Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
2025-жылдын 28-февралы № 49
Лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
284-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Лицензиялык талаптарды же лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын бузуу -".
2-берене.
"Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 337-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-берене. Ишкердик ишти жөнгө салуу
1. Ушул Мыйзамда ишкердик ишти жөнгө салуу ишкерлерге жана алардын ишине карата укуктарды, милдеттерди жана талаптарды белгилөөнү, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдары менен ишкерлердин ортосундагы мамилелерди жөнгө салууну болжойт.
2. Жөнгө салуучу пилоттук чөйрө - колдонуудагы мыйзамдарды бузуу тобокелдигисиз чектелген чөйрөдө долбоорлорду тестирлөөгө мамлекеттик органдарга мүмкүндүк берүүчү инновациялык/жаңы долбоорлорду эксперимент тартибинде тестирлөө үчүн укуктук режим.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында же бүткүл аймагында пилоттук жөнгө салуу долбоорун ("жөнгө салуучу пилоттук чөйрө" режимин) бир жылга чейинки мөөнөткө киргизүүгө укуктуу.
Пилоттук жөнгө салуу долбоорун жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Пилоттук жөнгө салуу долбоорун жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтын негизинде тиешелүү ченемдик укуктук акт кабыл алынат же ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү же ченемдик укуктук актыны күчүн жоготту деп таануу боюнча башка чаралар кабыл алынат.";
2) 2-берененин сегизинчи абзацында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 3-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-берене. Ишкердик чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн жооптуу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы
Ишкердик чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн жооптуу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Ыйгарым укуктуу орган:
- ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу процессинин үзгүлтүксүз жүрүүсүн камсыз кылат;
- аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ушул Мыйзамдын аткарылышына мониторинг жүргүзөт жана жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине отчет берет;
- бизнес-шериктештиктин жана жарандык коомдун өкүлдөрүн тартуу менен өксүктөрдү жана карама-каршылыктарды табуу, ошондой эле укуктук жөнгө салуунун натыйжалуулугун белгилөө максатында ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук базага туруктуу негизде мониторинг жана баалоо жүргүзөт, бул жөнүндө жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине отчет берет;
- ченемдик актылардын ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген принциптерге шайкештигине, ошондой эле Кыргыз Республикасында ишкердик ишти жөнгө салуунун натыйжалуулугуна карата аларды кайра кароо боюнча сунуштарды чогултуу жана даярдоо боюнча координациялоочу орган болуп саналат;
- ушул Мыйзамга ылайык келбеген ченемдик укуктук актыларды кайра кароо же күчүн жоготту деп таануу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте киргизет.";
4) 4-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 6-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин 15 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн ведомстволор аралык комиссияга тиешелүү ченемдик укуктук актыларды негиздемелери менен берет.
Ведомстволор аралык комиссиянын функциялары, ыйгарым укуктары, курамы жана ишинин башка маселелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
6) 8-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-берене. Ченемдик укуктук актыларды кайра кароонун үчүнчү этабы
1. Ушул Мыйзамдын 7-беренесинде көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин бир айлык мөөнөттө ведомстволор аралык комиссия ченемдик укуктук актынын ушул Мыйзамга шайкештиги жөнүндө корутунду даярдайт жана аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берет.
2. Ведомстволор аралык комиссия тарабынан корутунду берилгенден кийин бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ченемдик укуктук актынын ушул Мыйзамга шайкештиги же шайкеш эместиги жөнүндө чечим кабыл алат.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин эки айлык мөөнөттө аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ченемдик укуктук актынын ушул Мыйзамга шайкеш эместиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде ченемдик укуктук актыларды белгиленген тартипте ушул Мыйзамга шайкеш келтирет.
Мында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары ушул Мыйзамга шайкеш эместигин аныктаган учурда аларды өзүнүн чечими менен жокко чыгара алат.";
7) 9-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"иштин лицензиялануучу түрү - аны жүзөгө ашыруу үчүн ушул Мыйзамга ылайык лицензия жана (же) уруксат алуу талап кылынган, аткарылуучу иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү, иш-аракеттерди жана операцияларды камтыган иштин түрү;
лицензияга тиркеме - лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналган, лицензия алуучунун иштин лицензиялануучу түрүн түзгөн иштерди жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга болгон укугун ырастоочу документ;";
2) 7-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Экономикалык абалды жакшыртуу максатында өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети иштин айрым түрлөрүн лицензиялоого убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүүгө укуктуу.";
3) 9-берененин 1-пунктунун "б" пунктчасында "33-35" деген цифралар "32-35" деген цифраларга алмаштырылсын;
4) 11-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-берене. Лицензиянын жана (же) уруксаттын мазмуну
1. Лицензияда жана (же) уруксатта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) лицензиялоочу органдын аталышы;
2) юридикалык жактын толук жана кыскартылган (эгерде бар болсо) аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, ошондой эле юридикалык дареги;
3) жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты, анын инсандыгын ырастоочу документтин маалыматтары, жеке ишкерлер үчүн - жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жазуунун каттоо номери;
4) лицензия үчүн - иштин лицензиялануучу түрү;
уруксат үчүн - уруксат берилип жаткан иш-аракеттин түрү;
5) лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонуу мөөнөтү (эгер белгиленген болсо);
6) ишти жүзөгө ашыруу аймагы (эгерде аймак боюнча чектелген болсо);
7) лицензиянын жана (же) уруксаттын берилген датасы жана каттоо номери;
8) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери.
2. Лицензия, лицензиянын тиркемеси жана (же) уруксат лицензия берүүчү тарабынан бекитилген формада, кагаз жана (же) электрондук форматтарда жол-жоболоштурулат.
3. Арыз жана ага тиркелген документтер, лицензияны жана (же) уруксатты берүү жөнүндө, лицензияны жана (же) уруксатты берүүдөн баш тартуу жөнүндө, лицензияны жана (же) уруксатты кайрадан жол-жоболоштуруу, токтотуп туруу, кайра жаңыртуу же колдонууну токтотуу жөнүндө лицензия берүүчүнүн актылары жана башка документтер арыз ээсинин же лицензия алуучунун лицензиялык ишин түзөт.
Лицензиялык иш ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кагаз жана (же) электрондук форматтарда түзүлөт жана сакталат.
4. Зарыл болгондо лицензияга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган тиркемелер жол-жоболоштурулат, буга иш процессиндеги иш-аракеттерге ушул Мыйзамдын 17-беренесине ылайык уруксат берилүүчү учурлар кирбейт.
Лицензияга тиркеме иштин лицензиялануучу түрүнүн аткарылуучу жумуштарынын, кызмат көрсөтүүлөрүнүн, иш-аракеттеринин жана операцияларынын түрлөрүнүн ар бирин көрсөтүү үчүн жол-жоболоштурулат.
Ишти жүзөгө ашыруунун жаңы (кошумча) объектисин ачууда лицензиянын тиркемесинде анын иш жүзүндөгү дареги көрсөтүлөт.
Лицензиянын тиркемесинде көрсөтүлүүчү иштин лицензиялануучу түрүнүн жумуштарынын, кызмат көрсөтүүлөрүнүн, иш-аракеттеринин жана операцияларынын толук тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо менен белгиленет.
Иштин айрым түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрүн жана тиркемени алуу зарылдыгын эске алуу менен лицензия алуучу тиешелүү лицензия берүүчүгө кабарлоону, ошондой эле иштин лицензиялануучу түрүнүн алкагында аткарылуучу жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, иш-аракеттердин жана операциялардын кошумча түрлөрүн жана (же) ишти жүзөгө ашыруунун жаңы объектисинин дарегин көрсөтүү менен зарыл документтерди жөнөтөт.
Тиркеме кабарлоону алган учурдан тартып он беш жумушчу күндүн ичинде жол-жоболоштурулат.
Иштин лицензиялануучу түрүнүн, ошондой эле ишти жүзөгө ашыруунун жаңы (кошумча) объектисинин иштөөсүнүн алкагында кошумча иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү, иш-аракеттерди жана операцияларды жүзөгө ашыруу лицензиянын тиркемесин алган учурдан тартып башталат.
Арыз ээси лицензиянын тиркемесин берүүдөн жазуу жүзүндөгү баш тартууну албаган учурда лицензиянын тиркемесин берүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган датадан тартып он беш жумушчу күндүн ичинде ал тарабынан билдирилген, иштин лицензиялануучу түрүнүн алкагындагы кошумча жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, иш-аракеттерди жана операцияларды жүзөгө ашырууну, ошондой эле ишти жүзөгө ашыруунун жаңы (кошумча) объектисинин ишин баштайт.";
5) 12-берененин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Маалыматтык бөлүктү түзгөн маалыматтардын аныктыгы, ошондой эле үзгүлтүксүз жаңыланышы лицензиялоону жана уруксаттарды берүүнү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан камсыз кылынат.";
6) төмөнкүдөй мазмундагы 131-берене менен толукталсын:
"131-берене. Лицензиялоо процессине ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан мониторинг жүргүзүү
1. Ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган кызыкдар адамдар менен биргеликте лицензия берүүчүлөрдүн лицензиялоо жол-жоболорун сактоосуна мониторинг жүргүзөт.
2. Мониторинг жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
7) 14-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-берене. Лицензиялоо чөйрөсүндөгү субъекттер
1. Лицензиялоо чөйрөсүндөгү субъекттер:
1) лицензия берүүчү;
2) лицензия алуучу (менчигинин түрүнө карабастан жеке же юридикалык жак, анын ичинде чет өлкөлүк жак);
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ушул Мыйзамга ылайык лицензиялоо жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдар.
2. Лицензиялар жана (же) уруксаттар лицензия берүүчүнүн борбордук органдары же аймактык бөлүмдөрү тарабынан берилиши мүмкүн.
Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдар башкаруунун борбордук органында гана лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүүгө укуктуу.";
8) 15-беренеде:
а) 10, 30 жана 33-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 55 жана 56-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"55) өрткө каршы автоматика каражаттарын долбоорлоо, куроо, жөндөө жана оңдоо, материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды оттон коргоо боюнча иштерди жүргүзүү, коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун баалоо, өрттөрдүн чыгуу себептерин аныктоо;
56) билим берүү иши (жалпы (башталгыч, негизги жана орто) билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынан; өзгөчө статуска ээ болгон жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик билим берүү уюмдарынан; автомектептердин жана тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын ишин кошпогондо, менчигинин түрүнө карабастан мектепке чейинки жана кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынан тышкары);";
9) 16-беренеде:
а) 2, 3 жана 6-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 7-пункт "пайдалануу," деген сөздөн кийин "сатуу жана" деген сөздөр менен толукталсын;
10) 17-беренеде:
а) 13 жана 15-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 42 жана 43-пункттар менен толукталсын:
"42) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин илимий, маданий-агартуу, тарбиялоо, рекреациялык жана эстетикалык максаттарда жаратылыш чөйрөсүнөн алып коюу;
43) өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичинде илимий максаттарда алып коюу.";
11) 18-беренеде:
а) 11-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Лицензия берүүчү зарыл болгон документтерди компетенттүү мамлекеттик органдардан ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу суратып алат, ал эми аларды алуу мүмкүн болбогон учурда зарыл документтер арыз ээси тарабынан кагаз жүзүндө берилүүгө же жөнөтүлүүгө тийиш.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 12-бөлүк менен толукталсын:
"12. Иштин айрым түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрүн жана тиркемени алуу зарылдыгын эске алуу менен лицензия алуучу маалыматтык технологиялар аркылуу тийиштүү лицензия берүүчүгө кабарламаны, ошондой эле иштин лицензиялануучу түрүнүн алкагында кошумча аткарылуучу жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, иш-аракеттерди жана операцияларды жана (же) ишти жүзөгө ашыруунун жаңы объектисинин дарегин көрсөтүү менен зарыл документтерди берет.";
12) 21-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда "жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөр "жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 28-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28-берене. Лицензиялык контроль
1. Лицензиялык контроль лицензия алуучунун ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо белгиленген лицензиялык талаптарды сактоосун текшерүү максатында тийиштүү лицензия берүүчү тарабынан жүргүзүлөт жана ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу ишкердиктин субъекттеринин ишин текшерүүлөргө кирбейт. Лицензиялык контроль жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
2. Лицензиялык контроль лицензиялык текшерүү формасында жүргүзүлөт.
3. Лицензиялык текшерүүлөр төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) лицензияга чейинки текшерүүлөр - керек учурларда, арыз ээси лицензия алганга чейин, ошондой эле лицензиянын тиркемесин берүүнүн алдында лицензиялануучу иштин билдирилген түрүн жүргүзүү үчүн зарыл болгон адистердин, жайлардын, транспорттун, жабдуулардын жана документтердин бар экендигине лицензия берүүчү тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөр;
2) лицензиядан кийинки пландуу текшерүүлөр - лицензиялардын колдонулуу мезгилинде лицензия берүүчү тарабынан лицензия алуучунун лицензиялык талаптарды сактоосу боюнча жүргүзүлүүчү текшерүүлөр;
3) лицензиядан кийинки пландан тышкары текшерүүлөр - лицензия алуучу лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө жеке жана юридикалык жактардан арыздар келип түшкөндө жана (же) лицензияланууга тийиш болгон иштин түрүнө лицензия албастан жеке жана (же) юридикалык жак иш жүргүзүп жаткандыгы жөнүндө маалыматтар келип түшкөндө лицензия берүүчү тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөр, мурдагы лицензиялык контролдун жыйынтыктары боюнча лицензиялык талаптардын бузулуусун аныктоо жана жоюу боюнча пландан тышкаркы лицензиялык контролду жүзөгө ашыруу.
Лицензиялык контролдоо лицензия берүүчүнүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү формадагы лицензиялык текшерүү баракчасын милдеттүү түрдө колдонуусу менен жүргүзүлөт.
4. Лицензиялык текшерүүнү жүргүзүүнүн предмети болуп арыз ээсинин лицензиялык талаптарга шайкештигин изилдөө, ошондой эле лицензия алуучу лицензиялык талаптарды аткаруусун текшерүү, мурдагы текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган бузуулардын лицензия алуучу тарабынан жоюлушун текшерүү, лицензия алуучунун өзүнө карата текшерүү жүргүзүү жөнүндө арызы боюнча текшерүү, ошондой эле лицензия алуучунун лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө маалыматтарды ырастоочу документтерди жана материалдарды тиркөө менен лицензия алуучунун лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө жеке же юридикалык жактын арызы боюнча текшерүү саналат.
5. Лицензияга чейинки текшерүү лицензиялануучу иш жүргүзүлө турган ар бир объектти текшерүүнү камтыйт.
Ушул Мыйзамдын 18-беренесинин 1, 1-2 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык лицензиянын тиркемесин алуу үчүн лицензияга чейинки текшерүү кабарлоо алынган учурдан тартып он жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.
6. Пландуу лицензиялык текшерүүлөр текшерүү жүргүзүү планына ылайык жылына 1ден көп эмес жолу лицензия берүүчү тарабынан жүргүзүлөт, ал лицензия берүүчү органдын буйругу менен бекитилет. Буйрук текшерүү жүргүзүлгөн жылдан мурунку жылдын 15-декабрына чейин лицензиялоочу органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
Лицензиялык текшерүүлөрдүн планы айрым лицензия алуучулардын лицензия алган датасын, мурда жүргүзүлгөн пландуу жана пландан тышкаркы лицензиялык текшерүүлөрдүн натыйжаларын, лицензия алуучу тарабынан лицензиялык талаптардын бузулгандыгы жөнүндө тастыкталган арыздардын санын, ошондой эле лицензия берүүчү тарабынан аныкталган критерийлерди эске алуу менен бир жылга түзүлөт.
Лицензиялык текшерүүлөрдүн планын түзүү критерийлери лицензия берүүчү тарабынан бекитилет жана лицензия берүүчүнүн расмий сайтына жайгаштырылууга тийиш.
7. Лицензия алуучуну пландан тышкаркы текшерүү төмөнкүдөй негиздер боюнча жүргүзүлөт:
1) лицензиялык талаптардын аныкталган бузууларын жоюу жөнүндө лицензиялоочу органдын мурда берген тиешелүү актысын лицензия алуучу аткара турган мөөнөттүн аякташы;
2) лицензиялоочу органга лицензия алуучунун лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө маалыматтарды тастыктаган документтерди жана материалдарды тиркөө менен лицензия алуучунун лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө жарандардан, анын ичинде жеке ишкерлерден, юридикалык жактардан кайрылуулардын, арыздардын, мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жалпыга маалымдоо каражаттарынан маалыматтардын келип түшүүсү;
3) ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык лицензиянын колдонулушу токтотулуп турган мөөнөттүн аякташы;
4) лицензиялык талаптардын аныкталган бузууларын мөөнөтүнөн мурда жоюу фактысын белгилөө максатында лицензиялоочу орган тарабынан пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү жөнүндө лицензия алуучунун өтүнүч катынын болушу.
8. Лицензиялык талаптар аткарылбаган учурда лицензия берүүчү лицензия алуучуга төмөнкүдөй таасир этүү чараларын колдоно алат:
1) эскертүү;
2) айып;
3) лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтотуп туруу;
4) лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арызын берүү.
9. Лицензиялык талаптарды бир жолу бузгандыгы үчүн лицензия берүүчү эскертүү берүү түрүндөгү таасир этүү чарасын колдонууга укуктуу.
10. Лицензиялык талаптарды эки жолу бузгандыгы үчүн лицензия берүүчү айып салуу түрүндөгү таасир этүү чарасын колдонууга укуктуу.
11. Айып салуу түрүндөгү таасир этүү чарасы Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жүзөгө ашырылат.".
4-берене.
"Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 5, 396-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 13-пунктунун "в" пунктчасында "лицензиянын негизинде" деген сөздөр алып салынсын;
2) 4-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда "лицензиянын негизинде" деген сөздөр алып салынсын;
3) 5-берененин 11-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Электрдик байланыш операторлору өздөрүнүн байланыш боюнча кызмат көрсөтүүлөрүн сатууга (өткөрүүгө) түрткү берүү жана/же аларды рынокто илгерилетүү максатында персонификацияланган абоненттердин арасында кызыктыруучу лотереяларды өткөргөн учурларды кошпогондо, уюлдук (мобилдик) байланыш тарамдарында лотерея өткөрүүгө тыюу салынат.";
4) 8-берененин 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 13-берененин 1-бөлүгүндө "лицензия жана (же)" деген сөздөр алып салынсын;
6) 14-берененин 3 жана 6-бөлүктөрүндө "лицензия жана (же)" деген сөздөр алып салынсын;
7) 20-берененин 1-бөлүгүндө "Лицензия жана (же) уруксат албастан" деген сөздөр "Ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу менен" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 04-мартындагы № 16 (3672) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
| ||
2025-жылдын 23-январында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |