Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 5-февралы № 2778-VII «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин жана «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлоруна карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан сунушталган түзөтүүлөрдүн кабыл алынышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 2778-VII
Кабыл алынган
2025-жылдын 5-февралы
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

Каттоо жана жарыялоо

Каттоо
№ 80 · 2025-жылдын 11-февралы
Жарыялоо
www.kenesh.kg · 2025-жылдын 5-февралы
Реестрде
2025-жылдын 11-февралы

Реестрде

Минюст коду
230023346

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция05.02.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 5-февралы № 2778-VII

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин жана "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлоруна карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан сунушталган түзөтүүлөрдүн кабыл алынышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Элдик" депутаттык тобунун жана "Ынтымак" парламенттик фракциясынын 2025-жылдын 4-февралындагы № 251 чечиминин негизинде, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин жана "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлоруна карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан сунушталган түзөтүүлөрдүн кабыл алынышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - Комиссия) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

1) Дж.Д.Нышанов - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

2) М.М.Мураталиев - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;

3) Б.З.Түлөбаев - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;

4) Ч.А.Айдарбеков - "Альянс" парламенттик фракциясынан;

5) Э.Т.Токтошев - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

6) С.А.Айжигитов - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;

7) Б.А.Калпаев - "Мекенчил" депутаттык тобунан;

8) А.К.Малиев - "Элдик" депутаттык тобунан;

9) Д.А.Джумабеков - № 20 Манас бир мандаттуу шайлоо округу боюнча.

2. Зарылчылык болгондо Комиссия бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын адистерин жана эксперттерин ишке тартууга укуктуу.

3. Комиссия 2025-жылдын 5-майына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жүргүзүлгөн иштин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берсин.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

 

 

 

Н.Сыдыгалиев

 

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.