Загрузка документа…
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 8-январындагы . №1
Кыдыр Аке айыл аймагындагы Мамлекеттик фондунун Айыл чарба жерлерин
ижарага берүү үчүн жер комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Кыдыр Аке жергиликтүү кеңешинин 2024-жылдын 2- августундагы №34 токтому менен бекитилген Кыдыр Аке айыл аймагынын Мамлекеттик фондунун Айыл чарба жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Жобонун 21-22-пункттарына ылайык айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Кыдыр Аке айыл аймагынын Мамлекеттик фондунун Айыл чарба жерлерин ижарага берүү үчүн төмөндөгү курамында жер комиссиясынын курамы бекитилсин:
- Кыдыров Ж.С.- жергиликтүү кеңештин депутаты, жер комиссиясынын төрагасы;
- Джумабаева Б.Р.- айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, жер комиссиянын катчысы;
мүчөлөрү:
- Кобонбаев Т.Ш.- айыл өкмөтүнүн башчысы;
- Сакиев А.Г.- жер маселелери боюнча башкы адис;
- Жапарова М.Т.- башкы адис-юрист;
- Шамиев К.К.- киреше жана статистика боюнча жетектөөчү адис;
- Маданбеков К.С.- жергиликтүү кеңештин депутаты, жер комиссиясынын мүчөсү;
- Малабеков Б.М.- жергиликтүү кеңештин депутаты, жер комиссиянын мүчөсү;
- Токтосунов К.Д.- Ак- Суу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү;
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага Б.С.Акунов