Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын
кезексиз VI сессиясынын
2025-жылдын 09-январы №12
Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын, БШКнын “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндөгү” Жобосунун талаптарына жана 15.12.2024-жылдагы КР Борбордук шайлоо комиссиясынын Кара-Көл Таш-Көмүр Токтогул Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлү А.Б.Ажыкановдун кайрылуусуна ылайык, Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жамааттардан жана мекеме, ишканалардын эмгек жамааттарынан сунушталган талапкерлер боюнча жооптуу катчы С.К.Наралиева маалымат берди.
Жогоруда сунушталган талапкерлер боюнча маалыматты угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз VI сессиясы, токтом кылат
1. Токтогул шаардык кеңешине жамааттардан жана мекеме, ишканалардан сунушталган 21 (жыйырма бир) талапкер Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын резервине сунушталсын (сапаттык курамы тиркелет).
2. Ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн талапкерлердин документтерин Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүп берүү Токтогул шаардык кеңешинин жооптуу катчысына(С.Наралиева) милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | С.Т.Кылданов |
Б