Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-февралы № 2855-VII
«2024-жылдын 3-декабрында Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2025-жылдан тартып 2029-жылга чейинки мезгилге Экономикалык өнүктүрүү жаатында кызматташуу фондунан (EDCF) кредиттер жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2025-жылдын 25-январындагы чыг. № 25-746)
«2024-жылдын 3-декабрында Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2025-жылдан тартып 2029-жылга чейинки мезгилге Экономикалык өнүктүрүү жаатында кызматташуу фондунан (EDCF) кредиттер жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 5 жумуш күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
|
Н.О. Сыдыгалиев |