксперттер тобу) жана глобалдык (стратегиялык консультивдик эксперттер тобу) консультативдик органдар менен болгон байланышын колдоо жана чыңдоо | Жыл сайын | ИЭЕТКБге, РЖТга катышуу камсыздалды | ССМ, өнөктөштөр | ||
2. Натыйжалуу адвокация жана коммуникация аркылуу иммунизация боюнча маалымдуулукту, ишенимди жана суроо-талапты жогорулатуу | |||||
2.1 | Вакциналарга жана иммунизация боюнча кызмат көрсөтүүлөргө болгон ишенимди чыңдоо жана суроо-талапты жана байланыштарды туруктуу негизде түзүү боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн вакцина менен жөнгө салынуучу жугуштуу оорулар менен байланышкан тобокелдиктер, вакцинациянын артыкчылыктары жөнүндө калкка маалымат берүү | 2024–2030-жылдар мезгилине коммуникация планын ишке ашыруу жана пландуу иммунизацияга карата суроо-талапты жогорулатуу
| Жыл сайын | 2024–2030-жылдар мезгилине карата коммуникация планы ишке ашырылды, пландуу иммунизацияга суроо-талап жогорулады. Энелердин 90 %ы профилактикалык эмдөөлөр календары жөнүндө толук маалыматка ээ
| ССМ, өнөктөштөр |
2.2 | Маалымат берүү жана позитивдүү медиа-чөйрөнү колдоо үчүн жаңы өнөктөштөрдү, коомдук лидерлерди тартуу | Жаңы өнөктөштөрдүн, анын ичинде окутуучулардын, диний лидерлердин, салттуу жана социалдык медиа өкүлдөрүнүн, саламаттык сактоо кызматкерлеринин, иммунизация боюнча даярдыктан өткөн коомдук лидерлердин тизмесин кеңейтүү | Жыл сайын | Бардык аймактык бирдиктерде кеминде 95 % деңгээлинде профилактикалык эмдөөлөр менен камтуу менен жаңы өнөктөштөрдүн тизмеси даярдалды | ССМ, өнөктөштөр |
3. Ыңгайлаштырылган, инновациялык стратегиялар аркылуу калкка иммунизация кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу | |||||
3.1 | Жетиштүү деңгээлде тейлөөгө алынбаган калкты жана теңсиздиктин себептерин аныктоо
| Калк тобун жана тобокелдик тобун аныктоо, алардын эмдөөдөн толук өтпөй калуу себептерин аныктоо: административдик маалыматтар боюнча; изилдөөлөрдүн маалыматтары боюнча (КККТ, аялуу топтун арасындагы камтуу ж.б.) | Жыл сайын
| ДСУ/ЮНИСЕФ бириктирилген отчёту, КККТ жана башка изилдөөлөр боюнча отчёттор берилди
| ССМ, ЭСКММ, БИМ, УСК, өнөктөштөр |
Жетиштүү деңгээлде тейленбеген калктын (социалдык жана аялуу адамдар) иммунизацияга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн учурдагы укуктук же административдик тоскоолдуктарды аныктоо | 2025-жылдын III кварталы | Жетиштүү деңгээлде тейленбеген калкты камтуу мүмкүнчүлүгү пайда болду | ССМ, ЭСКММ, БИМ, УСК, өнөктөштөр | ||
Программаны жетиштүү деңгээлде тейленбеген калктын (социалдык жана аялуу адамдар) муктаждыктарына адаптациялоо | 2025-жылдын IV кварталы | Программаны жетиштүү деңгээлде тейленбеген калкка (социалдык жана аялуу адамдар) адаптациялоо жөнүндө ССМ буйругу даярдалды | ССМ, ЭСКММ, БИМ
| ||
3.2 | Жетиштүү деңгээлде тейленбеген калктын көйгөйлөрүн жана теңсиздиктин себептерин чечүү үчүн жекече инновациялык стратегияларды иштеп чыгуу жана киргизүү
| Профилактикалык эмдөөлөрдүн календарынын алкагында профилактикалык эмдөөлөр менен камтууну жогорулатуу боюнча планды жана коммуникация жана вакцинацияга карата суроо-талапты түзүү боюнча планды жүзөгө ашыруу | 2025–2026-жылдар | 2025–2026-жылдарга пландардын аткарылышы боюнча аналитикалык сереп даярдалды
| ССМ, БИМ
|
5 жашка чейинки толук эмделбей калган балдар арасында иммунизация жүргүзүүнү камсыздоо жана «Ваучердик каржылоо системасы» долбоорунун планы менен интеграциялоо | 2025–2026-жылдар | 1–5 жаш курактык топтогу бардык эмделген жана толук эмделбей калган балдарды 85 %га камтуу камсыз кылынды | ССМ, ЭСКММ, БИМ
| ||
Чоң адамдар арасында дифтерияга жана столбнякка каршы иммунизация боюнча кошумча иш-чараларды өткөрүү | 2026–2027-жылдар
| 90 % деңгээлде камтуу жетишилди | ССМ, ФМ, БИМ
| ||
3.3 | Иммунизацияга адилеттүү жетүүнү камсыз кылуу үчүн системаны жана мүмкүнчүлүк-төрдү түзүү
| Саламаттык сактоонун маалыматтык системаларынын курамдык бөлүгү болуучу жана колдонуудагы медициналык отчеттуулуктун формаларын алмаштыруучу иммунизацияны эсепке алуунун электрондук формаларын практикага киргизүү аркылуу ар бир адамдын эмдөө статусуна мониторинг жүргүзүү | Жыл сайын | I-Emdoo маалымат системасынын жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталынын дашборддору интеграцияланды | ССМ, СӨМ |
4. Программадагы маалыматтарды башкаруу жана мониторинг жүргүзүү системасын күчөтүү | |||||
4.1 | Программанын жана саламаттык сактоо системасынын алкагында комплекстүү, координация-ланган ыкмаларды иштеп чыгуу
| Эл аралык мааниге ээ ВБЖО келип чыккан учурда кабыл алынган Эл аралык медициналык-санитардык эрежелердин алкагында чара көрүүлөрдү күчөтүүнү камсыздоо | Жыл сайын | Алдын алуучу жана эпидемияга каршы иш-чаралардын комплекси камсыз кылынган
| ССМ, өнөктөштөр |
Вакциналарды жеткирүү жана сактоо системасы үчүн стандарттарды жана операциялык жол-жоболорду киргизүү менен дары каражаттарын жүгүртүү боюнча ченемдик укуктук актыларды ылайык келтирүү | 2026–2027-жылдар
| Вакциналарды натыйжалуу башкаруу стандарттары сакталган | ССМ | ||
Программанын саламаттык сактоонун кыйла кеңири стратегияларына шайкеш келишин камсыз кылуу (балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугуна карата саясат, коомдук саламаттык сактоо жана саламаттык сактоо системаларынын саясаты) | Жыл сайын | Профилактикалык эмдөөлөрдүн календарына ылайык бардык эмдөөлөрдү алган 2 жашка чейинки балдарды 90 % камтуу камсыз кылынды | ССМ, ЭСКММ, БИМ
| ||
4.2 | Мониторинг жана баалоо | Иммунизацияда санариптештирүүнүн жол каратасынын иш-чараларын жүзөгө ашыруу жана санариптик саламаттык сактоо системасында маалымат базалары менен интеграциялоону камсыздоо
| Жыл сайын | Иммунизациялоо процесстерин натыйжалуу башкарууну жана саламаттык сактоонун ар кандай деңгээлдеринин ортосунда маалымат алмашууну камсыз кылуучу бирдиктүү интеграцияланган санариптик система киргизилди | ССМ, СӨМ, өнөктөштөр |
Иммунизациядан кийин ВБЖОну жана кыйыр таасирлерди эпидемиологиялык көзөмөлдөөнү күчөтүү
| Жыл сайын | Профилактикалык эмдөөлөр менен камтуу көрсөткүчтөрү жана ВБЖО менен оору көрсөткүчтөрү камтылган аналитикалык отчеттор даярдалды | ССМ, өнөктөштөр
| ||
4.3 | Программада иштеген адистердин потенциалын күчөтүү | Иммунизация ооруларды комплекстүү контролдоонун компоненти катары каралган жаңы окуу программаларын иштеп чыгуу менен дипломго чейинки жана дипломдон кийинки программаларды институтташтыруу | Жыл сайын | КМКДжАЖИ иммунизация боюнча окуу пландарына толуктоолор киргизилди | ССМ
