Загрузка документа…
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
II чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2025-жылдын 10-февралындагы №34
Айыл аймактын жайыттарын башкарууну жана пайдалануу боюнча
5 жылдык планын жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планын
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 15-майындагы №04-13/152 буйругун жетекчиликке алып, айыл өкмөтүнүн сунушун карап, талкууга алып, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Кыдыр Аке айыл аймагынын жайыттарын башкарууну жана пайдалануу боюнча 5 жылдык планы жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планы бекитилсин.
2.Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага Б.С.Акунов