Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 25-февралындагы № 90
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 16-декабры № 609
2020-2024-жылдарга "Иммунопрофилактика" программасын бекитүү
жөнүндө
Калктын саламаттыгын коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу максатында, "Жугуштуу ооруларды иммупопрофилактикалоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2020-2024-жылдарга "Иммунопрофилактика" программасы, 1-тиркемеге ылайык;
2) 2020-2024-жылдарга "Иммунопрофилактика" программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары Иш-чаралардын планы), 2-тиркемеге ылайык;
3) 2020-2024-жылдарга "Иммунопрофилактика" программасын ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү индикаторлорунун матрицасы, 3-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) Иш-чаралардын планын аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
2) отчёттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен, ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги отчёттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен, ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э.Новиков |
| 2-тиркеме |
"2020-2024-жылдарга Иммунопрофилактика" программасын ишке ашыруу боюнча
иш-чаралардын планы
№ | Милдеттер | Чаралар/Аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлгөн натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар |
1-глава. Иммундаштыруу программасына саясий берилгендикти күчөтүү Башкаруу жана менеджмент | |||||
1 | 2020-2024-жылдарга "Иммунопрофилактика" программасын (мындан ары Программа) натыйжалуу башкарууну уюштуруу | Саламаттык сактоо системасын реформалоонун алкагында "Инфекциялык ооруларды иммунопрофилактикалоону көрө билүү" иштеп чыгуу | 2021-жылдын II кварталы | Сунуштары менен аналитикалык отчёт даярдалды | ССМ |
Инфекциялык ооруларды иммунопрофилактикалоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга инвентаризация жана талдоо жүргүзүү | 2021-жылдын III кварталы | Сунуштары менен аналитикалык отчёт даярдалды | ССМ | ||
Программаны ишке ашыруу боюнча региондук (облустук, шаардык, райондук) пландарды иштеп чыгуу | 2021-жылдын I кварталы | Иш-чаралардын планы даярдалды | ССМ ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
Инфекциялык ооруларды иммунопрофилактикалоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү менен байланышкан эл аралык, республикалык, региондук жана жергиликтүү иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү | Иш планда белгиленген мөөнөттөргө ылайык | Программага саясий берилгендикти күчөтүү | ССМ, макулдашуу боюнча: ДСУ, ЮНИСЕФ, ВИГА ДБ | ||
Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын баалоо үчүн Ведомстволор аралык координациялык комитеттин жана Иммунопрофилактикалоо боюнча республикалык эмдөө комитетинин жыйындарын өткөрүү | ВКК, ИРЭКтин иш пландары боюнча белгиленген мөөнөттөргө ылайык | Аналитикалык кат, ВККнын. ИРЭКТин чечимдери | ССМ, макулдашуу боюнча: ДСУ, ЮНИСЕФ, ВИГА ДБ | ||
Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын баалоо үчүн координациялык комитеттин жана облустук. шаардык жана райондук иммунопрофилактикалоо боюнча эмдөө комитеттеринин жыйындарын | Комитеттердин иш планында белгиленген мөөнөттөргө ылайык | Аналитикалык кат, чечим | КРӨнун облустардагы ЫУӨ, ССМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
Мектепке чейинки, жалпы билим берүүчү балдар мекемелеринде, орто жана жогорку окуу жайларында иммунизациялоо процессин жөнгө салуу, алдын алуучу эмдөөлөрдү каттоо | 2021-жылдын II кварталы | ССМ менен БИМдин биргелешкен буйругу даярдалды | ССМ, БИМ (макулдашуу боюнча) | ||
Иммунизациялоодон опурталдар жана пайдалар боюнча чечим кабыл алууга карата социалдык маселелерди тейлөөчү адамдар үчүн ресурстарды мобилизациялоо боюнча маалыматтык-маалымдама материалдарын иштеп чыгуу жана жайылтуу (мамлекеттик органдар, коммерциялык эмес уюмдар) | 2021-жылдын I кварталы | Маалыматтык материалдар иштелип чыкты жана ишке киргизилди | ССМ | ||
2 | ИИКТЭнин ишинин натыйжалуулугуна баалоо жүргүзүү жана иш жүзүндөгү маалыматтарга негизделген саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында ИИКТ") мүчөлөрүнүн потенциалын бекемдөө | Иммунизациялоо боюнча илимий-консультативдик эксперттер тобунун иштеринин натыйжалуулугуна баалоо жүргүзүү (мындан ары ИИКТЭ) | 2020-жылдын IV кварталы | ИИКТЭнин иши жөнүндө отчет даярдалды | ССМ |
Европа илимий-техникалык консультативдик эксперттер тобунун иммунизациялоо боюнча тренингдерин, кеңешмелерин өткөрүү аркылуу ИИКТЭ мүчөлөрүнүн потенциалын жогорулатуу | ЕИТКТЭнин графигине ылайык | ИИКТЭ мүчөлөрүнүн потенциалы жогорулады | ССМ | ||
Иммунизациялоонун баалуулуктары жана маанилүүлүгү жөнүндө ИИКТЭнин сунуштары боюнча далилдөөчү медицинанын көз карашынан калк арасында маалыматты жайылтуу (коомдук саламаттык сактоонун маанилүүлүгү, оорулардын жана өлүмдүн алдын алуу, ооруну четтетүү жана түп тамырынан бери жок кылуу, опурталдарды, социалдык жана экономикалык чыгымдарды минималдаштыруу) | Жыл сайын | Калк иммундаштыруунун маанилүүлүгү тууралуу маалымат алды | ССМ, ДСУ (макулдашуу боюнча) | ||
2-глава. Заманбап инновациялык маалыматтык-коммуникациялык ыкмаларды кеңири колдонуу менен маалыматтык технологияларды пайдаланып жана жергиликтүү алдынча башкаруу органдарын, жергиликтүү жамааттарды жана кызыкдар болгон өнөктөрдү тартуу менен иммунопрофилактикалоо маселелери боюнча калкка маалымдоо системасын өнүктүрүү | |||||
3 | Инфекциялык оорулар маселеси, инфекциялык ооруларды иммуно-профилактикалоонун артыкчылыгы боюнча маалыматтык-коммуникативдик иш-чаралардын комплексин иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу | Иштелип чыккан коммуникациялык кийлигишүүлөрдүн натыйжалуулугун баалоо үчүн иммунизациялоого карата билимдер, мамилелер, тажрыйба боюнча аралыктык изилдөө жүргүзүү | 2021-жылдын III кварталы | Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча отчёт даярдалды | ССМ, ДСУ (макулдашуу боюнча), ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча) |
2021-2023-жылдарга иммунизациялоо боюнча коммуникациялык стратегияны жана медиа планды иштеп чыгуу) | 2021-жылдын IV кварталы | Коммуникациялык стратегия жана медиа план бекитилди | ССМ, ДСУ (макулдашуу боюнча), ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча) | ||
Республикалык иммунопрофилактика борборунун (мындан ары - РИБ) сайты www.privivka.kg жана социалдык тармактар аркылуу вакцина менен башкарылуучу инфекциялар тобокелдиги жана иммунизациялоонун артыкчылыктары жөнүндө коомчулукка маалымат берүүгө багытталган маалыматтык-коммуникациялык кампанияларды жүргүзүү | 2021-жылдын IV кварталы | Вакцина менен башкарылуучу инфекциялар тобокелдиги жана иммундаштыруунун артыкчылыктары жөнүндө калкка маалымат берилди | ССМ, ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча) | ||
Калк, медициналык кызматкерлер жана жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн иммунизациялоонун баалуулуктары боюнча маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу жана бөлүштүрүү | 2021-жылдын I кварталы | Маалыматтык материалдар даярдалды жана бөлүштүрүлдү | ССМ, ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча) | ||
ЖОБО, жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүн жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү тартуу менен ден соолукту чыңдоо системасына иммунизациялоону интеграциялоо | Жыл сайын | Эмдөөдөн баш тарткан адамдардын саны азайды | ССМ, макулдашуу боюнча: ДСУ, ДИМК, ЖӨБО, КЭУ, ДСУ, ЮНИСЕФ | ||
Медициналык кызматкер үчүн адамдардын ортосундагы мамиле боюнча модулду ыңгайлаштыруу жана тренингдерди өткөрүү | 2020-жылдын IV кварталы | Адамдардын ортосундагы мамиле боюнча модуль бекитилди | ССМ, ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча) ССМ | ||
Вакцинация жана анын артыкчылыктары жөнүндө балансташкан жана туура материалдарды басып чыгаруу жана трансляциялоо үчүн маалымат берүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери үчүн тренингдерди өткөрүү | 2020-жылдын IV кварталы | Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери окутулду | |||
ЖӨБО жана АДК үчүн вакцинациялоону жана анын артыкчылыктарын пропагандалоо боюнча тренингдерди өткөрүү | 2020-жылдын III кварталы | ЖӨБО жана АДК адистери окутулду | ССМ, ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | ||
Кесиптик ассоциациялардын жана коомдордун, айылдык ден соолук комитеттеринин, КЭУлардын, окуу жайларынын өкүлдөрү менен калк үчүн вакциналардын маанилүүлүгүн пропагандалоо боюнча үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүү | Жыл сайын | Кеңешмелер, тегерек столдор өткөрүлдү | ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | ||
4 | Улуттук жана региондук деңгээлде кризиске каршы коммуникациялар планын түзүү | Иммунизациялоодон кийин терс кесепеттери менен байланышкан опурталдар кризистер жөнүндө маалымдоо үчүн стандарттуу операциялык жол-жоболорду иштеп чыгуу | 2020-жылдын IV кварталы | Стандарттуу операциялык жол-жоболор иштелип чыкты жана бекитилди | ССМ, ДСУ (макулдашуу боюнча) |
3-глава. Ыңгайлаштырылган, инновациялык стратегияларды берүүнүн эсебинен иммундаштыруу кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу аркылуу калктын максаттуу курактык топторунун 95%дан кем эмесин иммунизациялоо менен камтуу | |||||
5 | Жетиштүү деңгээлде тейленбеген калкты жана алардын теңсиздик себептерин аныктоо | Төмөнкүлөр боюнча "тобокелдик" тобун аныктоо, алардын эмлделбегендеринин себептерин табуу: - административдик маалыматтар; - мульти индикатордук кластердик изилдөөнүн маалыматтары, аялуу топтордун ичинен камтуу | Жыл сайын, отчёттук жылдан кийинки I квартал | ДСУ/ЮНИСЕФтин бириктирилген отчёту. Мултьти-индикатордук кластердик изилдөөнүн отчёту | ССМ, ДСУ (макулдашуу боюнча), ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча) |
Жетиштүү тейленбеген калктын (социалдык жана аялуу адамдарды) иммунизациялоого жетишин камсыз кылуу үчүн укуктук же административдик тоскоолдуктарды аныктоо | 2020-жылдын IV кварталы | Изилдөөлөрдүн отчёту алынды | ССМ | ||
Иммунизациялоо программасын жетиштүү тейленбеген калктын муктаждыктарына ыңгайлаштыруу | 2021-жылдын II кварталы | ССМдин ички мигранттар менен иштөө боюнча иммунизациялоо программасын ыңгайлаштырууну жайылтуу жөнүндө буйругу даярдалды | ССМ, ДСУ (макулдашуу боюнча). ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча) | ||
6 | Жетиштүү деңгээлде тейленбеген калктын проблемаларын иммунизациялоонун кызмат көрсөтүүлөрүн алууга тоскоолдуктарды чечүү үчүн жекече инновациялык стратегияларды иштеп чыгуу жана киргизүү | Жетиштүү тейленбеген калкты иммунизациялоо үчүн көчмө/мобилдик бригадаларды түзүү | Жыл сайын | Көчмө/мобилдүү бригадалар түзүлдү. "Эмдөө ишинин абалы жөнүндө отчёт" 5-форма боюнча отчет берилди | ССМ, ДСУ (макулдашуу боюнча), ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча) |
