Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 3-марты № 50
2024-жылдын 18-июлунда Ташкент шаарында кол коюлган
2006-жылдын 3-октябрындагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү
тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене
2024-жылдын 18-июлунда Ташкент шаарында кол коюлган 2006-жылдын 3-октябрындагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.
2- берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө өзбек тарапка кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 7-мартындагы № 17 (3673) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |