Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 26-февралы № 91
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл аймагында жеке турак үйлөрдү куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 14-мартындагы № 01-39/613 корутундусун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл аймагындагы № 315 (13,0 га), 1076 (21,33 га), № 1077 (30,44 га), 1286 (25,0 га), № 1287 (55,0 га), № 1307 (1,30 га) контурларда жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган, жалпы аянты 146,07 га болгон жайыт жерлери жеке турак үйлөрдү куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоону эске алуу менен Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
3) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
4) жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, башкы пландагы жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана тиешелүү аймакта кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо боюнча колдонмону сактоону;
5) жергиликтүү бюджеттин, жергиликтүү коомчулуктун жана жер участокторунун менчик ээлеринин каражаттарынын эсебинен аймактын инфраструктурасынын, жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштөөсүн жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү уюштурууну;
6) жер участоктору пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аларды баштапкы абалга келтирүү менен жер участокторунун менчик ээлерине карата аталган жерлерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып коюуну караган чараларды көрүүнү;
7) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин аянтын калыбына келтирүүнү, асулдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
8) аталган жерлерде тарыхый-маданий мурас объекттери аныкталганда аларды Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 28-февралындагы № 15 (3671) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |