Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому
2025-жылдын 30-январы № 2766-VII
"2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Венесуэла Боливар Республикасынын ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визаларды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2025-жылдын 14-январындагы чыг. № 15-277) "2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Венесуэла Боливар Республикасынын ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визаларды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.А. Азыгалиев |