Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-декабры № 2692-VII
"Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө мыйзамдардын таасири жөнүндө (2021-2024-жылдар аралыгында кабыл алынган мыйзамдар боюнча)" Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директорунун баяндамасы тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 41-пунктуна ылайык, "Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө мыйзамдардын таасири жөнүндө (2021-2024-жылдар аралыгында кабыл алынган мыйзамдар боюнча)" Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директору Б.И.Орозбаевдин баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1 "Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө мыйзамдардын таасири жөнүндө (2021-2024-жылдар аралыгында кабыл алынган мыйзамдар боюнча)" Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директору Б.И.Орозбаевдин баяндамасы эске алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттерине жасалган баяндаманын 4-бөлүгүндө чагылдырылган Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун мыйзамдарды өркүндөтүү бөлүгүндөгү сунуштарын эске алуу сунушталсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.А. Азыгалиев |