Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарынын X чакырылыштын 4-сессиясынын 2-кезектүү сессиясы
2025-жылдын 4-февралы №3
Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак Моюн тазалык муниципалдык ишканасына “ Айыл- Банк” аркылуу лизингге техника алуу жөнүндө
X чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин 4- сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кенеши карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Ак-Моюн Тазалык муниципалдык ишканасына «Айыл Банк» аркылуу лизингге
- ХОВА ТХ 371л.с.(каммерциялык сунуштаманын негизинде)
41 000 (кырк бир миӊ )АКШ доллары же 3 608 000 (үч миллион алты жүз сегиз миӊ ) сомго жылдык 17% менен 3 –жылдык мөнөткө алынсын.
2. Лизингге өздүк салым катары техниканын жалпы баасынын 30% же 1 100 000 (Он эки миӊ беш жүз ) АКШ доллары же 1 100 000( Бир миллион бир жүз миӊ) сом
«Айыл Банк» алдын ала которулуп берилсин.
3. Банктын талаптарына ылайык алынган техникага 55 000 (элүү беш миӊ) сомго 3-жылга камсыздандырылсын жана ал сумма да «Айыл Банкка» алдын ала которулуп берилсин.
4. ехниканы оформление кылууга 10 000 (он миӊ )сом өзүнчө которулуп берилсин.
5. Техниканы растоможка кылууга2 500 ( эки миӊ беш жүз ) АКШ доллары же 220 000 (эки жүз жыйырма миӊ ) сом которулуп берилсин.
6. Лизингге алынган насыяны өз мөөнөтүндө пайыздары менен чогуу төлөп берүү «Ак-Моюн Тазалык» муниципалдык ишканасынын бюджетинен жана Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебиненжүргүзүлсүн жана эки тарапка өз убагында бул милдеттемени аткарууга бирдей милдеттендирилсин.
7. Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына, «Ак-Моюн Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчисине «Айыл Банктан» лизингге техника алууга жазуу түрүндө уруксат берүүгө, «Айыл Банк» менен кепилдик келишимин түзүүгө жана кол коюуга жана башка лизингге байланыштуу иш-аракеттерди жүргүзүүгө укук берилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн БЭФ башчысы С.Султанбеков жана бухалтери Г.Акматбекова жана тиешелүү кызматкерлерге милдеттендирилсин;
9. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, www.ak-moyun.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;
10. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Алакуновго тапшырылсын жана өзүмө калтырам.
Төрага: | Б. Султангазы уулу |