КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН төрагасыНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 28-февралы № 106
Кыргыз Республикасынын Улуттук бакубаттуулук фондун кийин IPO чыгаруу менен түзүү жана капиталдын эл аралык рынокторуна чыгуу аркылуу инвестицияларды тартуу боюнча чараларды иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 16-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук бакубаттуулук фондун кийин IPO чыгаруу менен түзүү боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Жумушчу топ өз ишинин регламентин өз алдынча аныктоого укуктуу жана коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- белгиленген тартипте зарыл болгон учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин (макулдашуу боюнча), ошондой эле финансы рыногу жаатындагы эксперттерди (макулдашуу боюнча) иш процессинде келип чыгуучу маселелерди чечүү үчүн тартууга;
- мамлекеттик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан зарыл болгон маалыматтарды сурап алууга, өзүнүн жыйналыштарына мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилерин чакырууга жана каралып жаткан маселелер боюнча алардын маалыматтарын угууга.
3. Жумушчу топ 3 (үч) айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук бакубаттуулук фондун кийин IPO чыгаруу менен түзүүгө багытталган механизмдерди иштеп чыгуу жана практикалык ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги бул тескемени аткарууга байланышкан уюштуруу жана башка маселелерди чечсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук бакубаттуулук фондун кийин IPO чыгаруу менен түзүү боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
Жапаров Акылбек Усенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, жумушчу топтун жетекчиси; |
Сыдыков Бакыт Толомушевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Сагынбаев Канат Латипжанович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жооптуу катчысы. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Амангельдиев Данияр Джолдошевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри; |
Баетов Аяз Батыркулович | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министри; |
Бакетаев Алмаз Кушбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Тургунбаев Мелис Жусупжанович | - | Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри; |
Боконтаев Кубанычбек Кенешович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Примов Алмазбек Абдыакимович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Пирназаров Марат Туголбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы; |
Султаналиев Самат Канатбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти; |
Султанбаев Улан Садырбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн эксперти; |
Шабданбеков Тимур Маратович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Адыл уулу Кубан | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары (макулдашуу боюнча). |