|
Потенциалды жогорулатуу боюнча күч-аракеттерди активдештирүү, ошондой эле бардык деңгээлдерде окутууну (мисалы, электрондук окутуу, насаатчылык, тармактарды түзүү) илгерилетүү жана колдоо үчүн окутуунун жаңы методдорун пайдалануу | Жыл сайын | Интернет-мейкиндигинде иммунизацияны пропагандалоо бекитилди
| ССМ
| ||
Комплекстүү окутуу жана сертификациялоо жолу менен иммунизацияга карата суроо-талапка дем берүү жаатында медициналык кызматкелердин компетенттүүлүгүн жогорулатуу |
| Медициналык кызматкерлердин 95 %ы иммунизацияга карата суроо-талапка дем берүү маселелери боюнча окутулду жана аккредитацияланды | ССМ | ||
4.4 | Инфраструктура-ны жана логистиканы күчөтүү | Вакциналарды натыйжалуу башкарууну өркүндөтүү боюнча планды жүзөгө ашыруу | 2025–2026-жылдар | Вакциналарды натыйжалуу башкаруунун стандарттары сакталды | ССМ
|
2025–2030-жылдардын мезгилине программада муздаткыч чынжырчасы жабдууларын модернизациялоо боюнча планды жаңылоо | 2025-жыл | Вакциналарды натыйжалуу башкаруунун стандарттары сакталды | ССМ
| ||
Борбордук вакцина сакталуучу кампа куруу | 2025–2026-жылдар | Талаптагыдай дистрибьютердик практиканы (GDP) эске алуу менен вакцина сакталуучу кампа курулду | ССМ, өнөктөштөр | ||
Облустук жана райондук деңгээлдеги бардык вакцина кампаларынын (2022–2024-жылдардагы жаңы вакцина кампаларынан сырткары) инфрастуктурасын баалоо жана куруу же реконструкциялоо мүмкүнчүлүгүн пландаштыруу | 2025-жыл | Вакцина кампаларын баалоо боюнча керектөөлөр жана сунуштар менен бирге отчет даярдалды | ССМ, өнөктөштөр | ||
Облустук/шаардык/райондук вакцина кампаларын курууну/реконструкциялоону пландоо | 2025–2030-жылдар | Аталган кампалардагы вакциналарды натыйжалуу башкаруунун стандарттары сакталды | ССМ, өнөктөштөр | ||
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ортосунда Вакциналарга жана керектелүүчү материалдарга бажылык тариздөө жол-жоболорун натыйжалуу жана тез жүргүзүү боюнча өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумду даярдоо | 2025-жыл | Вакциналардын жана чыгымдалуучу материалдарды бажы тариздөө жол-жоболорун тездетүү боюнча макулдашуу камсыз кылынды
| ССМ
| ||
Муздаткыч чынжырчасы жабдууларын оптималдаштыруу боюнча платформанын (МЧЖОП) алкагында Вакциналар жана иммунизация боюнча Глобалдык Альянска өтүнмө даярдоо | 2025-жыл | Муздаткыч чынжырчасы жабдууларын оптималдаштыруу боюнча өтүнмө даярдалды | ССМ, өнөктөштөр | ||
5. Сапаттуу вакциналарга кепилденген жетүү үчүн финансылык туруктуулукту жана Программаны натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу | |||||
5.1 | Өзүн-өзү финансылык камсыздоого жетишүү контекстинде максаттарга жетүү үчүн Программага адекваттуу каржылоо бөлүү
| Иммунизациянын жетишкен-диктерин колдоо жана алдыга жылдыруу максатында иммунизациянын финансылык милдеттенмелерин бекемдөө үчүн иммунизациянын артыкчылыктарын пропагандалоо
| Жыл сайын | Вакциналарды жана чыгымдалуучу материалдарды үзгүлтүксүз жеткирип туруу камсыздалды | ССМ, өнөктөштөр |
Саламаттык сактоо системасынын бардык деңгээлдеринде Программанын бардык компоненттерин ишке ашыруу үчүн бюджеттик ассигнованиелерди көбөйтүү жана каражаттарды өз убагында бөлүү | Жыл сайын | ССМ, ФМ, өнөктөштөр | |||
Профилактикалык эмдөө календарынын алкагында вакциналык препараттар менен чыгымдалуучу материалдардын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана сатып алууларды кепилденген бюджеттик каржылоо менен камсыздоо. Вакциналарды жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алууга финансы каражаттарынын 50 %дык резервин түзүү (жарым жылдык керектөөлөрдүн чегинде) | Жыл сайын | ССМ, ФМ, өнөктөштөр | |||
ВБЖО келип чыккан учурларда эпидемияга каршы иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү максатында мамлекеттик бюджеттен, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан зарыл каражаттарды бөлүү | Жыл сайын | ВБЖО эпидемиялык учурларын ликвидациялоо | ССМ, ФМ, ММКФ | ||
5.2 | Сапаты кепилденген вакциналарды жеткиликтүү баа боюнча алуу мүмкүнчүлүгүн берүү | Программанын узак мөөнөттүү өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн ЮНИСЕФтин жеткирүүлөр бөлүмү аркылуу вакциналарды жана иммунизация үчүн чыгымдалуучу материалдарды сатып алуу жаатындагы улуттук мыйзамдарды талапка ылайык келтирүү | Жыл сайын | Вакциналарды жана чыгымдалуучу материалдарды үзгүлтүксүз жеткирип туруу камсыздалды | ССМ, МСД, өнөктөштөр |
Өндүрүүчүлөрдөн түз сатып алуу боюнча эл аралык тендерлерге, ЮНИСЕФтин берүүлөр бөлүмү аркылуу жамааттык сатып алууларга катышуу жолу менен иммунизация үчүн вакциналарды жана керектелүүчү материалдарды сатып алуунун экономикалык натыйжалуулугун жогорулатуу | Жыл сайын | Вакциналарды жана чыгымдалуучу материалдарды үзгүлтүксүз жеткирип туруу камсыздалды | ССМ, ФМ, өнөктөштөр | ||
ДСУнун жана ЮНИСЕФтин тиешелүү эл аралык системаларын колдонуу менен вакциналарды сатып алуу баалары боюнча маалымат алмашуу
| Жыл сайын | Вакциналарды жана чыгымдалуучу материалдарды үзгүлтүксүз жеткирип туруу камсыздалды | ССМ, өнөктөштөр | ||
Кыскартуулардын тизмеси
| ||
ССМ | – | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ФМ | – | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЭСКММ | – | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
БИМ | – | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
СӨМ | – | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
УСК | – | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
ДИМК | – | Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы |
МСД | – | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти |
ММКФ | – | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду |
ТӨМ | – | Туруктуу өнүктүрүү максаттары |
БМСЖ | – | баштапкы медициналык-санитардык жардам |
ИЭИТТ | – | Иммунизация боюнча эксперттердин илимий-техникалык тобу |
ЮНИСЕФ | – | Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду |
ДСУ | – | Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму |
КМКДжКЖИ | – | С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институту |
КККТ | – | көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча кластердик текшерүү |
ИЭЕТКБ | – | иммунизация боюнча эксперттердин европалык техникалык консультациялык тобу |
РЖТ | – | региондук жумушчу топ |
ВБЖО | – | вакцина менен башкарылуучу жугуштуу оору |
МЧЖОП | – | муздаткыч чынжырчасы жабдууларын оптималдаштыруу боюнча платформа |