Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 23-сентябры № 572-т
Кыргыз Республикасы менен Латвия Республикасынын ортосундагы жарандык авиация жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Латвия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба каттамы жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директоруна жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Латвия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба каттамы жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Латвия Республикасынын Өкмөтү, мындан ары Макулдашуучу тараптар деп аталып,
Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенция 1944-жылдын 7-декабрында Чикагодо кол коюу үчүн ачылганын белгилеп,
өз ара принцибине негизделип, тиешелүү аймактардын жана алардын чегинен тышкары аймактардын ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамын түзүү максатында аталган Конвенцияга ылайык жана ага кошумча катары Макулдашуу түзүүнү каалап:
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Аныктамалар
1. Эгер контекст башкасын талап кылбаса, ушул Макулдашуунун талаптары үчүн:
а) "Конвенция" термини 1944-жылдын 7-декабрында Чикагодо кол коюу үчүн ачылган Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенцияны билдирет жана бул Конвенциянын 90-беренесине ылайык кабыл алынган кандай болбосун Тиркемени жана Конвенциянын 90 жана 94-беренелерине ылайык кабыл алынган Тиркемелерге жана Конвенцияга карата кандай болбосун түзөтүүлөрдү ушул Тиркемелер жана түзөтүүлөр күчүнө киргениндей же эки Макулдашуучу тараптын мамлекеттери ратификациялагандай деңгээлде камтыйт;
б) "авиациялык бийлик" термини Кыргыз Республикасына карата - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигин, Латвия Республикасына карата - Транспорт министрлигин же эки тарапка тең карата жогоруда аталган бийликтер тарабынан азыркы учурда аткарылып жаткан ар кандай функцияларды аткарууга ыйгарым укуктуу болгон кандай болбосун башка жакты же органды билдирет;
в) "дайындалган авиакомпания" термини ушул Макулдашуунун 4-беренесине ылайык дайындалган же ыйгарым укук берилген авиакомпанияны билдирет;
г) "аймак" термини Макулдашуучу тараптарга карата колдонулуучу учурда контекстке жараша Кыргыз Республикасынын аймагы же Латвия Республикасынын аймагы катары түшүнүлөт жана Конвенциянын 2-беренесинде ага берилген мааниге ээ;
д) "аба каттамы", "эл аралык аба каттамы", "авиамекеме" жана "коммерциялык эмес максаттарда конуу" терминдери Конвенциянын 96-беренесинде бул терминдер үчүн аныкталган маанилерге ээ;
е) "баа" термини жүргүнчүлөрдү, багажды же жүктү (почтаны кошпогондо) ташуу үчүн алынуучу бааларды, анын ичинде мындай ташуунун алкагында берилүүчү кандай болбосун олуттуу кошумча жеңилдиктерди, ошондой эле адамдарды ташуу үчүн билеттерди сатуу үчүн төлөнүүчү же жүк ташуу үчүн тиешелүү транзакциялардын алкагындагы комиссияларды билдирет. Термин ошондой эле ташуу үчүн тарифтердин колдонулушун же комиссиялык сый акылардын төлөнүшүн жөнгө салуучу шарттарды камтыйт;
ж) "Тиркеме" термини ушул Макулдашууга Тиркемени же ушул Макулдашуунун 20-беренесинин жоболоруна ылайык түзөтүүлөрдү билдирет. Тиркеме ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгүн түзөт жана ачык эле башкача макулдашылган учурларды кошпогондо, ушул Макулдашууга бардык шилтемелер Тиркемеге шилтемелерди да камтыйт;
з) "Европа бирлигинин келишимдери" термини Европа Бирлиги жөнүндө келишимди жана Европа Бирлигинин иштөөсү жөнүндө келишимди билдирет.
2. Ушул Макулдашуунун беренелерине берилген аталыштар шилтемелердин максаттары үчүн гана кызмат кылат.
3. Латвия Республикасынын жарандарына карата ушул Макулдашуудагы шилтемелер Европа Бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандарына шилтемелер катары түшүнүлөт. Латвия Республикасынын авиакомпаниясына же авиакомпанияларына карата ушул Макулдашуудагы шилтемелер Латвия Республикасы тарабынан дайындалган авиакомпанияга же авиакомпанияларга шилтемелер катары түшүнүлөт.
2-берене. Ташууларга укуктарды берүү
1. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка эл аралык аба каттамдарына карата төмөнкүдөй укуктарды берет:
(а) өзүнүн аймагы аркылуу конуусуз учуу укугун;
(б) коммерциялык эмес максаттарда өзүнүн аймагына конуу укугун.
2. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка ушул Макулдашуунун Тиркемесинде көрсөтүлгөн маршруттар боюнча эл аралык аба каттамдарын жүзөгө ашыруу максатында ушул Макулдашууда сүйлөшүлгөн укуктарды берет. Мындай каттамдар жана маршруттар мындан ары тиешелүү түрдө "макулдашылган линиялар" жана "белгиленген маршруттар" деп аталат. Белгиленген маршрут боюнча макулдашылган линияны эксплуатациялоодо ар бир Макулдашуучу тарап дайындаган авиакомпания же авиакомпаниялар ушул берененин 1-пунктунда сүйлөшүлгөн укуктарга кошумча катары жүргүнчүлөрдү, багажды, жүктү жана почтаны өз-өзүнчө же айкалыштырып эл аралык ташуунун коммерциялык негизинде жүктөө жана/же түшүрүү максаттары үчүн экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында Тиркемеде бул маршрут үчүн көрсөтүлгөн пункттарга конуу укугун пайдаланат.
3. Бул берененин 2-пунктунда эч нерсе бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясына экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында сый акы же акы үчүн ташылуучу, ошол экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында башка баруучу пунктка бараткан жүргүнчүлөрдү, жүктү жана почтаны (каботаж) бортко кабыл алуу укугун берүү катары каралбайт.
4. Эгерде куралдуу кагылышуулардан, саясий толкундоолордон же окуялардан же өзгөчө жана адаттан тыш жагдайлардан улам бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы өзүнүн кадимки маршруту боюнча учууну аткара албаса, экинчи Макулдашуучу тарап мындай каттамды тиешелүү убактылуу макулдашылган маршруттар боюнча аткарууну улантууга көмөктөшүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.
3-берене. Сертификаттарды жана лицензияларды таануу
1. Бир Макулдашуучу тарап берген же жарактуу деп таанылган учууга жарактуулук сертификаты, квалификациясы жөнүндө сертификаттар жана лицензиялар мындай сертификаттар же лицензиялар аларга ылайык берилген же жарактуу деп таанылган талаптар Конвенцияга ылайык белгилениши мүмкүн болгон минималдуу стандарттарга шайкеш келген же алардан жогору болгон шартта алардын жарактуу мөөнөтүнүн ичинде экинчи Макулдашуучу тарап тарабынан жарактуу деп таанылат.
2. Ошондой болсо да ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарап же кандай болбосун башка мамлекет тарабынан алардын мамлекеттеринин жарандарына берилген же жарактуу деп таанылган квалификациясы жөнүндө сертификаттарды жана лицензияларды өз аймагынын үстүнөн учууларды аткаруу максаттары үчүн жарактуу деп таануудан баш тартуу укугун сактап калат.
4-берене. Авиакомпанияларды дайындоо жана эксплуатациялык уруксатты берүү
1. Ар бир Макулдашуучу тарап белгиленген маршруттар боюнча келишимдик линияларды эксплуатациялоо максатында экинчи Макулдашуучу тарапка жөнөтүлгөн жазуу жүзүндө бир же бир нече авиакомпанияны дайындоого укуктуу.
2. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка жазуу жүзүндөгү кабарлоону жөнөтүү менен мындай дайындоону чакыртып алууга же өзгөртүүгө укуктуу.
3. Мындай дайындоону алгандан кийин экинчи Макулдашуучу тарап төмөнкүдөй шартта тиешелүү укуктарды жана уруксаттарды минималдуу жол-жоболук кечиктирүү менен берет:
а) Кыргыз Республикасы тарабынан дайындалган авиакомпанияга карата:
i) ал Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлсө жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык лицензияланса; жана
ii) авиакомпанияны иш жүзүндө жөнгө салуучу контроль эксплуатациялоочунун сертификатын берүүгө жооптуу болгон Кыргыз Республикасы тарабынан жүзөгө ашырылса жана ага таандык болсо, ошондой эле дайындоодо тиешелүү авиациялык бийликтер так көрсөтүлсө; жана
iii) түздөн-түз же акциялардын контролдук пакети аркылуу Кыргыз Республикасынын жана/же Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигинде турса жана иш жүзүндө алар тарабынан контролдонсо;
б) Латвия Республикасы тарабынан дайындалган авиакомпанияга карата:
i) ал Европа Бирлигинин келишимдерине ылайык Латвия Республикасынын аймагында түзүлсө жана Европа Бирлигинин мыйзамдарына ылайык эксплуатациялоого жарактуу лицензиясы болсо; жана
ii) авиакомпанияны иш жүзүндө жөнгө салуучу контроль эксплуатациялоочунун сертификатын берүүгө жооптуу болгон Европа Бирлигине мүчө мамлекет тарабынан жүзөгө ашырылса же ага таандык болсо, ошондой эле дайындоодо тиешелүү авиациялык бийликтер так көрсөтүлсө; жана
iii) түздөн-түз же акциялардын контролдук пакети аркылуу Европа Бирлигине мүчө мамлекеттин же Европа эркин соода ассоциациясынын жана/же мындай мамлекеттердин жарандарынын менчигинде турса жана иш жүзүндө алар тарабынан контролдонсо;
в) бир Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери экинчи Макулдашуучу тарап дайындаган авиакомпаниядан Конвенциянын жоболоруна ылайык эл аралык аба каттамдарын эксплуатациялоого карата бул авиациялык бийликтер тарабынан адатта жана негиздүү колдонулуучу мыйзамдарда жана эрежелерде жазылган шарттарды аткарууга жөндөмдүү экендигинин далилдерин берүүнү талап кыла алат.
4. Авиакомпания ушул Макулдашуунун бардык колдонулуучу жоболорун канааттандырган шартта, мындай жол менен дайындалган жана ыйгарым укуктар берилген авиакомпания келишимдик линияларды эксплуатациялоону каалаган убакта баштай алат.
5-берене. Эксплуатациялоо уруксатын берүүдөн баш тартуу, жокко чыгаруу же токтотуп туруу
1. Ар бир Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери төмөнкү учурларда экинчи Макулдашуучу тарап дайындаган авиакомпанияга берилген эксплуатациялоо же техникалык уруксатты чакыртып алышы, токтотуп турушу же чектөөсү мүмкүн:
а) Кыргыз Республикасы дайындаган авиакомпания:
i) Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлбөсө же Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык лицензияланбаса; же
ii) авиакомпанияны иш жүзүндө жөнгө салуучу контроль эксплуатациялоочунун сертификатын берүүгө жооптуу болгон Кыргыз Республикасы тарабынан жүзөгө ашырылбаса жана ага таандык болбосо же дайындоодо тиешелүү авиациялык бийликтер так көрсөтүлбөсө; же
iii) түздөн-түз же акциялардын контролдук пакети аркылуу Кыргыз Республикасынын жана/же Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигинде болбосо же иш жүзүндө алар тарабынан контролдонбосо;
б) Латвия Республикасы тарабынан дайындалган авиакомпанияга карата:
i) ал Латвия Республикасынын аймагында Европа Бирлигинин келишимдерине ылайык түзүлбөсө же Европа Бирлигинин мыйзамдарына ылайык эксплуатациялоого жарактуу лицензиясы болбосо; же
ii) авиакомпанияны иш жүзүндө жөнгө салуучу контроль эксплуатациялоочунун сертификатын берүүгө жооптуу болгон Европа Бирлигине мүчө мамлекет тарабынан жүзөгө ашырылбаса же ага таандык болбосо же дайындоодо тиешелүү авиациялык бийликтер так көрсөтүлбөсө; же
iii) түздөн-түз же акциялардын контролдук пакети аркылуу Европа Бирлигине мүчө мамлекеттин жана/же мындай мамлекеттердин жарандарынын менчигинде болбосо, иш жүзүндө алар тарабынан контролдонбосо;
в) аталган авиакомпания бул укуктарды берүүчү Макулдашуучу тараптын мамлекетинин колдонуудагы мыйзамдарын сактабаса; же
г) аталган авиакомпания ушул Макулдашуунун шарттарына ылайык келишимдик линияларды эксплуатациялоо шарттарын кандайдыр бир башка жол менен сактабаган кандай болбосун учурда; же
д) экинчи Макулдашуучу тарап авиациялык коопсуздук стандарттарын жана ушул Макулдашуунун 14, 15-беренелерине ылайык коопсуздук стандарттарын сактабаган же колдонбогон учурда.
