Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 89 токтомуна) |
Жарандыгы жок адамдын статусун аныктоо жана жарандыгы жок адамга күбөлүк берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо жарандыгы жок адамдын статусун аныктоо жана жарандыгы жок адамга күбөлүк берүү жол-жобосун белгилейт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
- автоматташтырылган маалыматтык система (мындан ары - АМС) - маалыматты топтоо, сактоо, берүү жана иштеп чыгуу менен байланышкан ишти автоматташтыруу үчүн арналган программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы болуп саналган система;
- анкета-арыз - өтүнүч берген адамдын жеке маалыматтарын камтыган, электрондук түрдө таризделүүчү документ;
- Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары - КБМР) - Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жана каттоо объекти болуп саналган жарандыгы жок адамдар жөнүндө, миграциянын масштабдары жана багыттары жөнүндө маалыматтарды топтоо, сактоо, актуалдаштыруу жана талдоо үчүн, ошондой эле бул маалыматты Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, башка юридикалык жана жеке жактарга берүү үчүн арналган Кыргыз Республикасынын калкын бирдиктүү автоматташтырылган жекелештирилген эсепке алуу системасы;
- жарандыгы жок адам - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана өзүнүн кайсы бир чет мамлекеттин жарандыгына таандык экендигинин далилдери жок адам;
- жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө корутунду - ушул Жободо белгиленген тартипте өтүнүч берген адамды Кыргыз Республикасынын аймагында жарандыгы жок адам деп таанууну ырастаган аймактык бөлүмдүн электрондук же кагаз түрүндөгү чечими;
- жарандыгы жок адамдын күбөлүгү (мындан ары - күбөлүк) - жарандыгы жок адамдын инсандыгын күбөлөндүргөн жана статусун ырастаган документ. Жарандыгы жок адамдын күбөлүгү жарактуу жол кире документи болуп саналат;
- жарандыгы жок адамдын күбөлүгүнүн бузулушу - өтүнүч берген адамдын жазууларынын, сүрөтүнүн, машинада окулуучу маалыматтын жана башка маанилүү элементтердин тактыгына таасир этүүчү кандай болбосун механикалык бузулуулар, ошондой эле анын бүтүндүгүнүн бузулушу;
- калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - калкты каттоо жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу мамлекеттик орган;
- жекелештирүү борбору - ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү жүзөгө ашыруучу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесинин карамагындагы жекелештирүү борбору;
- аймактык бөлүмдөр - жарандыгы жок адамдын статусун аныктоочу жана жарандыгы жок адамга күбөлүк берүү үчүн документтерди кабыл алууну, тариздөөнү ишке ашыруучу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесинин аймактык бөлүмдөрү;
- ведомстволук мекеме - калкты мамлекеттик каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди кабыл алуу жана тариздөө, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана мамлекеттик маанидеги башка документтерди берүү жаатындагы иштерди жүзөгө ашыруучу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү;
- электрондук кол тамга (мындан ары - ЭК) - электрондук формадагы башка маалыматтарга тиркелген жана (же) аны менен логикалык жактан байланышкан жана анын атынан маалыматка кол коюлган адамды аныктоо үчүн пайдаланылуучу электрондук формадагы маалымат.
3. Бул Жобонун колдонулушу Кыргыз Республикасында жүргөн жана Кыргыз Республикасында жарандыгы жок адамдын статусун алууну каалаган жарандыгы жок адамдарга, анын ичинде чет мамлекеттерден келген жарандыгы жок адамдарга да жайылтылат.
Жарандыгы жок адамдын статусу Кыргыз Республикасынын жараны жана/же чет мамлекеттин жараны болуп эсептелбеген адамга анын мыйзамдарына ылайык берилет.
Бул Жобо качкын статусун алган адамдарга жана Кыргыз Республикасында качкын статусун алуу жөнүндө өтүнүч берген адамдарга жайылтылбайт.
2-глава. Жарандыгы жок адамдын статусун аныктоо тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеси
4. Жарандыгы жок адамдын статусун аныктоо боюнча өтүнүч 18 жашка толгон жана Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн статусун аныктоону каалаган адам тарабынан берилет.
5. Кыргыз Республикасында жарандыгы жок адамдын статусун берүү жөнүндө чечим аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлеринен түзүлгөн жана ведомстволук бөлүмдүн чечими менен бекитилген, үчтөн кем эмес жана жетиден көп эмес курамдагы Жарандыгы жок адамдын статусун аныктоо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан кабыл алынат.
Комиссия Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган же жүргөн жарандыгы жок адамдар деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адамдардын арыздарын АМС аркылуу карайт.
6. Жарандыгы жок адамдын күбөлүгүнүн бланктарынын формалары, сыпаттамасы, үлгүлөрү, алардын техникалык өзгөчөлүгү, ошондой эле анкета-арыздардын, таануу жана жашоо актысынын, маалымкаттардын, өтүнүчтү каттоо жөнүндө күбөлүктүн формалары калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
7. Өтүнүч берген адамдын идентификациялык жеке номеринин (мындан ары - ИЖН) болушу жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн берүү үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.
Өтүнүч берген адамда ИЖН жок болгон учурда ал аймактык бөлүм тарабынан ыйгарылат.
Өтүнүч берген адамдын ИЖНде техникалык каталар табылган учурда (бир нече ИЖНдин болушу, фамилиясында, атында жана атасынын атында так эместиктер) аймактык бөлүмдүн кызматкерлери ИЖНге блок коюу жана/же туура эмесин өзгөртүүгө арызды кабыл алышат.
Аймактык бөлүмдүн кызматкерлери ИЖНди ыйгарууну жана/же өзгөртүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 "Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык ишке ашырат.
8. Жарандыгы жок адамдын статусун аныктоо, жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн берүү боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү өлчөмдө акы алынат.
9. Жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн тариздөөгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу өтүнүч берген адамга баруу менен, ошондой эле жогорку ыңгайлуу шарттарда кошумча акы алуу менен ишке ашырылышы мүмкүн, анын өлчөмү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөнү түзүү чөйрөсүндөгү тиешелүү ченемдик укуктук актылар менен аныкталат.
10. Мамлекеттик стационардык социалдык тейлөө мекемелеринин администрацияларынын өтүнүчү боюнча аларда турган, инсандыгын күбөлөндүргөн же туулган фактысын ырастаган документтери жок болгон адамдарга карата арыздарды карайт.
Ушул категориядагы жарандардын жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн тариздөөгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу аймактык бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан мамлекеттик стационардык социалдык тейлөө мекемесинин юридикалык дарегине акысыз негизде баруу менен ишке ашырылат.
11. Жарандыгы жок адамдын статусун аныктоого документтерди кабыл алуу өтүнүч берген адамдын жашаган жери боюнча аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери тарабынан төмөнкү документтерди берүү менен жүзөгө ашырылат:
1) аймактык бөлүмдүн кызматкери тарабынан АМС аркылуу таризделүүчү өтүнүч кат;
2) инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ (бар болсо);
3) туулгандыгы тууралуу күбөлүк же актылык жазуудан же ага теңештирилген документтен көчүрмө - КБМРде маалыматтар жок болгон учурда (бар болсо);
4) үй-бүлөлүк мамилелердин бар экендигин ырастоочу документ (нике тууралуу же никенин бузулушу жөнүндө күбөлүк, жубайынын каза болгондугу жөнүндө күбөлүк) - КБМРде маалыматтар жок болгон учурда;
5) толук өмүр баяны;
6) документтердин жоктугунун себептерин көрсөтүү менен түшүнүк кат - инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтери жок болгон учурда;
7) милициянын участкалык инспекторунун катышуусу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн Кыргыз Республикасынын аймагында таануу жана жашоо актысы - АМСте маалыматтар жок болгон учурда;
8) өтүнмө берүүчү адамдын статусун ырастаган башка документтер (эмгек китепчеси, пенсиялык күбөлүк, чарба китебинен көчүрмө, үй китеби);
9) жарандыгы жок адамдын статусун аныктоо үчүн төлөмдөрдү ырастоочу квитанциялар.
Өтүнмө берген адам көрсөткөн инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтердин түп нускалары кайтарып берилүүгө тийиш.
Эгерде маалыматтар мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларында болсо жана ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жеткиликтүү болсо, жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адамдардан документтердин көчүрмөлөрү суралбайт.
12. Жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адам Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын маалыматтык системасы боюнча текшерилет.
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын маалыматтык системасы боюнча текшерүүнүн мөөнөтү 10 календардык күндү түзөт.
13. Эгерде өтүнүч берген адамдын жашы жете элек үй-бүлө мүчөлөрү болсо, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк же актылык жазуунун көчүрмөсү кошумча берилет - КБМРде маалыматтар жок болгон учурда.
14. 18 жашка чыга элек адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагында жарандыгы жок адамдар деп таануу жөнүндө арыздар ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча каралат.
15. Ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин негизинде жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адамга анын өтүнүчү катталгандыгы жөнүндө күбөлүк берилет, ал өтүнүч берген адамдын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу болуусу үчүн жана бул адамды жана анын үй-бүлөсүнүн жашы жете элек мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аймактык бөлүмдө каттоого негиз болуп саналат.
16. Арызды жана ага тиркелген документтерди кароонун жүрүшүндө Комиссия тарабынан өтүнүч берген адамдын чет өлкөлүк жарандыкка таандык же таандык эмес фактысын аныктоо максатында же жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактысын ырастаган документтерди (көчүрмөлөрдү) алуу максатында чет мамлекеттерге суроо-талаптар жиберилиши мүмкүн.
17. Чет мамлекеттерге суроо-талаптар төмөнкү учурларда жөнөтүлөт:
1) эгерде өтүнүч берген адам чет мамлекеттин аймагында төрөлсө жана анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болсо (туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө);
2) эгерде өтүнүч берген адам мурда чет мамлекетте катталган никеде турган болсо (нике тууралуу, никенин бузулушу, жубайынын каза болгондугу жөнүндө актылык жазуудан көчүрмө);
3) өтүнүч берген адамдын чет мамлекеттин жарандыгынын бар же жок фактысынын тастыктамасын алуу үчүн;
4) эгерде өтүнүч берген адамдын ата-энеси же алардын бири чет мамлекеттин жарандыгына таандык болсо.
18. Чет мамлекеттерге суроо-талаптар бир жылдын ичинде 2 жолудан кем эмес жиберилет. Кайталанган суроо-талап алгачкы суроо-талап жөнөтүлгөн учурдан тартып беш ай өткөндөн кийин өтүнүч берген адамдын арызынын негизинде жиберилет.
Белгиленген мөөнөттүн ичинде чет мамлекеттен жооптун жоктугу өтүнүч берген адамдын арызын кароону токтото туруу же баш тартуу үчүн негиз болуп саналбайт.
Чет мамлекеттен 2ден кем эмес суроо-талапка 12 айдын ичинде жооп келбеген учурда, өтүнүч берген адам акыркы 5 жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка чыкпаган шартта Комиссия ага жарандыгы жок адамдын статусун берүүгө укуктуу.
19. Арызды жана тиркелген документтерди кароо мөөнөтү 30 календардык күндү түзөт. Суроо-талап чет мамлекеттерге жиберилген учурда арызды жана ага тиркелген документтерди кароо мөөнөтү 6 айды түзөт.
20. Эгерде арызды кароодо өтүнүч берген адам ага көз каранды болбогон себептер боюнча ушул Жободо каралган керектүү документти бере албаган же аймактык бөлүмдүн кызматкери тарабынан алдын ала текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча өтүнүч берген адам жөнүндө документ түрүндө ырасталган маалымат белгиленбеген учурда, өтүнүчтү андан ары кароо токтотулуп турат жана АМСке себептерин көрсөтүү менен тиешелүү жазуу киргизилет. Ошол эле учурда өтүнүч берген адамдын кайрылуусу боюнча ага арызды кароону токтото туруунун себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө жооп берилет.
21. Арызды жана тиркелген документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча Комиссия тарабынан чечим кабыл алынат жана өтүнүч берген адамды жарандыгы жок адам деп таануу же өтүнүчтү четке кагуу жөнүндө корутунду АМС аркылуу чыгарылат.
Корутунду аймактык бөлүмдүн жетекчиси тарабынан бекитилет.
22. Аймактык бөлүм чечим кабыл алынган учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде өтүнүч берген адамды анын арызын кароонун жыйынтыгы жөнүндө электрондук дарекке же уюлдук телефонго билдирүү жиберүү аркылуу кабарлайт жана кагаз же электрондук түрдө күбөлөндүрүү менен документтештирүүнүн тартибин түшүндүрөт.
23. Арызды четке кагуу жөнүндө чечим өтүнүч берген адамдын талабы боюнча жазуу жүзүндө берилет.
24. Жарандыгы жок адамдын статусун берүү жөнүндө кайрадан берилген арыз мурдагы чечим чыгарылгандан бир жыл өткөндөн кийин гана өтүнүч берген адам тарабынан киргизилиши мүмкүн.
3-глава. Жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн тариздөөгө, берүүгө документтерди кабыл алуу тартиби
25. Күбөлүктү тариздөөгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу өтүнүч берген адамдын жашаган жери боюнча аймактык бөлүмдөрдө ИЖНи болгондо жүргүзүлөт.
26. Жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн тариздөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
1) жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө корутундунун негизинде аймактык бөлүмдүн кызматкери тарабынан АМС аркылуу таризделүүчү анкета-арыз;
2) жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө корутунду, ал АМСте жок болгон учурда - аймактык бөлүмдүн кызматкери тарабынан санариптештирилет;
3) АМСте чагылдырылган маалымат жок болсо - күбөлүктү тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөмдү ырастоочу квитанция.
Иммигрант статусу бар жарандыгы жок адамдар жогоруда көрсөтүлгөн документтерге кошумча эски үлгүдөгү күбөлүктү жана/же жарандыгы жок адамдын туруктуу жашап турууга уруксатын берет.
Жарандыгы жок адамдын күбөлүгү алмаштырылган учурда ушул Жобонун 38-пунктунун негизинде көрсөтүлгөн жагдайларды ырастаган документтер берилет.
27. Жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн берүүгө документтерди тариздөө, текшерүү аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.
28. Анкета-арызды толтурууда аймактык бөлүмдүн кызматкери өтүнүч берген адамдан анкета-арызга киргизилген маалыматтардын тууралыгын тактайт, өтүнүч берген адамды сүрөткө тартат.
29. Белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарды кошпогондо, өтүнүч берген адамдын электрондук кол тамгасы же өз колу менен коюлган электрондук кол тамгасын алуу үчүн түзүлүш аркылуу анкета-арызга кол коюлат.
Белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдын өз колу менен коюлган колунун ордуна анын мыйзамдуу өкүлүнүн колу коюлат.
Өз колу менен кол коюуга мүмкүн болбогон, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын өз колу менен коюлган колунун ордуна белгиленген тартипте берилген электрондук кол тамга коюлат.
30. Сүрөткө тартуу төмөнкү талаптарды эске алуу менен жүргүзүлөт:
1) сүрөткө тартылып жаткан адамдын бети жана ийиндери фотоаппараттын объективине карата фронталдуу абалда болот. Башты фронталдык абалдан каалаган багытка 5 градуска чейин бурууга жол берилет;
2) бетинин көрүнүшү нейтралдуу болууга, каштары нейтралдуу абалда болууга тийиш, фотоаппараттын объективине түз карашы керек. Фотоаппараттын объективинен башка тарапка (оңго же солго) кичине буруп кароого, ошондой эле бир аз жылмаюуга жол берилет;
3) сүрөт бетти жаппаган жана башка тыкан салынган аялдардын жоолугун кошпогондо, баш кийимсиз тартылат;
4) эгерде өтүнүч берген адам оптикалык көз айнекчен сүрөткө түшкөн учурда көз айнектин алкагы көзүн жаап калбоого тийиш, ал эми көз айнек чагылбашы керек. Көрүүсү начар адамдарды күңүрт линзалары бар көз айнек менен сүрөткө тартууга жол берилет;
5) кийими күндөлүк же кеңсе кийимдери болушу мүмкүн.
31. Аймактык бөлүмдүн кызматкери өтүнүч берген адамга документтердин кабыл алынгандыгы жөнүндө тил кат берет.
Аймактык бөлүмдүн кызматкери тарабынан текшерилүүчү жана электрондук кол тамга аркылуу кол коюлуучу жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн алуу үчүн анкета-арыз сканерленген документтер менен бирге байланыштын корголгон электрондук каналдары боюнча жекелештирүү борборуна жиберилет.
32. Жекелештирүү борборуна анкета-арыз жана сканерленген документтер келип түшкөндө анкета-арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын КБМРдеги жана сканерленген документтерде камтылган маалыматтарга шайкештигине кошумча текшерүү жүргүзүлөт.
Анкета-арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын КБМРдеги жана сканерленген документтерде камтылган маалыматтарга шайкеш келбегендиги аныкталган учурда даярдоо борбору анкета-арызды жана сканерленген документтерди аймактык бөлүмгө кайтарат.
33. Жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн жекелештирүү жана берүү 18 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт. Өтүнүч берген адамдын каалоосу боюнча жекелештирүү 7 жумуш күндүн ичинде акы төлөө негизинде шашылыш тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн.
Даяр жекелештирилген документ почта/фельдъегердик байланыш аркылуу аймактык бөлүмгө жиберилет.
34. Жарандыгы жок адамдын күбөлүгү беш жылдык мөөнөткө берилет.
35. Жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн жарандыгы жок адамдын арызынын негизинде колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин бир ай мурда алмаштырылат.
4-глава. Жарандыгы жок адамдын күбөлүгүнүн бланктарын толтуруу тартиби
36. Күбөлүктүн бланкы анкета-арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде толтурулат.
37. Күбөлүк мамлекеттик жана англис тилдеринде толтурулат. Ага төмөнкү маалыматтар киргизилет:
1) фамилиясы, аты, атасынын аты;
2) туулган жылы жана жери;
3) жарандыгы жок адамдын күбөлүгү ким тарабынан жана качан берилген;
4) жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн колдонуу мөөнөтү.
38. Күбөлүктү алмаштыруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) фамилиясы, аты, атасынын аты алмашса;
2) туулган жылы өзгөрсө;
3) жазууларда так эместиктер белгиленсе;
4) колдонуу мөөнөтү аяктаса (эски үлгүдөгү күбөлүктөр);
5) колдонуу үчүн жараксыз болсо;
6) жоголсо.
Эски үлгүдөгү күбөлүгү бар жарандыгы жок адамдар кайрылган учурда алмаштыруу ушул Жобонун 26-пунктунун негизинде жүргүзүлөт.
39. Күбөлүктү алмаштыруу үчүн негизи бар адамдар жашаган жери боюнча аймактык бөлүмгө кайрылат.
5-глава. Жарандыгы жок адамдардын даярдалган күбөлүктөрүн берүү
40. Жарандыгы жок адамдын күбөлүгү өтүнүч берген адамга же анын өкүлүнө берилет.
41. Өтүнүч берген адамдын өкүлү кайрылган учурда ал тиешелүү ыйгарым укуктарын ырастоочу документтерди көрсөтөт, алар электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алынышы мүмкүн.
