КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 27-февралы № 71-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2023-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу долбооруна) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-февралындагы № 71-т тескемеси менен жактырылган |
2023-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу долбооруна) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2023-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу долбоору) (мындан ары - Макулдашуу) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине жана мыйзамдарына ылайык келет, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Макулдашуу белгиленген тартипте кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттери (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин 2023-жылдын 20-ноябрындагы чечими, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин 2023-жылдын 27-ноябрындагы чечими жана Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитетинин 2023-жылдын 28-ноябрындагы чечими) тарабынан жактырылган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 781-т тескемеси менен жактырылган.
Макулдашуунун максаттары абанын сапатын башкаруу жаатында өлкөнүн потенциалын чыңдоо, ошондой эле турак үйлөрдү таза жылытуу боюнча чечимдерди жана Бишкек шаарын жашылдандыруу боюнча чараларды илгерилетүү болуп саналат.
Кыргыз Республикасында абаны жакшыртуу долбоорунун (мындан ары - долбоор) жалпы суммасы 50000000 (элүү миллион) АКШ долларын түзөт. Макулдашууда жылдык 0% жеңилдетилген ставка менен 50 жылдык мөөнөткө жогорку жеңилдетилген кредитти, анын ичинде 10 жылдык жеңилдетилген мезгилди берүү каралган.
Макулдашууну ишке ашыруу инфраструктураны модернизациялоо жана абанын сапатына мониторинг жүргүзүү, талдоо, маалыматтарды болжолдоо жана башкаруу менен байланышкан негизги тараптардын потенциалын арттыруу, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдардын аткарылышын контролдоо жолу менен абанын сапатын башкаруунун комплекстүү системасын түзүүгө багытталган.
Долбоорду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине абанын булганышынын көп сектордуу проблемаларын чечүүгө системалуу мамилени колдонууга, өлкөнүн абасынын сапатын башкаруу системасындагы олуттуу курч проблемаларды жоюуга жана экологиялык таза жылытууга жана шаарды жашылдандырууга максаттуу инвестициялар аркылуу Бишкек шаарында PM2.5 жана парник газдарын чыгарууну азайтуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет.
Долбоордун иш-чаралары төрт компонентти ишке ашыруу аркылуу жүзөгө ашырылат:
1) абанын сапатын башкаруу системасын бекемдөө;
2) жылытуу үчүн экологиялык таза чечимдерди ишке киргизүүнү колдоо;
3) шаарды жашылдандырууну жакшыртуу;
4) долбоорду ишке ашырууну колдоо.
Сунушталган долбоор Кыргыз Республикасында коомдук саламаттык сактоо, экосистемалык кызмат көрсөтүүлөр, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу, эмгек өндүрүмдүүлүгү, жакырчылыкты кыскартуу, иш менен камсыз кылуу, адам капиталын өнүктүрүү жана өлкөдө жашыл өсүш көз карашынан пайдалардын кеңири спектрин алып келери күтүлүүдө.
Долбоордун бенефициарлары болуп Бишкек шаарынын калкы, үй чарбалары жана каржылоого жетүү программасына катышкан компаниялар саналат.
Финансылык каражаттардын негизги бөлүгү (65%) "Жылытуу үчүн экологиялык таза чечимдерди киргизүүнү колдоо" 2-компонентине киргизилген, ал жеке турак үйлөрдүн арасында жылытуунун таза технологияларынын масштабдарын кеңейтүү үчүн рынокту түзүү боюнча айрым чараларды пилоттоого багытталган жана револьвердик механизм аркылуу ишке ашырылат. Бул компоненттин милдеттерине жетүү максатында банктар (мамлекеттик/коммерциялык) тартылат, алар менен бирге керектөө кредиттөө принциптери боюнча кредиттик продукт иштелип чыгат. Карыз алуучулардан кайтарылган каражаттар үй чарбаларын кайра кредиттөөгө жумшалат. Кредитти тындыруу республикалык бюджеттин каражаттарынан жүргүзүлөт, мында республикалык бюджетке 2-компонент боюнча кайра кредиттелүүчү каражаттардан түшүүлөр келери болжолдонот.
Бул долбоордун аткаруучу агенттиктери болуп Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат саналат.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Макулдашууну ратификациялоо терс социалдык, финансы-экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка кесепеттерге алып келбейт.