Загрузка документа…
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
II чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
.2025-жылдын 31-январындагы №4
Кыдыр Аке айыл аймагында жайгашкан имараттар менен курулмалардын
фасаддарынын тышкы көрүнүшү жана маалыматтык, жарнамалык
конструкцияларды жайгаштыруунун/пайдалануунун
Эрежесин бекитүү жөнүндө
Ак-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси Ишенбеков Турар Ишенбековичтин кайрылуусун карап, талкууга алып, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Кыдыр Аке айыл аймагында жайгашкан имараттар менен курулмалардын фасаддарынын тышкы көрүнүшү жана маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун/пайдалануунун Эрежеси бекитилсин, тиркелет.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага Б.С.Акунов