2. Эгерде токтоосуз жокко чыгаруу, токтотуп туруу же ушул берененин 1-пунктунда эскертилген шарттарды белгилөө мыйзамдарды жана эрежелерди андан ары бузуулардын алдын алуу үчүн зарыл болуп саналбаса, мындай укук экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери менен консультацияларды өткөрүүдөн кийин гана колдонулат. Мындай консультациялар консультация суралган күндөн тартып отуз (30) күндүн ичинде башталат. Бул жерде көрсөтүлгөн мезгилдин ичинде канааттандырарлык макулдашууга жетишпөө экинчи Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясына же авиакомпанияларына берилген эксплуатациялоо уруксатын чакыртып алуу, жокко чыгаруу, чектөө же шарттарды белгилөө үчүн негиз болуп саналат. Эгерде олуттуу кечиктирилгистик талап кылынса, кандай болбосун Макулдашуучу тарап ушул беренеде көрсөтүлгөн мезгил өткөнгө чейин убактылуу аракет жасай алат.
6-берене. Төлөмдөргө карата басмырлоону колдонбоо
1. Кандай болбосун Макулдашуучу тараптын аймагында экинчи Макулдашуучу тараптын кандай болбосун дайындалган авиакомпаниясынын аба кемеси тарабынан аэропортторду жана башка авиациялык жабдууларды пайдаланышы үчүн алынуучу жыйымдар ушундай эл аралык аба каттамдарында иштеген улуттук авиакомпаниянын аба кемелеринен алынуучу жыйымдардан жогору болбойт.
2. Аэропортторду же кандай болбосун башка авиациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жана жабдууларды пайдалануу үчүн акы төлөө же эл аралык аба каттамдарын жүзөгө ашырууга байланыштуу алынуучу кандай болбосун ушул сыяктуу төлөмдөр же жыйымдар нарктык негизде белгиленет; кандай болбосун Макулдашуучу тарап тиешелүү далилдерди берүүнү сурай алат. Ушундай эле ыкма жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү тейлөө, ошондой эле жалгыз кызмат көрсөтүүчүлөр иштеген аэропорттордо аба кемесин тейлөө үчүн акы төлөөгө карата колдонулат.
3. Төлөмдөр жана жыйымдар улуттук валютада көрсөтүлөт жана төлөнөт.
7-берене. Бажы жана башка алымдардан бошотуу
1. Бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын эл аралык аба каттамдарында эксплуатациялануучу аба кемелери, ошондой эле алардын штаттык жабдуулары, запастык бөлүктөрү, отундун жана майлоочу материалдарынын запастары, бул аба кемелеринин бортундагы борттук запастары (анын ичинде тамак-аш азыктары, суусундуктары жана тамеки буюмдары) мындай жабдуу, запастык бөлүктөр, резервдер жана запастар учактын бортунда ошол аймактын үстүнөн учууда мындай аба кемеси тарабынан кайра ташылып кеткенге же пайдаланылганга же колдонулганга чейин аба кемесинин бортунда калган шартта Макулдашуучу тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына келгенде бардык бажы алымдарынан, инспекциялык жыйымдардан жана башка ушул сыяктуу акы төлөөлөрдөн бошотулат.
2. Ошондой эле көрсөтүлүүчү кызматтын наркына негизделген төлөмдөрдү кошпогондо, ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн алымдардан, жыйымдардан жана төлөмдөрдөн төмөнкүлөр бошотулат:
а) эл аралык аба каттамында иштеген бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын аба кемесинин бортунда кайра багытта жөнөтүүдө пайдалануу үчүн жөндүү чектөөлөрдүн чегинде аба кемесинин экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында бортко алынган запастары;
б) эл аралык аба каттамында иштеген бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын аба кемесин техникалык тейлөө же оңдоо максатында экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына ташып келинген запастык бөлүктөр, анын ичинде кыймылдаткычтар;
в) эл аралык аба каттамында бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы тарабынан пайдалануу үчүн экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына ташып келинген же берилген отун, майлоочу материалдар жана чыгымдалуучу техникалык запастар, бул резервдер аймагында алар бортко алынган бир Макулдашуучу тараптын аймагынын үстүндө ишке ашырылуучу учуунун участогунда пайдаланылууга тийиш болсо да.
3. Бул берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн материалдар талап боюнча бажы байкоосунда же контролунда болушу мүмкүн.
4. Адатта бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы тарабынан эксплутациялануучу аба кемесинин бортундагы штаттык борттук жабдуулар, ошондой эле материалдар, резервдер жана запастык бөлүктөр экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына ошол Макулдашуучу тараптын бажы бийлигинин макулдугу менен гана түшүрүлүшү мүмкүн. Мындай учурда алар бажы эрежелерине ылайык кайра ташылып же башка жол менен жок кылынганга чейин жогоруда аталган бийликтин көзөмөлүндө болушу мүмкүн.
5. Бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын пайдалануусу үчүн багытталган жана экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына ташып келинген расписание, авиабилеттер жана авиакоштомо кагаздар сыяктуу зарыл болгон документтер ошол аймакта бажы алымдарынан жана салыктардан бошотулат.
6. Макулдашуучу тараптын аймагы аркылуу түз транзиттеги багаж жана жүк келгенде же жөнөтүүдө бажы алымдарынан, жыйымдарынан жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына негизделбеген ушул сыяктуу төлөмдөрдөн бошотулат.
7. Ушул Макулдашууда эч нерсе Латвия Республикасына Латвия Республикасынын аймагындагы пункт менен Латвия Республикасынын аймагындагы башка пункттун ортосундагы же башка Европа Бирлигине мүчө мамлекеттин аймагына учууларды жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын дайындалган авиакомпаниясынын аба кемесинде пайдалануу үчүн анын аймагына жеткирилүүчү отун үчүн салыктарды, жыйымдарды, алымдарды, жыйымдарды же төлөмдөрдү басмырлоосуз негизде алууга тоскоолдук кылбайт.
8. Ушул Макулдашууда эч нерсе Кыргыз Республикасына Кыргыз Республикасынын аймагындагы бир пункт менен Кыргыз Республикасынын аймагындагы башка пункттун ортосундагы же Кыргыз Республикасы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө учууларды ишке ашыруучу Латвия Республикасынын дайындалган авиакомпаниясынын аба кемесинде пайдалануу үчүн анын аймагына жеткирилүүчү отун үчүн салыктарды, жыйымдарды, алымдарды, жыйымдарды же төлөмдөрдү басмырлоосуз негизде алууга тоскоолдук кылбайт.
8-берене. Сыйымдуулук жөнүндө жоболор
1. Макулдашуучу тараптардын дайындалган авиакомпаниялары ушул Макулдашуунун тиркемесинде көрсөтүлгөн кандай болбосун маршрут боюнча келишимдик линияларды эксплуатациялоонун адилеттүү жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнө ээ.
2. Келишимдик линияларды эксплуатациялоодо ар бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы же авиакомпаниялары ошол эле маршруттардын бардыгында же ар кандай бөлүгүндө көрсөткөн кызматтарга ашыкча зыян келтирбөө үчүн экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын же авиакомпанияларынын кызыкчылыктарын эске алат.
3. Жүктөмдүн жөндүү факторунда Макулдашуучу тараптардын дайындалган авиакомпаниялары тарабынан келишимдик линияларды тейлөөнүн негизги максаты авиакомпанияны же авиакомпанияларды дайындаган Макулдашуучу тараптын аймагынан келүүчү же багытталган жүргүнчүлөрдү жана жүктү, анын ичинде почтаны ташууларда учурдагы жана жөндүү күтүлгөн керектөөлөргө ылайык келген сыйымдуулукту берүү болуп саналат.
4. Үчүнчү өлкөлөрдөн ушул Макулдашуунун тиркемесинде көрсөтүлгөн маршруттардагы пунктка же пункттарга багытталган жана келүүчү эл аралык жүктү келишимдик линияларда жүктөө же түшүрүү укугу эл аралык аба транспортун акырындык менен өнүктүрүүнүн жалпы принциптерине ылайык колдонулат жана сыйымдуулук төмөнкүлөргө шайкеш келүүгө тийиш деген жалпы принципти сактайт:
а) жүктөөнүн баштапкы пункттагы өлкөсү менен бара турган акыркы пункттагы өлкөнүн ортосундагы ташууга суроо-талапка;
б) авиакомпаниянын өтмө учууларына суроо-талапка; жана
в) жергиликтүү жана региондук аба каттамда эске алынгандан кийин авиакомпания учуп өткөн райондо ташууга болгон суроо-талапка.
9-берене. Учуулардын графигин жактыруу
1. Бир Макулдашуучу тарап дайындаган авиакомпания же авиакомпаниялар экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлигине жактырууга өзүнүн кыймыл графигин же графиктерин (кыймылдын жайкы жана кышкы мезгилине) учуулар башталганга чейин кеминде отуз (30) күн мурда берет. График атап айтканда учуулардын убактысын, жыштыгын жана пайдаланылуучу аба кемелеринин типтерин камтыйт. Авиациялык бийликтер кызыкдар авиакомпания өзүнүн графигин жактырууга берген күндөн тартып жыйырма (20) күндүн ичинде мындай берилген кыймыл графиктери боюнча өз чечимин берет.
2. Учуулардын графигиндеги ар бир өзгөртүү, ошондой эле кошумча учууларды аткарууга уруксатка суроо-талаптар бир Макулдашуучу тарап дайындаган авиакомпания же авиакомпаниялар тарабынан экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлигине жактырууга жөнөтүлөт. Өзгөртүүгө же кошумча учууларга мындай суроо-талаптар авиациялык бийликтер тарабынан кечиктирилбестен каралат.
10-берене. Маалымат жана статистикалык маалыматтар
Кандай болбосун Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлигине алардын суроо-талабы боюнча биринчи Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясы же авиакомпаниялары тарабынан келишимдик линияларда экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына же аймагынан аткарылган ташууларга тиешелүү, адатта алардын улуттук авиациялык бийликтерине даярдалуучу же берилүүчү мындай маалыматтарды жана статистикалык маалыматтарды берет. Бир Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлиги муктаж болушу мүмкүн болгон ташуулар жөнүндө кандай болбосун кошумча статистикалык маалыматтар суроо-талап боюнча Макулдашуучу тараптардын авиациялык бийликтеринин ортосунда өз ара талкуулоонун жана келишимдин предмети болуп калат.
11-берене. Баа түзүү
1. Макулдашуучу тараптар авиакомпанияларга эркин жана адилеттүү атаандаштыктын негизинде бааларды эркин белгилөөгө уруксат берет.
2. Ушул Макулдашууга ылайык жүзөгө ашырылуучу эл аралык аба ташууларына болгон бааларды Макулдашуучу тараптардын авиациялык бийликтерине берүү талап кылынбайт.
3. Атаандаштык жана керектөөчүлөрдүн укуктары жөнүндө мыйзамдардын колдонулушун чектебестен, Макулдашуучу тараптардын кийлигишүүсү төмөнкүлөр үчүн демилгелениши мүмкүн:
а) негизсиз басмырлоочу бааларды же иш-аракеттерди болтурбоо;
б) керектөөчүлөрдү авиа ташуучулардын үстөмдүк абалын кыянат пайдалануудан же макулдашылган иш-аракеттеринен улам келип чыккан негизсиз жогору же негизсиз чектөөчү баалардан коргоо; жана
в) авиакомпанияларды түздөн-түз же кыйыр мамлекеттик субсидиялоодон же колдоодон улам жасалма түрдө төмөндөтүлгөн баалардан коргоо.
12-берене. Адилеттүү атаандаштык
1. Эки Макулдашуучу тараптын тең дайындалган авиакомпаниялары үчүн ушул Макулдашуу менен жөнгө салынган эл аралык аба ташууларында катышууга адилеттүү жана бирдей мүмкүнчүлүктөр болот.
2. Ар бир Макулдашуучу тарап зарыл болгон учурда экинчи Макулдашуучу тараптын авиакомпанияларынын атаандаштык абалына жагымсыз таасирин тийгизген бардык басмырлоо түрлөрүн же адилетсиз атаандаштык тажырыйбасын жокко чыгаруу үчүн өз мамлекетинин юрисдикциясынын чегинде кандай болбосун тиешелүү иш-аракетти жасайт.
13-берене. Коммерциялык иш
1. Ар бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы же авиакомпаниялары колдонуудагы мыйзамдардын жана эрежелердин алкагында экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында кызыкдар дайындалган авиакомпаниянын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн зарыл болушу мүмкүн болгон кеңселерди жана административдик, коммерциялык жана техникалык персоналды күтүүгө укуктуу.
2. Кеңселерди уюштуруу жана 1-пунктта көрсөтүлгөн персоналды жумушка кабыл алуу тиешелүү Макулдашуучу тараптын мамлекетинин чет өлкөлүктөргө тиешелүү Макулдашуучу тараптын аймагына келүүсүнө жана жүрүүсүнө уруксат берүүгө тийиштүү мыйзамдар сыяктуу колдонуудагы мыйзамдары менен жөнгө салынат. Жогорудагы 1-пунктка ылайык кеңселерге жалданган персоналга эмгек рыногунун абалына жана өнүгүшүнө карабастан арыз боюнча иштөөгө уруксат берилет.
3. Макулдашуучу тараптардын дайындалган авиакомпаниялары эки Макулдашуучу тараптардын аймагында тең өздөрүнүн ташуу документтери боюнча абада ташуу кызматтарын түздөн-түз да, өз агенттери аркылуу да улуттук валютада эркин сатууга укуктуу. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын же авиакомпанияларынын сатуу укугун, ошондой эле ар бир жактын мындай ташууларды сатып алуу укугун чектөөдөн карманат.
14-берене. Авиациалык коопсуздук
1. Макулдашуучу тараптар эл аралык укукка ылайык өздөрүнүн укуктарына жана милдеттенмелерине ылайык жарандык авиациянын коопсуздугун мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан коргоону камсыздоо боюнча алардын бири-бирине карата милдеттенмелери ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгүн түзгөндүгүн кайрадан тастыктайт. Эл аралык укукка ылайык өздөрүнүн укуктарынын жана милдеттенмелеринин жалпылыгын чектебестен, Макулдашуучу тараптар атап айтканда 1963-жылдын 14-сентябрында Токиодо кол коюлган Аба кемесинин бортунда жасалган бузуулар жана башка кээ бир актылар жөнүндө конвенциянын, 1970-жылдын 16-декабрында Гаагада кол коюлган Аба кемелерин мыйзамсыз басып алууга бөгөт коюу жөнүндө конвенциянын, ошондой эле 1971-жылдын 23-сентябрында Монреалда кол коюлган Жарандык авиациянын коопсуздугуна каршы мыйзамсыз актыларга бөгөт коюу жөнүндө конвенциянын жоболоруна жана 1988-жылдын 24-февралында Монреалда кол коюлган Эл аралык жарандык авиацияны тейлөөчү аэрапорттордогу мыйзамсыз зомбулук актыларына бөгөт коюу тууралуу Протоколго, же Макулдашуучу тараптар жана алардын мамлекеттери катышуучу болуп эсептелген авиациялык коопсуздук боюнча башка эл аралык келишимдерге ылайык иш алып барышат.
2. Макулдашуучу тараптар суроо-талаптар боюнча бири-бирине жарандык аба кемелерин мыйзамсыз басып алуу актыларын жана бул аба кемелеринин, анын жүргүнчүлөрүнүн жана экипажынын коопсуздугуна, аэропортторго жана аэронавигациялык жабдыктарга каршы башка мыйзамсыз актыларды, ошондой эле жарандык авиациянын коопсуздугуна каршы башка коркунучту болтурбоо үчүн зарыл болгон бардык жардамды көрсөтүшөт.
3. Макулдашуучу тараптар Эл аралык жарандык авиация уюму тарабынан белгиленген жана Конвенцияга карата тиркемелер деп аталуучу авиациялык коопсуздук боюнча жоболорго жана техникалык талаптарга ылайык, бул авиациялык коопсуздук боюнча жоболор жана техникалык талаптар Макулдашуучу тараптарга карата колдонулган даражада иш алып барышат. Макулдашуучу тараптар алардын каттоосуна тиешелүү аба кемелерин эксплуатациялоочулардан же негизги иштеген жери же туруктуу жүргөн жери алардын аймагында жайгашкан аба кемелерин эксплуатациялоочулардан авиациялык коопсуздук боюнча ушундай жоболорго ылайык аракеттенүүнү талап кылышат.
4. Ар бир Макулдашуучу тарап мындай аба кемелерин эксплуатациялоочуларга жогорудагы 3-пунктта эскертилген авиациялык коопсуздук боюнча жобону сактоо жөнүндө талап коюлушу мүмкүндүгүнө, аларды экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына келгенде же аймагынан учканда же аймагында болгондо ошол Макулдашуучу тарап талап кылышына, анын ичинде Латвия Республикасына карата Европа Бирлигинин укугун сактоо талабы коюлушуна макул болушат. Өз мамлекеттеринин колдонулуучу мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык ар бир Макулдашуучу тарап анын аймагында аба кемесин коргоо жана конуунун же жүктөөнүн алдында жана учурунда жүргүнчүлөрдү, экипажды, кол жүгүн, багажды, жүктү жана борттук запастарды текшерүү боюнча адекваттуу чаралардын натыйжалуу колдонулушун камсыз кылат. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын конкреттүү коркунучка жараша атайын жөндүү авиациялык коопсуздук чараларды көрүү жөнүндөгү кандай болбосун өтүнүчүн дагы ак ниеттүү карайт.
5. Жарандык аба кемесин мыйзамсыз басып алуу же бул аба кемелеринин, алардын жүргүнчүлөрүнүн жана экипажынын, аэропорттордун же аэронавигациялык жабдуулардын коопсуздугуна каршы башка мыйзамсыз актылар менен байланышкан инцидент учурунда же инцидент коркунучу жаралган учурда Макулдашуучу тараптар байланышты камсыз кылуу, ошондой эле мындай инцидентти же анын коркунучун тез жана коопсуз токтотууга багытталган башка тиешелүү чаралар аркылуу бири-бирине жардам көрсөтүшөт.
15-берене. Учуулардын коопсуздугу
1. Ар бир Макулдашуучу тарап экипажга, аба кемелерине же аларды эксплуатациялоого тиешелүү кайсы болбосун чөйрөдө экинчи Макулдашуучу тарап кабыл алган коопсуздук стандарттары боюнча консультацияларды каалаган убакта сурай алат. Мындай консультациялар суроо-талап келип түшкөндөн кийин отуз (30) күндүн ичинде жүргүзүлөт.
2. Эгер мындай консультациялардан кийин бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарап Конвенцияга ылайык ошол мезгилде белгиленген эң аз дегенде минималдуу стандарттарга барабар болгон кайсы болбосун тармактагы коопсуздук стандарттарын натыйжалуу сактабайт жана колдонбойт деп тапса, бул Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка бул сын-пикирлер жана ушул минималдуу стандарттарга ылайык келүү үчүн зарыл деп эсептелген кадамдар жөнүндө билдирет жана бул экинчи Макулдашуучу тарап тийиштүү түзөтүүчү аракеттерди көрөт. Экинчи Макулдашуучу тараптын он беш (15) күндүн ичинде же макулдашылышы мүмкүн болгон андан да көп убакытта тиешелүү аракеттерди жасабагандыгы ушул Макулдашуунун 5-беренесин колдонууга негиз болуп калат.
3. Конвенциянын 33-беренесинде эскертилген милдеттенмелерге карабастан, бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы же авиакомпаниялары тарабынан эксплуатацияланылуучу кайсы болбосун аба кемеси экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына же аймагынан учууда, экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында болгондо, негизсиз кечиктирүүгө алып келбеген шартта, экинчи Макулдашуучу тараптын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан бортто жана аба кемесинин айланасында аба кемесинин да, анын экипажынын да документтеринин жарактуулугун, ошондой эле аба кемесинин сырткы абалын жана анын жабдууларын текшерүүнүн (ушул беренеде "перрондук текшерүү" деп аталат) объекти болушу мүмкүн.
4. Эгерде кайсы болбосун мындай перрондук текшерүү же бир катар перрондук текшерүүлөр төмөнкүлөргө алып келсе:
а) аба кемеси же аба кемесин эксплуатациялоо Конвенцияга ылайык ошол учурга карата белгиленген минималдуу стандарттарга туура келбей тургандыгы жөнүндө олуттуу тынчсызданууга; же
б) Конвенцияга ылайык ошол мезгилде белгиленген коопсуздук стандарттарын натыйжалуу сактоодо жана колдонууда кемчиликтер бар экендиги жөнүндө олуттуу тынчсызданууга алып келсе, перрондук инспекция жүргүзгөн Макулдашуучу тараптын компетенттүү мамлекеттик органы аларга ылайык бул аба кемесине карата же бул аба кемесинин экипажына карата сертификат же лицензия берилген же жарактуу деп табылган талаптар, же аларга ылайык бул аба кемеси эксплуатацияланган талаптар Конвенцияга ылайык белгиленген минималдуу стандарттарга жооп бербейт же андан жогору эмес деп корутунду чыгарууга укуктуу.
5. Эгерде бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы тарабынан эксплуатацияланылып жаткан аба кемесине перрондук инспекция жүргүзүү максаттары үчүн жетүү мүмкүндүгүн берүүдөн ошол авиакомпаниянын же авиакомпаниялардын өкүлдөрү тарабынан баш тартылса, экинчи Макулдашуучу тарап жогорудагы 4-пунктта эскертилген мындай мүнөздөгү олуттуу тынчсыздануу пайда болот деген тыянак чыгарууга жана көрсөтүлгөн пунктта эскертилген корутундуларга келүүгө укуктуу.
