Редакцияот 28.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2024-жылдын 28-февралы № 74-т

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жолу менен ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы резиденциясы" мамлекеттик ишканасын тиешелүү штаттык саны жана мүлктүк комплекси менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын карамагына өткөрүп берсин;

- ушул тескемеден келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты белгиленген тартипте:

- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;

- ушул тескемеден келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескемеден келип чыгуучу маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 425-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1, 3-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров