Загрузка документа…
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
II чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2025-жылдын 31-январындагы №5
Ак-Суу райондук жалпы дарыгердик практика борборуна
Жапарбек Бектуровдун ысымын ыйгарууга
макулдук берүү жөнүндө
Ак-Суу райондук жалпы дарыгердик практика борборуна Жапарбек Бектуровдун ысымын ыйгаруу боюнча кайрылуусу боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттык этика, мыйзамдуулук, мандат, дин маселелери, коомдук уюмдар, жергиликтүү коомдоштуктар боюнча туруктуу коммиссиянын отурумунун протоколун карап, талкууга алып, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Суу райондук жалпы дарыгердик практика борборуна Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, медицина илимдеринин доктору, профессор Жапарбек Бектуровдун ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын
Төрага Б.С.Акунов