Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 6-февралы № 2791-VII
"Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат үчүн жаңы муундагы кадрларды даярдоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө", "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президенти демилгелеген (2024-жылдын 24-сентябрындагы чыг. № 28-8409) "Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат үчүн жаңы муундагы кадрларды даярдоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө", "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.О. Сыдыгалиев |