Загрузка документа…
ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы
кезексиз V сессиясынын
2025-жылдын 3-марты № 32/5-9
Талас шаарындагы А.Оторбаев № н-ж жана №224а даректеринде жайгашкан жер участогун К-2 жана Р-3 аймагынан Ж-1 аймагына которууга макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 79-беренесинин 1-3- пункттарына ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 22.01.2025-жылдагы №01-19/181 сандуу каты жана 03.03.2025-жылдагы Талас шаардык Архитектура башкармалыгынын корутундусунун негизинде, Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарындагы А.Оторбаев № н-ж жана №224а даректеринде жайгашкан жер участогун К-2 жана Р-3 аймагынан Ж-1 аймагына которууга макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин катчы-иш кагаздарын алып баруучусуна (Кудайбергенова. Г.О.) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Турсалиев.У.К.) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |