Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарынын X чакырылыштын 4-сессиясынын 2-кезектүү сессиясы
2025-жылдын 4-февралы №1
Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше- чыгаша бөлүгүн карап бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономиканын негиздери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 2- кезектүү сессиясы карап чыгып.
Токтом кылат:
1. Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин.
КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ:
1. Жергиликтүү бюджет жалпысы 15 483,6 миң сом, мунун ичинен 14 673,8 миң сом салык жана салык эмес жыйымдар, 804,8 миң сом атайын каражаттар.
2. Теңдештирилген грант- 26 158,7 миң сом.
Баардыгы: 41 642,3 (кырк бир миллион алты жүз кырк эки миң үч жүз) сом.
ЧЫГАША БӨЛҮГҮ:
1. Башкаруу аппарат- 28 553,2 сом Р-701 11
2. Китепкана- 1 617,4 сом Р-701 11
3. Маданият тармагы- 3 828,3 сом Р-708 23
4. Бала бакча- 1358,4 сом Р-709 11
5. Мектеп- 4 045,0 сом Р-709 21
6. Экономикалык маселелер
(жайыт комитети)- 1435,2 сом Р- 704 91
7. Атайын каражаттар- 804,8 сом Р-709 11
Баардыгы: 41 642,3 (кырк бир миллион алты жүз кырк эки миң үч жүз) сом.
2 . Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-2027-жылдарга бюджетинин болжолдуу долбоорунун киреше бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин:
Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салык эмес жыйымдар- 18 299,9
миң сом.
Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салык эмес жыйымдар- 18 380,0 миң сом.
.Төрага: | Б. Султангазы уулу |