6. Эгерде бир Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлиги перрондук текшерүүнүн, перрондук текшерүүлөрдүн, перрондук текшерүү жүргүзүү үчүн жетүү мүмкүнчүлүгүн берүүдөн баш тартуунун, консультациялардын жыйынтыктары боюнча же башкача түрдө мындай аракет авиакомпаниянын учууларынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл деген корутундуга келсе, ар бир Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлиги экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын же авиакомпанияларынын эксплуатациялоо уруксатын токтоосуз түрдө токтотуп туруу же өзгөртүү укугун өзүнө калтырат.
7. Бир Макулдашуучу тараптын жогорудагы 2 же 6-пункттарына ылайык кайсы болбосун аракети мындай аракетти кабыл алууга негиз жок болор замат токтотулат.
16-берене. Мыйзамдарды жана эрежелерди колдонуу
1. Бир Макулдашуучу тараптын мамлекетинин эл аралык аба каттамдарында иштеген аба кемесинин анын аймагына учуп келүүсүнө же учуп кетүүсүнө же көрсөтүлгөн аймактын ичинде болгон учурда мындай аба кемесин эксплуатациялоого тиешелүү колдонулуучу мыйзамдары экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясына же авиакомпанияларына карата колдонулат.
2. Бир Макулдашуучу тараптын мамлекетинин жүргүнчүлөрдүн, экипаждын, жүктүн же почтанын анын аймагына келишин же андан кетишин жөнгө салуучу, кирүүгө, чыгууга, эмиграцияга, иммиграцияга, бажы жол-жоболоруна, валютага, саламаттыкка жана карантинге тиешелүү формалдуулуктар сыяктуу колдонулуучу мыйзамдары экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын же авиакомпанияларынын аба кемеси көрсөтүлгөн аймактын ичинде болгон учурда ташылуучу жүргүнчүлөргө, экипажга, жүккө же почтага карата колдонулат.
3. Зомбулук, аба каракчылык актыларына, ошондой эле баңги заттардын контрабандасына каршы авиациялык коопсуздук боюнча чараларды кошпогондо, кайсы болбосун Макулдашуучу тараптын аймагы аркылуу түз транзит менен кетүүчү жана мындай максаттарга арналган аэропорттун аймагынан чыкпаган жүргүнчүлөр, багаж жана жүктөр жеңилдетилген гана текшерүүдөн өтөт.
4. Бир Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясы ташыган кайсы бир жүргүнчү экинчи Макулдашуучу тараптын өлкөсүнө кирүү боюнча колдонулуучу мыйзамдарды сактабаган учурда, авиакомпания мындай жүргүнчүнү алгачкы учкан өлкөсүнө же мындай жүргүнчүнү түшүрүү пунктуна өз эсебинен жеткирүүгө милдеттүү.
17-берене. Консультациялар
Макулдашуучу тараптардын авиациялык бийликтери тыгыз кызматташуу аракетинде ушул Макулдашуунун жана анын Тиркемесинин жоболорунун аткарылышын жана канааттандыраарлык сакталышын камсыз кылуу максатында мезгил-мезгили менен бири-бири менен консультацияларды жүргүзүп турат.
18-берене. Талаш-тартыштарды чечүү
1. Эгерде Макулдашуучу тараптардын ортосунда ушул Макулдашууну чечмелөө же колдонуу менен байланышкан кандайдыр бир талаш-тартыш жаралса, Макулдашуучу тараптар биринчи кезекте аны эки тараптуу сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө аракет кылышат.
2. Эгерде Макулдашуучу тараптар сүйлөшүүлөр аркылуу макулдашууга келишпесе, алар талаш-тартышты кайсы бир жакка же органга чечүү үчүн берүү жөнүндө макулдаша алат; эгерде алар макул болбосо, талаш-тартыш кайсы болбосун Макулдашуучу тараптын талабы боюнча - ар бир Макулдашуучу тарап жактан көрсөтүлүүчү бирден арбитрден, ал эми үчүнчүсү ушул көрсөтүлгөн эки арбитр тарабынан дайындалуучу арбитрден турган үч арбитрдин сотуна чечүү үчүн берилет. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптан талаш-тартышты арбитраждык сотто мындай сот аркылуу чечүүнү талап кылуу менен билдирүүнү дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн тартып алтымыш (60) күндүн ичинде арбитрди дайындайт, ал эми үчүнчү арбитр кийинки алтымыш (60) күндүн ичинде дайындалат.
Эгерде кайсы болбосун Макулдашуучу тарап көрсөтүлгөн мезгилдин ичинде арбитрди дайындабаса, Эл аралык жарандык авиация уюмунун Кеңешинин президенти кайсы болбосун Макулдашуучу тараптын өтүнүчү боюнча иштин талабына ылайык арбитрди же арбитрлерди дайындай алат. Бардык учурларда үчүнчү арбитр үчүнчү мамлекеттин талапкери болуп саналат жана арбитраждык соттун президенти катары иш алып барат. Арбитраждык сот өз чечимин көпчүлүк добуш менен кабыл алат. Бардык башка учурларда арбитраждык сот өзүнүн жол-жобосун белгилейт.
3. Макулдашуучу тараптар ушул берененин 2-пунктуна ылайык берилген кайсы болбосун чечимдерди аткарууга милдеттенет.
4. Эгер кайсы бир Макулдашуучу тарап ушул берененин 2-пунктуна ылайык берилген чечимди аткарбаса жана ошол себептүү экинчи Макулдашуучу тарап ушул Макулдашуунун алкагында биринчи Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясына же авиакомпанияларына берген кайсы болбосун укуктарды же артыкчылыктарды чектөөгө, токтотуп турууга же жокко чыгарууга болот.
5. Ар бир Макулдашуучу тарап өзүнүн арбитринин кызмат акысын төлөөгө байланыштуу чыгымдарды тартат; үчүнчү арбитрге сый акы төлөө жана анын зарыл чыгымдары, ошондой эле арбитраждын ишине байланыштуу төлөмдөр Макулдашуучу тараптардын ортосунда бирдей бөлүштүрүлөт.
19-берене. Түзөтүүлөр
1. Эгерде Макулдашуучу тараптардын биринин ушул Макулдашуунун кайсы бир жобосун, анын ичинде Тиркемесин өзгөртүү ниети болсо, анда ал ушул Макулдашуунун 17-беренесине ылайык консультациялардан кийин аткарылышы керек.
2. Ушул Макулдашуу жана анын Тиркемеси эки Макулдашуучу тараптын тең өз ара макулдугу аркылуу өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн. Мындай түзөтүүлөр жана толуктоолор ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор түрүндө киргизилет жана тактоочу же редакциялык мүнөзгө ээ болгон принципиалдуу эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кошпогондо, ушул Макулдашуунун 22-беренесинин жоболоруна ылайык күчүнө кирет.
20-берене. Каттоо
Ушул Макулдашуу жана ага карата бардык түзөтүүлөр Эл аралык жарандык авиация уюмунда катталат.
21-берене. Токтотуу
Кайсы болбосун Макулдашуучу тарап каалаган убакта экинчи Макулдашуучу тарапка ушул Макулдашуунун күчүн токтотуу чечими тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирүүнү дипломатиялык каналдар аркылуу жибере алат. Мындай билдирүү бир эле мезгилде Эл аралык жарандык авиация уюмуна жөнөтүлөт. Ушул Макулдашуу өз күчүн эгерде билдирүү көрсөтүлгөн мөөнөт өткөнгө чейин макулдашуу боюнча кайтарып алынбаса, экинчи Макулдашуучу тарап билдирүүнү алган күндөн тартып он эки (12) ай өткөндөн кийин токтотулат. Экинчи Макулдашуучу тараптын билдирүүнү алгандыгы тууралуу ырастамасы жок болгон учурда, Эл аралык жарандык авиация уюму билдирүүнү алган күндөн он төрт (14) күн өткөндөн кийин билдирүү алынды деп эсептелет.
22-берене. Күчүнө кириши
Макулдашуучу тараптар ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор алар тарабынан аткарылгандыгы тууралуу жазуу түрүндөгү акыркы билдирүүнү дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн тартып ушул Макулдашуу күчүнө кирет.
20___-жылдын "___" ___________ _______________ шаарында эки түп нускада ар бири кыргыз, орус, латыш жана англис тилдеринде түзүлдү. Бардык тексттер бирдей аутенттүү болуп эсептелет. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө айырмачылыктар келип чыккан учурда, Тараптар англис тилиндеги текстти пайдаланышат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Латвия Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Латвия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба каттамы жөнүндө макулдашуунун тиркемеси |
Маршруттардын расписаниеси
1. 1-маршруттар.
Кыргыз Республикасынын дайындалган авиакомпаниясы же авиакомпаниялары тарабынан эксплуатациялоо үчүн багыттар:
Чыккан жери | Орто аралык пункттар | Барган жери | Аймактан тышкары пункттар |
Кыргызстандагы пункттар | Аныкталууга тийиш | Латвиядагы пункттар | Аныкталууга тийиш |
Кайсы болбосун пункттар |
| Кайсы болбосун пункттар |
|
2. 2-маршруттар.
Латвия Республикасынын дайындалган авиакомпаниясы же авиакомпаниялары тарабынан пайдалануу үчүн багыттар:
Чыккан жери | Орто аралык пункттар | Барган жери | Аймактан тышкары пункттар |
Латвиядагы пункттар | Аныкталууга тийиш | Кыргызстандагы пункттар | Аныкталууга тийиш |
Кайсы болбосун пункттар |
| Кайсы болбосун пункттар |
|
3. Эгерде Макулдашуучу тараптардын авиациялык бийликтеринин ортосунда бул жөнүндө макулдашуу түзүлбөсө, орто аралык пункттардын же экинчи Макулдашуучу тараптын аймагынан тышкары жана аймагынын ичиндеги пункттардын ортосунда эч кандай бешинчи эркиндик укуктары колдонулбайт.
4. Орто аралык пункттар жана/же ушул Тиркемеде көрсөтүлбөгөн Макулдашуучу тараптардын аймактарынын чектеринен тышкары пункттар Макулдашуучу тараптардын авиациялык бийликтеринин ортосунда макулдашуу боюнча аныкталат.
5. Коддорду биргелешип пайдалануу.
Келишимдик линияларда санкцияланган ташууларды жүзөгө ашыруу же сунуштоо менен, бир Макулдашуучу тараптын кайсы болбосун дайындалган авиакомпаниясы төмөнкүлөр менен коддорду биргелешип пайдалануу тууралуу макулдашуу түзө алат:
- бир эле Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясы же авиакомпаниялары менен,
- экинчи Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясы же авиакомпаниялары менен, же
- үчүнчү өлкө экинчи Макулдашуучу тараптын авиакомпаниялары менен башка авиакомпаниялардын ортосунда ушундай үчүнчү өлкөгө, ал өлкөдөн жана ал аркылуу ташуу жөнүндө салыштырылуучу макулдашууларга уруксат берген же жол берген шартта үчүнчү өлкөнүн авиакомпаниясы же авиакомпаниялары менен бардык авиакомпаниялар ушундай макулдашууларда төмөнкүлөрдү аткарган шартта:
- көрсөтүлгөн маршруттарды жана участокторду эксплуатациялоо үчүн тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ болсо, жана
- ал же алар саткан кайсы болбосун билетке карата, сатуу пунктунда сатып алуучуга кайсы авиакомпания ар бир учуу участогун иш жүзүндө аткара тургандыгы жана сатып алуучу кайсы авиакомпания же авиакомпаниялар менен келишимдик мамиледе экендигин түшүндүрөт.
Макулдашуучу тараптардын экөө тең коддорду биргелешип пайдалануу жөнүндө макулдашуунун алкагында аткарылуучу ташуулар эки тараптуу макулдашылган жыштыкка карата укукка кошулбоого тийиш экендигине макул болушту.