42. Күбөлүктү берүүдө аймактык бөлүмдүн кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) алуучу күбөлүк даярдалган адам экендигин текшерүүгө;
2) алуучуга же анын өкүлү болгон адамга күбөлүккө киргизилген маалыматтардын тууралыгын текшерүүнү сунуштоого;
3) барган жерине карабастан 5 жумуш күндүн ичинде калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кайсы болбосун аймактык бөлүмүндө каттоонун зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүүгө.
43. Талап кылынбаган күбөлүктөр даярдалган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин аймактык бөлүм тарабынан ведомстволук бөлүмгө сактоого өткөрүп берилет, ал жерде алар бир жыл бою сакталат. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин документтер жок кылынууга тийиш.
44. Табылган күбөлүктөр ведомстволук мекемеге же аймактык бөлүмгө тапшырылууга тийиш.
6-глава. Жарандыгы жок адамдын статусун берүүдөн баш тартуу, өтүнүчтөрдү кароо жол-жоболорун жокко чыгаруу жана токтотуу тартиби
45. Жарандыгы жок адамдын статусун берүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн, эгерде өтүнүч берген адам:
1) Кыргыз Республикасынын жана/же чет мамлекеттин жараны болсо;
2) статусту алуу жөнүндө өтүнүчтү берүүдө жалган маалыматтарды берсе;
3) ушул Жободо белгиленген жарандыгы жок адамдын статусун алуу тартибин сактабаса;
4) Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген ишти жүргүзсө;
5) анын өтүнүчүн чакыртып алуу жөнүндө арыз менен кайрылса.
46. Жарандыгы жок адамдын статусун аныктоо боюнча өтүнүчтү кароо төмөнкү учурларда токтотулат:
- жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө өтүнүч берүүчү каза болсо;
- эгерде жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адам статусту кароону токтотуу тууралуу өтүнүч менен кайрылса;
- эгерде жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адам аймактык бөлүмдөр менен статусту аныктоо үчүн зарыл болгон жагдайларды белгилөө маселеси боюнча кызматташпаса;
- эгерде жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адам качкын же баш калкалоону издеген адамдын статусуна ээ болсо;
- эгерде жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адам Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттин жарандыгын алса.
47. Чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда жарандыгы жок адам 30 күндүн ичинде бул жөнүндө аймактык бөлүмгө билдирүүгө жана күбөлүгүн ведомстволук мекемеге же аймактык бөлүмгө тапшырууга милдеттүү.
48. Жарандыгы жок адамдын статусу Комиссия тарабынан төмөнкү учурларда жокко чыгарылышы мүмкүн, жарандыгы жок адам:
- жарандыгы жок адамдын статусун алуу жөнүндө өтүнүч берген учурда жалган маалыматтарды берсе;
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынын катынын негизинде Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген ишти жүргүзсө;
- жарандын чет мамлекетке таандыктыгы жөнүндө маалымат түшкөн учурда.
Статусту жокко чыгаруу жөнүндө чечим ал кабыл алынгандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
49. Жарандыгы жок адамдын статусун берүү, Кыргыз Республикасынын аймагында жарандыгы жок адамдардын укуктук статусун аныктоо боюнча өтүнүчтөрдү кароо жана жарандыгы жок адамдын статусун жокко чыгаруу жол-жобосу боюнча даттанууларды жана дооматтарды кароо "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жүргүзүлөт.
Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда өтүнүч берген адам Комиссиянын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу.
7-глава. Документтерди кабыл алуу, тариздөө, даярдалган күбөлүктөрдү берүү үчүн жоопкерчилик
50. Жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адам берилген документтердин жана анкета-арызга киргизилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жооптуу болот.
51. Анкета-арызга киргизилген маалыматтардын өтүнүч берген адам тарабынан берилген документтерге шайкештигине, ошондой эле жарандыгы жок адамдын даярдалган күбөлүктөрүн берүү үчүн аймактык бөлүмдүн кызматкери кылмыш жана тартиптик жоопкерчилик тартат.