Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ТӨРТ-ГҮЛ
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-январы № 22-12
Штаттык ырааттамасын жана штаттык Бирдикти бекитүү жөнүндө
2025-жылына Төрт-Гүл а/ө аппаратынын, китепканалардын, клубдардын,турак жай чарбасынын жана объектилерди кайтаруу боюнча штаттык ырааттамасынын проектисин угуп жана талкулап
Төрт-Гүл айылдык кенеши:
ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:
I. 1.70111 аппарат бөлүмү боюнча төмөнкүдөй айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиги бекитилсин:
-а/ө башчысы - 1 бирдик
-башчысын орун басары - 1 бирдик
-а/ө жоопту катчысы - 1 бирдик
-каржылоо бөлүмүнүн жетекчиси - 1 бирдик
-башкы адис - 3 бирдик
(агрардык жана жер маселелери жана айыл чарбасы боюнча, короо-жай участоктору, калк жана айыл чарба эмес жерлер боюнча, кирешелер боюнча)
-алып баруучу адис - 3 бирдик
(IT технологиялар жана кадр маселелери, социалдык коргоо боюнча, бухгалтер-кассир).
-адистер -2 бирдик
(мамлекеттик сатып алуулар жана инвестиция боюнча, мал чарбасы боюнча)
-ктп -2 бирдик (кароолчу,
кеңсе тазолочу)
-ткк -2 бирдик (кассир, кызматчы)
2. 70111 бөлүмү "Аткаруу жана мыйзам чыгаруу органдары" келишим боюнча бекитилсин:
- аскердик каттоо столунун инспектору -1 бирдик (адиси)
-айыл башчы -4 бирдик (адистери)
-статист-экономист -1 бирдик (адиси)
3. 70111 бөлүмүнө ылайык "Аткаруу жана мыйзам чыгаруу органдарынын" (айылдык кенештин) штаттык бирдигине бекитилсин:
-айыл кенештин жоопту катчы -1 бирдик
4. 70629-бөлүмүнө ылайык турак жай-коммуналдык чарбанын штаттык бирдиги бекитилсин:
- а/ө имаратын жылытуу -1 бирдик жылытуу мезгили үчүн
5. 70821 китепкана бөлүмү боюнча төмөнкү штаттык бекитилсин:
-китепканачы Москва районунун маданият болумунун бекитилген штаттык санына ылайык 2,5 ставка
-кеңсе тазолочу - 0,25 бирдик
-кароолчу - 0,5 бирдик
6. 70823-статья боюнча бекитилсин Дворецтер жана маданият уйлеру, клубдар:
-жетекчиси Москва районунун маданият болумунун бекитилген штаттык графигине ылайык -- 3 бирдик
-кароолчу - 2 бирдик
-кеңсе тазолочу - 0,5 бирдик
II. Айлык эмгек акы боюнча бекителсин:
1. «Аткаруу жана мыйзам чыгаруу органдары» бөлүмү боюнча - 455,3 миң сом айлык акы фондусу менен 15 штаттык бирдик бекитилсин.
2. «Аткаруу жана мыйзам чыгаруу органдары» бөлүмү боюнча - айлык акы фондусу 173,4 миң сом өлчөмүндө 6 бирдик бекитилсин.
3. «Аткаруу жана мыйзам чыгаруу органдары» (айылдык кеңеш) бөлүмү боюнча - 1 штат бирдиги, айлык маянасы 42,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. «Турак жай-коммуналдык чарба» бөлүмүнө - 1 штат бирдиги айлык акы фондусу 7,0 миң сом.
5. «Маданият үйлөрү » бөлүмүнө 78,9 миң сом айлык эмгек акы фондусу менен 6,75 штаттык бирдик бекитилсин
6. «Китепканалар» бөлүмүнө -3,25 штаттык бирдик, айлык акы фондусу 49,2 миң сом менен бекитилсин.
Төрага: | Ж.К. Маматкеримов |