Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарынын X чакырылыштын 4-сессиясынын 2-кезектүү сессиясы
2025-жылдын 4-февралы №2
Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдан калган калдык акча каражатын карап бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономиканын негиздери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 2- кезектүү сессиясы карап чыгып,
токтом кылат:
1. Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдан калган калдык акча каражаты төмөндөгүдөй бекитилсин.
КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ:
1. Жергиликтүү бюджет 2024-жылдан калган калдык акча каражаты- 9 436,0 миң сом.
Атайын каражат- 252, 9 миң сом.
Баардыгы: 9 688,9 (тогуз миллион алты жүз сексен сегиз миң тогуз жүз) сом.
ЧЫГАША БӨЛҮГҮ:
- Айылдык кеңештин төрагасынын айлык акысына 2024-жыл үчүн- 19,4 миң сом.
- Айылдык кеңештин төрагасынын соц. чегерүүсүнө- 3,3 миң сом.
- Ак-Моюн жайыт инфраструктурасын жакшыртуу үчүн 3\1 - 421,4 миң сом
- Ак-Муз жайыт инфраструктурасын жакшыртуу үчүн 3/1- 580,6 миңсом
- Боогачы орто мектебинин химия, биология жана информатика класстарына заманбап лабораториялык жабдыктарды алуу үчүн оздүк салым- 110,0 миң сом
- А. Койчуманов орто мектебине келген турба ж.б товарларга- 129,0 миң сом.
- Ит атууга- 200,0 миң сом.
- Бирлик маданият үйүнүн бүтүп жаткан документине которулуучу акча каражат- 591,3 миң сом.
- Бирлик айылынын ПДП- 368,7 миң сом.
- Беккари чуңкуру- 80,0 миң сом.
- Беккари чуңкуруна- 324,4 миң сом.
- РЭС документ алуу Ак-Секи конушу - 7,6 миңсом.
- А.Койчуманов атындагы орто мектептин алдын навес кылып жабуу, бурсчатка төшөөгө өздүк салым дем берүүчү гр- 290,0 миң сом.
- Ак-Муз айылдык маданият үйүн капиталдык оңдоодон өткөрүүгө өздүк салым дем берүүчү гр- 2 281,6 миң сом.
- С.Мурзакматов атындагы орто мектептин спорт залынын полун алмаштырууга өздүк салым дем берүүчү гр- 107,4 миң сом.
- А. Койчуманов орто мектебине технадзор жалдоого- 15,0 миң сом.
- Гипрозем (инвентаризацияга ар кандай керектүү муктаждыктарды алууга)- 100,0 миң сом.
- Лизинг- комбайн, экскаватор- 2447,0 миң сом
- Социалдык мекемелерди, кызматтык унааларды камсыздандырууга – 249,7 миң сом.
- РЭС мекемесинен уруксаат кагаздарын алуу жаны электр
- эсептегичтерин орнотууга- 236,0 миң сом.
- Ак-Моюн айылындагы 12 соц. имараттарды баалатууга- 240,0 миң сом.
- Долбоорлорго технадзор жалдоого- 200,0 миң сом.
- Карышкыр атууга- 50,0 миң сом.
- Раскол - 130,7 миң сом.
- Ар кандай чыгымдарга- 252,9 сом
Жалпы: 9 436,0 миң сом.
2. Бала бакчалардын ата энелерден түшкөн акча каражаты- 242,1 миң сом
ПРООН тарабынан калган калдык- 10,8 миң сом.
Жалпы: 252, 9 миң сом.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн финансы- экономикалык, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы С. Султанбек уулуна жана башкы бухгалтер Г. Акматбековага милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп www.ak-moyun.org.kg веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Каражаттарды өз убагында көрсөтүлгөн багытка которуу боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ат-Башы финансы башкармалыгынан суралсын.
6. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Алакуновго тапшырылсын жана өзүмө калтырам.
.Төрага: | Б. Султангазы уулу |