Эмделген, жарым жартылай эмделген калкты камтуу үчүн ДСУ/ЮНИСЕФ "Иммундаштыруунун Европа жумалыгы" платформасын пайдалануу | Жыл сайын апрель айымда | Иммунизациялоонун Европа жумалыгынын отчету. "Эмдөө ишинин абалы жөнүндө отчет" 5-форма боюнча эмделген адамдардын саны | ССМ, ДСУ (макулдашуу боюнча), ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча) | ||
Сапаттуу иммунизациялоо боюнча кызмат көрсөтүүнүн, анын жыйынтыгына, аны менен камтууга жана кызмат көрсөтүүгө багытталган баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо үчүн критерийлерди, индикаторлорду иштеп чыгуу жана бекитүү | 2021-жылдын I кварталы | ССМ менен ММК фондунун биргелешкен буйругу даярдалды | ССМ, ММК фонду | ||
Бишкек жана Ош шаарларына басым жасоо менен ички мигранттарды тейлөөчү саламаттык сактоо уюмдарында ЖНК (Жыйынтыктарга негизделген каржылоо) системасын киргизүү үчүн ресурстар менен камсыз кылуу | 2020-жылдын IV кварталы | "Катталган калк" автоматташтырылган маалымат системасынын программалык камсыздоосуна толуктоолорду киргизүү | ССМ, ДСУ (макулдашуу боюнча) | ||
Айрым жетүүгө кыйын болгон райондор жана Бишкек, Ош шаарларынын айланасындагы ички миграциясы бар жаңы конуштар үчүн мобилдүү бригадалардын иши боюнча операциялык чыгымдарды колдоо | Жыл сайын | Мобилдик бригадалар түзүлдү. "Эмдөө ишинин абалы жөнүндө отчёт" 5-формасы боюнча отчёт берилди | ССМ, ДСУ (макулдашуу боюнча), ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча) | ||
Инактивдүү полиомиелит вакцинасын өткөрүп жиберген балдарга полиомиелитке каршы "ордун толтуруучу" иммунизациялоону жүргүзүү | 2021-жылдын II кварталы | Кошумча иш-чараларды өткөрүү жөнүндө отчёт даярдалды | ССМ, ДСУ (макулдашуу боюнча), ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча) | ||
Эмделбеген жана/же толук эмес эмделген балдар арасында кызамыкка жана кызылчага каршы иммунизациялоо боюнча кошумча иш-чараларды жүргүзүү | 2022-жылдын II кварталы | Кошумча иш-чаралар жүргүзүлгөндүгү жөнүндө отчёт даярдалды | ССМ, ДСУ (макулдашуу боюнча), ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча) | ||
7 | Иммунизациялоого адилеттүү жетүүнү камсыз кылуу үчүн системаны жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүү | Саламаттык сактоодо маалыматтык системалардын түзүмдүк бөлүгү болуп эсептелген эмдөөлөрдү каттоонун электрондук эсепке алуу формаларын иштел чыгуу | 2022-жылдын IV кварталы | Эмдөөлөрдү каттоонун электрондук эсепке алуу формаларынын болушу | ССМ. ДСУ (макулдашуу боюнча). ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча) |
4-глава. Калкты иммунизациялоо боюнча комплекстүү координацияланган ыкмаларды өнүктүрүү | |||||
8 | Комплекстүү, координацияланган ыкмаларды иштеп чыгуу | Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүүдө иммунизациялоонун көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзүү (3.3 жана 3.8-милдет) | Жыл сайын | Отчет берилди | ССМ |
Кабыл алынган эл аралык медициналык-санитардык эрежелердин алкагында потенциалдуу коркунуч жаратуучу жатып ичиндеги инфекцияларга чара көрүүгө даярдыкты камсыз кылуу | Жыл сайы | Эл аралык медициналык-санитардык эрежелер сакталды | ССМ, МЧК | ||
2012-2020-жылдарга кызамык жана кызылчага каршы күрөшүү боюнча Глобалдуу стратегиялык планга ылайык кызамык жана кызылчаны элиминациялоого даярдык боюнча комплекстүү чараларды камсыз кылуу | Жыл сайын, отчёттук жылдан кийинки жылдын I кварталы | Кызамык жана кызылча боюнча улуттук/региондук верификациялык комитеттин отчету | ССМ, ДСУ (макулдашуу) боюнча) | ||
Аяктоо этабында полиомиелитти жок кылуу боюнча Глобалдуу стратегиялык планга ылайык полиомиелиттен эркин өлкө статусун сактап калуу боюнча комплекстүү чараларды камсыз кылуу | Жыл сайын. отчёттук жылдан кийинки жылдын I кварталы | Полиомиелитти жок кылуу боюнча улуттук/аймактык сертификацияланган комитеттердин отчёту | ССМ, ДСУ (макулдашуу боюнча) | ||
Ушул Программанын жана "2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында вирустук гепатитке каршы күрөшүү стратегиясы" максаттуу программасынын алкагында 1 жашка чейинки балдарды вирустук гепатитке каршы алдын алуучу эмдөөлөр менен 95%дан кем эмес камтылышын кармап туруу | Жыл сайын | УСКнын мамлекеттик статистикалык отчётунун 5, 6-формадагы жылдык отчётунун маалыматтары боюнча 95%дын деңгээлинде камтылышы кармалып турду | ССМ | ||
Өлкөдө жагып моюнчасынын рагын азайтуу боюнча комплекстүү пландардын алкагында саламаттык сактоо уюмдарында адамдын папиллома вирусуна каршы вакцинаны киргизүү | 2021-жылдын IV кварталы (вакцинанын республикага келүү мөөнөттөрүн эске алуу менен) | ССМнын саламаттык сактоо уюмдарында папиллома вирусуна каршы вакцинаны киргизүү жөнүндө буйругу даярдалды | ССМ, ФМ, БИМ, ДСУ (макулдашуу боюнча) ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча) | ||
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында ротавирустук вакцинаны киргизгенден кийин баалоо жүргүзүү | 2021-жылдын I кварталы | Отчет даярдалды | ССМ, ДСУ (макулдашуу боюнча) | ||
Иммунизациялоодо медициналык калдыктарды утилдештирүү (мындан ары - МКУ) боюнча кырдаалдык талдоо жүргүзүү жана МКУнун бирдиктүү системасына интеграциялоо механизмин киргизүү | 2021-жылдын IV кварталы | Ведомстволук акт даярдалды | ССМ | ||
Вакцина менен башкарылуучу инфекциялар боюнча клиникалык протоколдорду иштеп чыгуу жана киргизүү | 2020-жылдын IV кварталы | Ведомстволук акт даярдалды | ССМ | ||
9 | Мониторинг жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө системасын күчөтүү | Балдар жана өспүрүмдөр арасында алдын алуучу эмдөөлөрдүн баштапкы вакциналдык/ревакциналдык комплекси менен 95%дан кем эмес камтылышын жана декреттелген чоңдор контингентинин арасында эмдөөлөрдүн ревакциналдык комплекси менен 90%дан кем эмес камтылышын камсыз кылуу | Жыл сайын | Мамлекеттик статистикалык отчеттун 5.6-формалары боюнча эмдөө ишинин абалы тууралуу отчет даярдалды | ССМ |
Көк жөтөлдү, кептөөрдү жана эпидемиялык паротитти эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча чаралардын комплексин камсыз кылуу | Жыл сайын | 1-тиркеме боюнча отчёт даярдалды | ССМ | ||
Кыргыз Республикасынын электрондук саламаттык сактоо системасында иммунизациялоо боюнча автоматташтырылган маалымат системасын (мындан ары - ИМС) өнүктүрүү жана интеграциялоо. Электрондук саламаттык сактоонун маалымат базасы менен интеграцияланган, жаңы төрөлгөндөрдүн реестри менен байланышкан электрондук иммунизациялоо реестрин түзүү | 2021-жылдын IV кварталы | Иммунизациялоодо DHIS-2 платформасы киргизилди - ИМСтин 1 этабы | ССМ, ДСУ (макулдашуу боюнча) | ||
Иммунизациялоо кызматынын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу (өзү бекилип калуучу ийнелерди пайдалануу менен коопсуз ийне саюу жана коопсуз иммунизациялоо) | Жыл сайын | Иммунизациялоодон кийин терс кесепеттерге көзөмөл жүргүзүү боюнча аналитикалык отчет сунуштары менен даярдалды | ССМ | ||
Иммунизациялоодон кийин терс кесепеттерге көзөмөл жүргүзүүнү камсыз кылуу | Жыл сайын | Иммунизациялоодон кийин терс кесепеттер боюнча аналитикалык отчет даярдалды | ССМ | ||
10 | Коомдук саламаттык сактоо адистеринин потенциалын күчөтүү | Коомдук саламаттык сактоо адистери үчүн тренингдерди өткөрүү | 2021-жылдын II кварталы | 100 коомдук саламаттык сактоо адиси окутулду | ССМ |
Саламаттык сактоо системасын реформалоонун алкагында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын жана коомдук саламаттык сактоонун деңгээлинде иммунизациялоо боюнча даярдалган адистердин ставкаларын сактап калуу механизмдерин иштеп чыгуу | 2021-жылдын IV кварталы | ССМ менен ММК фондунун биргелешкен буйругу даярдалды | ССМ, ММК фонду (макулдашуу боюнча) | ||
Иммунизациялоо ооруларды комплекстүү контролдоонун компоненти катары каралган жаңы окуу программаларын иштеп чыгуу менен дипломго чейинки жана дипломдон кийинки программаларды институтташтыруу | 2021-жылдын IV кварталы | Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун окуу пландарына иммунизациялоо боюнча толуктоолор киргизилди | ССМ | ||
Иммунизациялоодон кийинки терс кесепеттерди эпидемиологиялык көзөмөлдөөгө жана жаны вакциналарга басым жасоо менен "Практикада иммунизациялоо" деген темада окутуу өткөрүү | 2021-жылдын IV кварталы | 840 медициналык кызматкер окутулду | ССМ | ||
Иммунизациялоонун коопсуздук стандарттарына, иммунизациялоодон кийин терс кесепеттеринин стандарттарына жана вакциналарды натыйжалуу башкаруунун талаптарына шайкештигин баалоо үчүң эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча куратордук визиттерди өткөрүү | Жыл сайын | Куратордук визиттердин жыйынтыктары боюнча техникалык отчёт | ССМ, ДСУ (макулдашуу боюнча) ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча) | ||
Колдоо көрсөтүүчү куратордук үчүн колдонуудагы жетектөөчү принциптерге ылайык иммунизациялоого басым жасоо менен баланын ден соолугун коргоонун алкагында интеграцияланган куратордук визиттерди өткөрүү | Жыл сайын | Куратордук визиттердин жыйынтыктары боюнча техникалык отчёт | ССМ, ДСУ (макулдашуу боюнча) ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча) | ||
Потенциалды өстүрүү боюнча күч-аракеттерди активдештирүү үчүн, ошондой эле бардык деңгээлдерде окутууну алга жылдыруу жана колдоо үчүн окутуунун жаңы методдорун пайдалануу (аралыктан электрондук окутуу, насаатчылык, тармактарды түзүү сыяктуу) | Жыл сайын | Интернет айдыңында иммундаштырууну пропагандалоо | ССМ | ||
11 | Инфратүзүмдү жана логистиканы күчөтүү | Вакциналарды натыйжалуу башкаруу боюнча планды ишке ашыруу | Жыл сайын | Ишке ашыруу статусу боюнча отчет даярдалды | ССМ |
Муздак чынжыр жабдууларын оптималдаштыруу боюнча ВИГА платформасынын алкагында муздак чынжыр жабдууларын сатып алууну ишке ашыруу | Ташып келүү мөөнөттөрүнө ылайык | ССМнын муздаткыч жабдууларын бөлүштүрүү боюнча планы даярдалды | ССМ, ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча) | ||
Улуттук/шаардык/райондук вакцина кампаларынын деңгээлинде муздак чынжыр жабдууларын оңдоп-түзөө/техникалык тейлөө | Жыл сайын | Ишке ашыруу статус боюнча жылдык отчёт | ССМ, ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча) ССМ, ДСУ (макулдашуу боюнча) ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча) | ||
Бардык деңгээлдерде муздак чынжыр жабдууларын инвентаризациялоо | Жыл сайын | Сунуштары менен аналитикалык отчёт | |||
Вакциналарды натыйжалуу башкарууну баалоо | 2022-жылдын IV кварталы | Вакциналарды натыйжалуу башкаруу боюнча сунуштары менен аналитикалык отчет | ССМ, ДСУ (макулдашуу боюнча) ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча) | ||
Вакциналардын запастарын башкаруунун маалыматтык системасын киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу | 2023-жылдын I кварталы | Сунуштары менен аналитикалык отчёт | ССМ, ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча) | ||
5-глава. Болжолдонгон каржылоого жана сапаттуу вакциналарды ташып келүүгө туруктуу жетүүнү камсыз кылуу. Финансы жана башкаруу | |||||
12 | Финансылык өзүн-өзү камсыз кылуу максаттарына жетүү үчүн программага адекваттуу каржылоо бөлүү (ТӨМдүн 3.8-милдети) | Программанын финансылык туруктуулукка жетишүүсү жана иммунизациялоонун жетишкендиктерин жылдыруу үчүн иммунизациялоонун артыкчылыктарын пропагандалоо | Жыл сайын | Республикалык бюджеттен финансылык каражаттардын бөлүнүшү 100% камсыздалды | ССМ, ФМ |
ВИГА колдогон вакциналарды (пентаваленттик, пневмококктук, ротавирустук) кошо каржылоого бюджеттен бөлүнүүчү акча каражаттарынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу жана адамдын папиллома вирусуна каршы жаңы вакцинаны киргизүү | Жыл сайын | Жаңы вакциналарды кошо каржылоо боюнча милдеттенмелер аткарылды | ССМ, ФМ | ||
Вакциналарды жана чыгымдоочу материалдарды сатып алууга финансылык каражаттардын 25% резервин белгилөө (кварталдык керектөөлөрдүн чегинде) | Жыл сайын | Вакцина препараттары жана чыгымдоочу материалдар менен үзгүлтүксүз жабдуу камсыздалды | ССМ, ФМ | ||
Вакцина менен башкарылуучу инфекциялар чыккан учурда эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен зарыл болгон каражаттарды бөлүү | Жыл сайын | Вакцина менен башкарылуучу инфекциялардын эпидемиясында локализациялоо/жок кылуу | ССМ, ФМ | ||
Евразия-экономикалык бирлигинин алкагында дары каражаттарын, анын ичинде вакциналарды ташып кирүүгө бажы алымдары маселесин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу жана аларга талдоо жүргүзүү | 2021-жылдын I кварталы | Сунуштары менен аналитикалык отчёт | ССМ, МБК | ||
13 | Жеткиликтүү баада кепилденген сапаттагы вакциналарга жетүүнү кеңейтүү (ТӨМдүн 3.8-милдети) | Өлкө үчүн артыкчылыктарды эске алуу менен, эл аралык сатып алуучу агенттиктерден вакциналарды, чыгымдоочу материалдарды жана муздаткыч чынжырдагы жабдууларды эл аралык сатып алуу механизмдеринин мүмкүндүгү жөнүндө маселени изилдөө | 2021-жылдын IV кварталы | Сунуштары менен аналитикалык отчет даярдалды | ССМ |
Вакциналарды сатып алуу бааларына карата ДСУнун жана ЮНИСЕФтин эл аралык системасын пайдалануу | Жыл сайын | Кепилденген сапатта жана жеткиликтүү баада вакциналарды ташып келүү | ССМ, ДСУ (макулдашуу боюнча) ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча) | ||
Кыскартуулардын тизмеси:
ДСУ | - | Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму |
ВИГА | - | Вакциналар жана иммундаштыруу боюнча Глобалдык Альянс |
ММК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы |
ДИМК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия |
МЧК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
ВКК | - | Иммундук профилактикалоо боюнча ведомстволор аралык координациялык комитет |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илими министрлиги |
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети |
КЭУ | - | Коммерциялык эмес уюмдар |
ИТЭТ | - | Иммундаштыруу боюнча илимий-техникалык эксперттер тобу |
ЖӨБО | - | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ИКТК | - | Иммундаштыруудан кийинки терс кесепеттер |
БМСЖ | - | Баштапкы медициналык-санитардык жардам |
ИРЭК | - | Иммунопрофилактика боюнча республикалык эмдөө комитети |
ММК фонду | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду |
ТӨМ | - | Туруктуу өнүктүрүү максаттары |
ЮНИСЕФ | - | Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду |
РИБ | - | Республикалык иммунопрофилактика борбору |
DHIS-2 | - | Ачык чыгыш коду менен программалык платформа |
КРӨнүн облустардагы ЫУӨ | - | Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
РИБ | - | Республикалык иммунопрофилактика борбору |
| 3-тиркеме |
2020-2024-жылдарга "Иммунопрофилактика"
программасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун
матрицасы
№ | Милдеттер | Индикатордун аталышы | Ченөө бирдиги | Базалык жыл 2019 | Орто аралыктык индикаторлор (жылдык) | Акыркы индикаторлор же максаттуу көрсөткүчтөр | Жооптуу аткаруучу | ||
1-жыл | 2-жыл | 3-жыл | |||||||
Таасир этүүчү индикаторлор | |||||||||
1 | Иммунизациялоо кызмат көрсөтүүлөрүнө жогорулатуу | АКДСЗ менен камтылышы - көк-жөтөл, кептөөр, сенекке каршы вакцинасынын 3-дозасын алган 1 жашка чейинки балдардын пайызы | % | 95 (2019) | 95 | 95 | 95 | 95%дан кем эмес | ССМ |
ВГВЗ менен камтылышы - "В" вирустук гепатитине каршы вакцинасынын 3-дозасын алган 1 жашка чейинки балдардын пайызы | % | 95 (2019) | 95 | 95 | 95 | 95%дан кем эмес | ССМ | ||
бОПВЗ менен камтылышы полиомиелитке каршы вакцинасынын 3-дозасын алган 1 жашка чейинки балдардын пайызы | % | 96,5 (2019) | 95 | 95 | 95 | 95%дан кем эмес | ССМ | ||
ИПВ менен камтылышы инактивдештирилген полиомиелиттик вакцина алган 1 жашка чейинки балдардын пайызы | % | 96,5 (2019) | 95 | 95 | 95 | 95%дан кем эмес | ССМ | ||
РВЗ менен камтылышы - ротавирустук вакцинасынын 3-дозасын алган 1 жашка чейинки балдардын пайызы | % | 2019-жылдын IV-кварталында киргизилди | 50 | 75 | 95 | 95%дан кем эмес | ССМ | ||
ПКВ3 менен камтылышы пневмококк вакцинасынын 3-дозасын алган 1 жашка чейинки балдардын пайызы | % | 94,3 (2019) | 95 | 95 | 95 | 95%дан кем эмес | ССМ | ||
КПК1 менен камтылышы - кызылча кызамык, сактоого каршы вакцинасынын 1-дозасын алган 1 жашка чейинки балдардын пайызы | % | 96 (2018) | - | - | - | 96%дан кем эмес | ССМ | ||
КПК2 менен камтылышы - кызылча кызамык, сактоого каршы вакцинасынын 2-дозасын алган 6 жашка чейинки балдардын пайызы | % | 98 (2019) | 96 | 96 | 96 | 96%дан кем эмес | ССМ | ||
АКДС1 менен АКДСЗ ортосундагы бүтпөгөн пайызы | % | 3,8% (2019) | 3 | 2 | 2 | 5%дан кем эмес | ССМ | ||
2 | Муздаткыч чынжырдын инфратүзүмүн жана логистикасын күчөтүү | ДСУнун талаптарына шайкеш келген муздак чынжыр жабдуулары бар эмдөө пункттарынын пайызы | % | 43% Муздаткыч чынжырын инвентаризациялоо отчетунун булагы, 2018 | 60% | 72 | 90% |
| ССМ |
Жыл сайын температурага мониторинг жүргүзүү каражаттарын пайдалануучу эмдөө пункттарынын пайызы | % | 0% Муздаткыч чынжырын инвентаризациялоо отчетунун булагы, 2018 | 50% | 75% | 95% |
| ССМ | ||
DHIS-2 боюнча окутулган кызматкерлери бар коомдук саламаттык сактоо мекемелеринин пайызы | % |
| 0 | 50 | 75 | 100 | ССМ | ||
3 | Мониторинг жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө системасын күчөтүү | Жапайы полиовирустун жугуу учурларынын жоктугу | % | 0 (2019) | 0 | 0 | 0 | Полиомиелит жок өлкө статусун кармап туруу | ССМ |
Эндемикалык кызамык, кызылчанын жугуусун үзүү статусу | % | Жаңыланды (2019) | Үзүлдү | Үзүлдү | Кызамык, кычылчаны верификациялоо жана элиминациялоо процессине даярдоо | Кызамык. кызылча ооруларым элиминациялоо | ССМ | ||
Кептөөрдүн жергиликтүү (эндемикалык) учурларын туруктуу жок кылуу |
| 0 (2019) | 0 | 0 | 0 | Кептөөрдүн эндемикалык учурлары жок | ССМ | ||
Эмделген топтордун арасындагы үстүрт антигендин (HBsAg) таралышы | % |
| - | ≤ 05% (изилдөөлөрдүн маалыматтары боюнча) | - | ≤ 05% эмделген топтордун арасындагы (HBsAg) антигенинин таралышы | ССМ | ||
ИГЭТ тарабынан каралган иш жүзүндөгү маалыматтардын негизинде жаңы вакциналарга негиздүү чечимдерди кабыл алуу | % |
| Адамдын папилома вирусу | - | - | ИТЭТтин сунуштары | ССМ | ||
Пландуу иммунизациялоо үчүн вакциналарды сатып алууда өзүнүн финансылык жетиштүүлүгү (мамлекеттик каржылоонун үлүшү | % | 45% (JRF отчету) | 50 | 55 | 60% | Вакциналар жана чыгымдоочу материалдар менен үзгүлтүксүз камсыздалды | ССМ | ||