Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 12-февралы № 2802-VII
"2024-жылдын 10-июнунда Вена шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Долинка" көмөк чордонун модернизациялоо жана "Речная" көмөк чордонун реконструкциялоо долбоору) жана Кыргыз Республикасы, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ("Долинка" көмөк чордонун модернизациялоо жана "Речная" көмөк чордонун реконструкциялоо долбоору) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2024-жылдын 26-декабрындагы чыг. № 18-11796) "2024-жылдын 10-июнунда Вена шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Долинка" көмөк чордонун модернизациялоо жана "Речная" көмөк чордонун реконструкциялоо долбоору) жана Кыргыз Республикасы, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ("Долинка" көмөк чордонун модернизациялоо жана "Речная" көмөк чордонун реконструкциялоо долбоору) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.О. Сыдыгалиев |