Загрузка документа…
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
II чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2025-жылдын 10-февралындагы
Кыдыр Аке айыл аймагынын 2025-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
2025-жылга Кыдыр Аке айыл аймагынын бюджетин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн экономика жана финансы боюнча башкы адиси Г.Кобогонованын билдирүүсүн, жергиликтүү кеңештин бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Асанбековдун кошумча маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле 2025-жылга «Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. 2025-жылга жергиликтүү бюджеттик кирешелери 92329,5мин сом. Атайын каражатынын кирешелери 13000,0миң сом. Кыдыр Аке айыл аймагында 3(үч) жаңы бала-бакча ачылды. Мектепке чейинки мекемелеринин анын ичинде ата-энелердин төлөмү 2025-жылга көбөйүүдө. Жалпы Кыдыр Аке айыл аймагы боюнча кирешелер жана чыгымдар боюнча 105329,5 сом көлөмүндө №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Жергиликтүү бюджеттин 2025-жылга чегерилген кирешелердин көлөмү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү бюджетинин чегерилген чыгашаларынын өлчөмдөрү №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу эмгек акы фондусунун чектелген көлөмдөрү №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5.Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекемелердин эмгек акы фондусунун чектелген көлөмдөрү, 2024-жылы төлөнбөй калган карыздары, 2025-жылдын бюджетине каралган чыгымдардын чегинде төлөө жүргүзүүлөрү сунуш кылынсын жана биринчи кезекте эмгек акы төлөөгө, социалдык фондго төгүмдөр, тамак-аш азыктарын алуу, коммуналдык кызмат көрсөтүү жана жеңилдиктерге каралган чыгымдарды каржылоого жумшалсын.
6. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин атайын каражаттарын
казыналыктан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын. Казыналыктан тышкары пайдаланган каражаттар тиешелүү деңгээлдеги бюджеттерге алынышы бекитилсин.
7. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоо реестр журналына катталсын жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
8.Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнө, көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Б.Асанбековго жүктөлсүн.
Төрага Б.С.Акунов